Картаюу жана өлүү – бул мыйзам ченемдүү, адам кутула албай турган көрүнүш. Бирок илим-техника өскөн сайын адам картаюунун алдын алып, узак жашоо жолун издеп-таап жатат. Эмесе, картаюу эмнелерден улам келип чыгарын, кантип алдын алууга болорун карап көрөлү.
КАРТАЮУ 38 ЖАШТАН БАШТАЛАТ
Окумуштуулар адамдын картайышынын себептери боюнча түрдүү пикирлерди айтып келишет. Алардын негизгилери төмөнкүлөр.
ОРГАНДАРДЫН ЖАҢЫРУУСУНУН ЧЕКТЕЛИШИ
Адамдын жашоосунда анын органдарынын кээ бири көп ирет, айрымдары бир да жолу жаңыланбайт.
Мээ эч качан жаңырбайт. Мээнин окуп-үйрөнүү, эс-тутум боюнча жооп берген бөлүгү – гиппокамп гана күн сайын жаңы нейрондор менен толукталат. Бирок алардын баары жашап кетпейт. Мээнин башка бөлүктөрү эч качан жаңыланбайт. 38 жашта мээ нерв клеткаларын иштеп чыгаруучу миелин затын бөлүп чыгарууну токтотот. Ошондон тарта кыймыл, ой жүгүртүү, кабыл алуу сыяктуу процесстер жайлайт. Окумуштуулар адамдын картаюусу дал ошол миелин заты иштелип чыкпай калган убактан башталат дешет.
Көз эч качан жаңырбайт. Бир гана көздүн кабыкчасынын (роговица) клеткалары 7-10 күн сайын жаңырат.
Өпкө альвеолдор 11-12 ай сайын, өпкөнүн бетиндеги клеткалар
14-21 күн сайын “жашарып” турат. Калгандары эч качан жаңырбайт.
Жүрөк эч качан жаңырбайт.
Боор 1 жылда жаңырат. Боордун клеткалары 300-500 күндө жаңыланып турат. Андыктан бир адамдын боорунун бир бөлүгүн алып башкага салганда боор 1 жылда калыбына келип калат.
Ашказан эч качан жаңырбайт. Болгону былжыр челинин бетиндеги клеткалар туз кычкылынын таасири астында жашоосу кыска болуп, ар бир 5 күндө жаңырып турат.
Бөйрөк, көк боор 300-500 күндө, ичеги 16 жылда, тери (эпидермис) 2 аптада, булчуң 15 жылда, кан 120-150 күндө, скелет 10 жылда жаңырат.
Демек, ар бир органдын жаңыруу лимити бар. Ал түгөнгөн соң орган жаңыруусун токтотот. Лимиттен тышкары органдардын картаюу процесси да бар. Бирок органдарга күч келтирүү менен аларды бат-бат жаңырууга жана органдарды убактысынан эрте картаюуга жеткизип, лимитти эрте түгөтүп коюуга болот. Мындайда адам өзү теңдүүлөрдөн эрте картаят. Лимитти эрте түгөтпөй туура колдонсо, ден соолукка кам көрүп, туура тамактанса анда адам кеч картаят.
Лимитти эрте түгөтүүгө, органдарды эрте картаюуга жеткирүүчү себептер: курамында даам жана жыт берүүчү заттары бар азыктар, тамеки тартуу, алкоголдук ичимдиктерди ичүү, ар түрдүү оорулар, организмде эркин радикалдардын көбөйүшү, күндүн ультра сыя көк нурлары, радиация. Ошондой эле адамдын социалдык абалы, стресстер, жаман экология, органдарда зыяндуу заттардын топтолушу. Адамдын органдары бүт бири-бири менен тыгыз байланышта. Мисалы, бир органда оору жаралса жана аны айыктырбаса, анда сезгенүү башка органдарга өтүп, аларда да дарт пайда болот.
ЭРКИН РАДИКАЛДАРДЫН КӨБӨЙҮШҮ
Зат алмашуу процессинде эркин радикалдар (туруктуу эмес молекулалар) бөлүнүп чыгып турат. Андыктан тигил же бул органды убагында тазалап турбасак радикалдар көбөйүп, клеткалардын иштөөсүн бузат, түрдүү ооруларды, ракты жаратат. Радикалдар тоок грилди, картошка калдырканын, фаст-фуддарды, куурулган тамактарды көп жегенден жаралат.
КАРТАЮУНУН КАНТИП АЛДЫН АЛУУГА БОЛОТ?
Эрте же кеч картаюуга гендин да таасири чоң. Мисалы, ата-тегиңиз, чоң ата-чоң апаңыз, өз ата-энеңиз узак жашаган болсо, сизде да мүмкүнчүлүк бар.
Картаюунун алдын алуу үчүн клеткаларга азык болчу жашылча, жемиштерди жеп, ооруган жерди дароо айыктыруу, сергек жашоо образын кармануу, спорт менен алектенүү, 30 жашка чейин сөөктөрдө кальцийди жетишерлик өлчөмдө топтоо керек. Күндүн зыяндуу нурунан коргонуу, органдарды убак-убагы менен тазалап туруу, туура тамактануу, тери үчүн крем, лосьондорду колдонуу кажет. Стресстен чыгуу жолун билүү, мээ жакшы иштеп, эс-тутум мыкты болуу үчүн жаңы нерселерди үйрөнүү зарыл.
КАЙСЫ ОРГАН КАНЧА ЖАШТА КАРТАЯ БАШТАЙТ?
Мээ 24 жаштан
20 жаштан кийин мээнин клеткалары акырындык менен азая баштайт. Ойлоо, кабыл алуу, жаңы маалыматтарды өздөштүрүү, билген-укканды, абалды анализдөө, чечим чыгаруу жайлап бара берет.
Көз 40 жаштан
Көздүн булчуңдарынын начарлашынан жана көздү туура эмес пайдалануудан (мисалы, кечке компьютерде отуруу, дамамат узак жолдо унаа айдоо) көрүү начарлайт. Глаукома, катаракта сыяктуу оорулардын алдын алып офтальмологго барып текшерилип, өзгөрүүлөр болсо дарылануу зарыл.
Өпкө 35 жаштан
35тен кийин өпкөнүн көлөмү билинбей кичирейүүгө өтөт. Булчуңдары жана дем алууну көзөмөлдөө процесси начарлайт. Андыктан карыларда пневмония оорусу көп жолугат.
Жүрөк 40 жаштан
Жаш өткөн сайын кан тамырлардын серпилгичтиги жоголуп, канды жайдан айландырып калат. Туура эмес тамактануудан артерияларда холестерин түйдөкчөлөрү туруп калып, кан жай өтүп калат. Кан басым жогорулайт, ткандарды кан менен жабдуу бузулат.
Боор 70 жаштан
Жаш өткөн сайын анын өлчөмү жана салмагы акырындык менен кичирейип баштайт. Ууларды зыянсыздандыруу функциясы начарлайт.
Ашказан 55 жаштан
Булчуңдары жана ашказандын иштөөсү начарлайт. Ашказан ширеси менен туз кычкылы аз бөлүнүп чыгып калат. Бул тамактын сиңишин, ичегиде сиңирилишин кыйындатат. Демек, ичегилерде инфекция көбөйөт, ич катуу же ич өтүү күтүлүшү ыктымал.
Бөйрөк 35-50 жаштан
Бөйрөктө зыяндуу заттар канча бир өлчөмдө топтолуп калат да иштеши начарлайт. Ооруларга чалдыгуу коркунучу жогорулайт. 70 жашта 30 жаштагы куракка салыштырмалуу бөйрөк 2 эсе начар иштейт.
Жыныстык систем 35 жаштан
Эркектерде уруктуктун сапаты, эрекция начарлай баштайт. Урук чыктагыч бези болжол менен 50 жаштарда картая тургандыктан эркектер простатиттен, аденомадан жапа чегүүгө өтөт. Ден соолугуна карабаган айрымдар простатитке эрте эле кабылат.
Аялдарда 35 жаштан кийин жумуртка клеткаларынын саны, жыныстык гормондордун деңгээли төмөндөйт. Бойдон түшүп калуу коркунучу жогорулайт.
Табарсык 65 жаштан
Табарсыктын булчуңдары бошойт. Адам бат-бат даарат ушатып, ал тургай заарасын кармай албай калат. Андыктан табарсык бат-бат сезгенип, ооруйт. Аялдар өзгөчө көп азап тартат (төрөттүн залалы).
Скелет 35 жаштан
Жаш өткөн сайын сөөктүн жаңылануу ылдамдыгы азаят, алсыз тартат. Сынуу, жарака кетүү коркунучу күчөйт. Сөөктүн бүтүү процесси жайлайт. Кыймылдаганда, иш кылганда бел, омуртка, кол-бут ооруйт.
Тери 20 жаштан
Тери билинбей жукарып, өңү өзгөрүлөт. Серпилгичтиги жоголо баштайт, бул теридеги коллаген менен эластиндин азайышы менен түшүндүрүлөт.
Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg