«КУМТӨРДҮ» УЛУТТАШТЫРУУ КЫРГЫЗСТАНГА КАНДАЙ КЕДЕРГИСИН ТИЙГИЗЕТ?

Оппозиция кайрадан «Центерра» менен болгон келишимди денонсациялоону жана алтын кен өндүрүп, өлкөнүн «акчалай коопсуздугу» болгон ишкананы улутташтыруу маселесин көтөрүп чыкты.
Көптөн бери козголбой калган «Кумтөрдү» улутташтыруу маселеси өткөн жылдын күз айларында кайра козголду. Анда 24-ноябрда мурунку жана азыркы президенттердин ишине баа берүү үчүн чогулган Элдик курултайдын катышуучулары күтүүсүз жерден «Кумтөрдү» да эстеп кетишти.
Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Ахматбек Келдибеков «Центерра» менен болгон келишимди денонсациялоого чакырган. Анын колдоочулары бул чакырыкты кошумчалай, «Кумтөрдү» мамлекетке кайтаруу керек экендигин, алтын кен кыргыз элине гана пайда алып келишин айтышты.
Айтчулардын баарын айтып, бийликтин реакциясын күтүп калышты. Бирок бийликтин эч реакциясы жок. Өкмөт «Центерранын» жетекчилери менен сүйлөшүүлөргө чекит коюуга шашылбай эле.
2017-жылы стратегиялык макулдашууну ары-бери калчап, мындан дагы артык преференцияга ээ болууга үмүт этип кармап турат.
Курултайга келгендердин чыдамы түткөн жок. Эгерде министрлер кабинети бул маселени чече албай жатса, анда өздөрү колго алуу керек. 28-январда президенттин катышуусу менен өтө турган Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жыйыны болор алдында, активисттер «Кумтөр» боюнча өздөрүнчө чогулуш өткөрүшкөн. Анда эки мыйзам долбоорун көтөрүп чыгышкан – макулдашууну денонсациялоо жана кенди улутташтыруу.
– Эгер биздин саясий элита бул кадамга бара албай жатса, анда биз, эл аны түртмөлөшүбүз керек! Бизде жүз миллиондогон долларды мыйзамсыз алып чыгуулар боюнча фактылар, экс-премьер-министрлердин, Кыргызстандын мурунку мамлекеттик катчысы Дастан Сарыгуловдун көрсөтмөлөрү бар... Эл аралык сотторго «Центерра» менен келишим коррупция жолу менен ишке ашканын далилдейбиз!- деди эки революциянын «бульдозери» Азимбек Бекназаров.
Саясатчы эч нерседен коркпогонго чакырды. Ишкананын ээси алмашса иш процессине эч кандай таасирин тийгизбейт деген пикирде. Бирок бир учур эске алынбай калды, мындай гигантты Кыргызстан башкара алабы? Кошумча арбитраждык сот менен ызы-чууга илешүү мамлекеттин аброюна таасирин тийгизбейби? Тескерисинче, инвесторлор кичинекей, бирок намыскөй өлкөдө мыйзам сакталабы карашат да, мамлекеттин экономикасына салым кошуп өз каражатын берүү үчүн кезекке турушат. Мейли, эксперттер, бизнес-коомчулугу мамлекеттик түзүмдөрдөгү гүлдөгөн коррупция тууралуу, инвесторлордун сот органдарына болгон ишеничтин жоктугу, кен чыккан жерлердеги каршылашуулар тууралуу саймедирешсин. Мунун натыйжасы – өткөн жылы мамлекетке чет жерден элдик инвестициялардын үчтөн бирге кыскарганы болушу толук мүмкүн. Негизи сандар өзгөрүлбөс өжөр нерсе дегенибиз менен, саясатчылар андан да өжөр келишет. Аларга бир гана «Кумтөр» керек.
Албетте, «Кумтөр» керек. Бирок бир ууч оппозициячыл активисттерге гана эмес. Бүтүндөй мамлекетке! Алтын өндүрүүчү бир ишкананын моюнунда Кыргызстандын бүтүндөй экономикасы артылып турат. Мамлекеттин ИДПсындагы «Кумтөрдүн» үлүшү болжол менен 8 пайызды түзөт, ал эми жалпы өнөр жай өндүрүшүндө 20 пайыздан жогору. Андан сырткары 1994-жылдан 2017-жылга чейинки салыктар жана башка милдеттүү төлөмдөр 3,5 миллиард доллардан ашты.
Башка кайсы ишкана ушундай жогорку көрсөткүчтөрү менен мактана алат? Кайсы кен казуучу жай бул алтын кени жабылгандан кийин (кен баары бир бир күнү жабылат) бүтүндөй өлкөнү колдоо жүгүн өз моюнуна ала алат?
Азырынча тоо-кен тармагындагы адистер бир бүтүмгө келишти. Улутташтыруу жана канадалык инвесторлор менен келишимди денонсациялоо жөнүндө эмес. Айрым саясий күчтөр башка нерсени сүйлөп жатышат. Алтын кендин жабылуу убактысын узартуу жөнүндө ойлонуш керек. «Кумтөр» мамлекеттин пайдасы үчүн дагы көп убакытка иштесин.
Канадалык компания дүйнөдөгү эң ири алтын казуучу жайдын биринде иштөөсүн улантууну көңүлдөнүп жатканда бул учурду колдонуу керек. Азыркы учурда макулдашуудан баш тартуу эң акылсыз чечим.


Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
ernis_07
2019-02-05 14:44:19
Качан бийлик керек болгондо элге күйүмдүү көрүнгөн бир топ оппозиция Кумтөрдү козголот бийлике келгенде балык болушуп баарын унутушат. Урматтуу элдин атын саткан атка минерлер силер өлбөйсүңөрбү? Эсиң барда этегиңди жап деген жакшы сөз бар эсиңерге келгиле
+1
Alia82
2019-02-07 11:56:16
Садыр Жапаровду чыгаруу керек ал учун
0
pero5184
2019-02-10 22:10:00
Бир-эки адам бай жашоо үчүн,бүтүн бир өлкөнүн байлыгына тобекелчилик кылышканына таң калам
0
№ 848, 1-7-февраль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан