«ДАРАК ЫРЫ» ЭЛ АРАЛЫК ФЕСТИВАЛДАРДА КӨРСӨТҮЛҮП, МЫКТЫ БААГА АРЗУУДА

АКШнын Калифорния штатында эл аралык "Палм Спрингс" кинофестивалы жыйынтыкталды. Аталган кинофестивалда Айбек Дайырбеков режиссёрлук кылган "Дарак ыры" тасмасы көрсөтүлгөн.

– "Дарак ыры" тасмасы 9-13-январь аралыгында Калифорниянын Палм Спрингс шаарында өткөн эл аралык сынакта көрсөтүлдү. Тасманы көрүүгө келгендердин санын так билбейм, себеби өзүбүз бара алган жокпуз. Ал эми аталган кинофестивалда тасмабыздын көрсөтүлүшүнө индиялык режиссёр Жатла Сиддартха себепчи болгон. Аны менен өткөн жылдын октябрь айында Түштүк Кореядагы Пусан кинофестивалында таанышып калган элем. Жатла Сиддартхага "Дарак ыры" тасмабыз аябай жагыптыр. Ал мага "Палм Спрингс" эл аралык кинофестивалы тууралуу маалымат берип, катышууну сунуштап калды. Ошентип кинофестивалдын тандоочусунун электрондук дарегин берип: "Катышуу тууралуу арызыңарды жазып, тасманы жөнөтө бергиле. Эгер комиссиянын тандоосунан өтсө тасманы фестивалга алат",- деген. Жыйынтыгында "Дарак ыры" эл аралык абройлуу кинофестивалдардын биринде көрсөтүлүп калды. Буга чейин аталган кинофестивалда "Курманжан датка" жана "Сүтак" тасмалары көрсөтүлгөн экен,- дейт ал.

Маалым болгондой, кинофестивалга 70тен ашуун өлкө катышып, анда 250дөн ашык тасма көрсөтүлгөн.

Ошондой эле "Дарак ыры" тасмасы Бангладештин Дакка шаарында өтүп жаткан эл аралык кинофестивалда "Азиялык тасмалар" сынак программасында гран-приге ээ болду.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 847, 25-31-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан