3000дей КЫЗГА СЕП ЖАСАГАН КУРАКЧЫ АКЕ КОЗУБАЙ МАМАТОВ

Биздин бүгүнкү каарманыбыз эркектердин арасынан чыккан уз, чебер Козубай Маматов. Ал 50 жылдан бери төшөк курап, кийим тигип, сайма сайып, кыздарга сеп да даярдап келет. Козубай ата Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек айылынын тургуну.


«БАШ-АЯГЫ 3000дей КЫЗДЫН СЕБИН ДАЯРДАДЫМ»
– Жашым 71ге карады, 3 уул, 2 кызым бар. Баары үйлөнүп-жайланды. Эң кичүү уулум үй-бүлөсү менен колубузда. 16 неберем бар. Мени эл «куракчы, тикмечи аке», «кыздарга сеп даярдаган аке» деп билишет.
Мага 50 жылдан бери кызмат өтөп келе жаткан кол машинам бар. Ал 1950-жылы чыгарылган. Ал машинаны колдонуп, буюртма менен эркек, аялдарга, балага да көйнөк, костюм-шым, юбка, чапан, чыптама, шым дегендерди тигип келе жатам. Кыздарга сеп даярдайм. Жер төшөк, жаздык, туш кийиз курайм. Сайма сайып, жууркан каптайм. Баш-аягы 50 жыл ичинде 3000дей кызга буюртма менен сеп даярдадым десем болот. 2 кызымдын себин да өзүм даярдагам. Элдин кыздары себин көрсөтүп «апамдын кол иши» деп мактанса, менин кыздарым «атамдын кол иши» деп мактанышат. Буюртма айылдан гана эмес, Баткен шаарында жашагандардан бери түшөт. Андыктан мен даярдаган септи же бир кийимди облус аймагындагылардын көбүнүн үйүнөн кездештирүүгө болот. Кудай буюрса, септин, кийимдин түрүн тиге бермекчимин.
Буюртмалардан тышкары тиккен кийим-кечектерибизди базарга чыгарып, сатып да калабыз. Учурда улуттук чапан, көйнөк, чыптамага суроо-талап көп. Кыз-келиндер үчүн кооз болсун деп оюм-чийимдерди курак кылып түшүрүп тигип берем. Орусия, Казакстан өңдүү чет өлкөлөрдө иштеген жердештер эс алууга келгенде «үйдөгүлөрдүн, же иштеген жерибиздеги кожоюндун, же таанышымдын буюртмасы» деп 5-10дон чапан, кемсел дегендерди тиктирип алып кетишет. Чет өлкөгө кетип калган жердештерибиз мага тиктирген кийимдерин ошол жакта да кийип жүрүшөт экен.


«ТАЕНЕМ ТИКМЕЧИ БОЛСО, АПАМ ТЕРИ УЛТАРЫП ТОН ТИКЧҮ»
– Бул шык, жөндөм өзүм менен кошо жаралган болсо керек деп ойлойм. Ал шыкты, жөндөмдү, албетте, эмгек өөрчүтүп, такшалтты. Мен кичинемден куракка, саймага, бычып-тигүүгө жакын болдум. Анткени таенем айылдагылардын баарынын кийим-кечектерин бычып, тигип берсе, апам тери иштетип, тон жасачу. Бутум баскандан эле апам менен таенемдин бутуна чалынып, алардын жип-шуусун, кайчы-теменелерин кармалап жүрүп, ал кесипке акырындап аралаша бериптирмин, көрсө. Мектепте окуп калганымда кийимдерди кыскартып, күйүп калган жерлери болсо кесип, кайра башкача кылып машинага тиге баштадым. Антип машина кармап калсам ата-энем «Каныңда бар да, тиге бер, уулум, кесиптин жаманы жок. Бул кесип аялдарга гана таандык эмес. Башкысы, жеген наныңды ак эмгек менен тапсаң болду» деп мени кубаттап коюшчу. Ошол кубаттоо да мага дем берди. 8-классымда мектептеги кыздар-балдар окшош форма кийиш керек деген указ чыкты. Эркек балдардыкы жеңилирээк, шым менен ак көйнөк кийип бара берет. Кыздарга форма менен фартук зарылдыгы чыкты. Бирок алар дүкөндөрдө жок. Бизге француз тилинен сабак берген эжекебиз мени чакырып «мен ата-энелерге айтып, кыздар үчүн форма, фартукка материал таптырып, аларды бычып берейин. Сага жардамчы кылып 2 кыз кошоюн, формаларды тиккиле» деди. Макул болуп, сабактан бошогондо эле үчөөбүз тиге берип, мектептеги кыздардын баарын форма, фартук менен жабдып салдык. 400 кызга тиктик окшойт. Ошондо атым дүң дей түштү. Баары мактап жатып калышты. Эми араларында «аялдын ишин кылып...» дегендер да болбой койгон жок дечи, бирок алардын сөзүн башкалардын «керекке жараган уул» деген мактоолору жаап кетти.
Дос балдарга алар айткандай «модный» шымдарды тигип берчүмүн. Ошентип майда заказдар мектепти бүткүчө эле түшүп жатты. Бул шык-жөндөмдү өстүрүп окуюн деп мектепти бүткөн соң борбор калаага барып, №17 кесиптик окуу жайга тапшырдым. Бирок үйдөн алыс чыкпаган жаным шаардык жашоого көнбөй, үйдү сагынып көп өтпөй келе бердим. Мектепте кол эмгек мугалими кылып иштетип коюшту. 1 жыл иштеген соң аскерге кеттим. Ал жерден менин тикмечилигимди билишип, 1 кол машина беришти. Ошол машина менен 500 жоокердин чоң кийимдерин кичирейтип, жыртыгын жамап дегендей 2 жыл кызмат өтөдүм.


«ЭЛДИН ЭРКЕК КИШИ КУРАК КУРАЙТ ЭКЕН ДЕП ТАҢ КАЛГАНДАРЫНА КӨНҮП КАЛГАМ»
– Айылга келип совхоздун тиричилик комбинатында иштеп жүрүп үйлөндүм. Келинчегим менен жаңы таанышканда кесибимди сурады эле, айттым. Анда ал «кайра жакшы, көйнөк, чапанымды өзүң тигип берет экенсиң» деп күлүп жатпайбы. Ошентип үйлөнгөм. Байбичем ошондон бери менин жардамчым. Кызга сеп үчүн төшөк, жаздык курасам, ал пахтасын салып, кабыйт дегендей.
Анан окуп, билим алуу зарылдыгы пайда болгонунан кайра баягы таштап койгон окууга, борбор калаага барып, 1 жыл окудум. Айылга келип тиричилик комбинатында 1 орундан жылбай 30 жыл бычмачы, тигүүчү болуп эмгектендим. Кийин Союз менен кошо тиричилик комбинаты жоюлуп кетти. Жетекчилик мага өзүм тигип жүргөн кол машинаны эстеликке беришти. Ошол машина баш-аягы 50 жылдан бери мага кызмат өтөп келе жатат. Союз жоюлган соң айылда 4-5 жыл кол эмгек сабагынан мугалим, кийин кесиптик лицейде 10 жыл иштедим. Акыры пенсияга чыгып, кол машинам менен тиричилик кылып келе жатам.
Уул-кызым менин кесибим менен сыймыктанышат. Анткени ушул кесиптин аркасы менен аларды багып, жогорку окуу жайларга окутуп, үйлөнтүп-жайланттым. Менин ишимди эң кичүү уулум менен бир кызым алып кетчүдөй. Мага элдин «эркек киши курак курап, төшөк тигет экен» деп таң калгандары көндүм болуп калган. Башкысы, мен өзүм сүйгөн кесипти аркалап келем
.


Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
Nevestkaa
2019-02-05 09:22:10
Көөөп жашаңыз.Эркек эмес аялдар да бар көк ийненин көчүгүн түртө албаган чоркоктор.
+33
begalove
2019-02-05 16:22:08
Биздин айылдан болот сонун кылып тигет.
+10
Busi06
2019-02-05 16:28:20
Азаматсыз Баткендиктер ушундай кыйын келет аркалыктар билип алгыла)) Баткендиктер мн азилдешпей жургуло)))
-12
Kuiooluu
2019-02-05 23:18:27
Busi06,болунгонду боору жейт дейт фитна чыгарбай жон эле отурасын го дейм алтыным
+11
newman
2019-02-06 12:47:39
Busi06, антип тамаша кылып да элди болбогун тууган.
+9
Mama-Yasmin
2019-02-07 20:22:30
Busi06 болунбой журсон...
+1
Aiymkunumjyldyzym
2019-02-05 21:54:17
Super info,myncha boldu nomerin dele surap jazyp koigulachy
+4
Нурай
2019-02-06 14:06:46
Super info,тери ултарылбайт го?
-2
guli-1980
2019-02-06 19:03:30
мен окуган мектепте кол эмгектен сабак берчу. мектепте пол жууган аялга уйлонгон эле экинчи жолу аны мн жашабай калганбы?
-7
Kgda
2019-02-11 23:18:03
guli-1980, Причем тут пол жууган аялы.
+1
Skarlett-Skarlett
2019-02-07 11:25:06
Колунузга дарт жукпасын!Бар болунуз,коп жашаныз ылайым!
+1
Akzyinat1993
2019-02-12 07:28:11
Кандай аялга кимге уйлонот силерге эмне?туугандар.биз сразу эле бироонун личный жашоосуна кирип кетебиз,бул жерде адамдын кол онорчулугу кесиби боюнча соз болуп жатат.абанын жашын берсин бизге дагы.дагы да узак жашап эл керегине жарап денсоолукта омур сурсун.
0
№ 848, 1-7-февраль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан