КАНАР АРАЛДАРЫ ЕВРОПАДАГЫ ЭҢ КҮНӨСТҮҮ ЖАЙ

Апельсин бактары, папайя, манго, пальмалар, 2 метрлик кактустар... Деңиз жана балык жыттанган аба, тоо, жээги ак жана кара кумдуу болгон пляждар жана учу-кыйыры көрүнбөгөн океан... Мындай сүрөттөлүштү сиз Канар архипелагынан гана көрө аласыз. Бул жай эмнеси менен туристтерди өзүнө тартып турат? Келиңиз, Канар аралдарына чогуу саякаттап келели.



КАНАР АРХИПЕЛАГЫ ТУУРАЛУУ

Өлкөсү – Испаниянын 17 автономдуу облусунун бири

Аянты – 7447 чарчы чакырым

Административдик борборлору – Санта-Крус-де-Тенерифе жана Лас-Пальмас-де-Гран-Канария

Калкынын саны – 2 101 924 (2016-жылга карата)

Расмий тили – испан

Дини – католиктер
(калкынын 84,9 пайызы)

Колдонулган акча бирдиги – евро

ТАРЫХЫ

Канар аралдары (Insula Canaria) – латын тилинен которгондо иттин мекени дегенди билдирет. Мындай аталышты бул аралда иттердин тоскоолдугуна кабылган римдиктер бергени айтылып келет. Байыркы Рим илимпозу Плиний Старшийдин айтуусуна караганда, Канар аралдарынын бирин ири породалуу иттер мекендеген экен. Дагы бир легендада “бул жерде итти ыйык тутуп, ага сыйынган эл жашаган. Мындан улам бул архипелаг иттер аралы деп аталып калган” деп жазылат. Архипелаг менен иттин байланышы бар экендигин анын гербине түшүрүлгөн эки иттин сүрөтүнөн да баамдоого болот. Айрымдар канарейка кушунун атынан улам Канар аралдары аталган дешет. Бирок изилдөөчүлөр “тескерисинче, канарейка кушу бул аралдардын атын алып жүрүшөт” деп бул маалыматты четке кагып келишет.

Канар архипелагы Атлантика океанындагы аралдар тобу, Африканын түндүк-батыш жээктеринен 100-120 чакырым аралыкта жайгашкан. Ал 7 ири аралдан жана майда бир нече аралчадан турат. Жанар тоонун атылышынан пайда болгон бул аралдардын 8инде гана эл жашап, өз тиричилигин кылышат. Негизги калкы – гуанчилер. Алар аборигендер болгону менен, европалыктарга окшош келишет. Узун бойлуу (2 метрге жакын), ак жуумал, көк көз, сары чачтуулар. Жергиликтүү калк дыйканчылык, багбанчылык, мал чарбачылыгы жана балык уулоо менен алектенишет. Бул чөлкөмдө банан, бадам, дан эгиндери, картошка, цитрус өсүмдүктөрү, тамеки, жүзүм, буурчак көп өстүрүлөт. Малдан эчки, кой, уй багышат. Калкы испан тилинде сүйлөшөт. Баса, бул аралдарда сильвадорлорду, тагыраагы, ышкырып сүйлөшкөндөрдү да көп кездештирүүгө болот. Алар 5 үндүү жана 4 үнсүз тамганын жардамы менен 4000ден ашык сөздү 3-8 чакырым аралыктан ышкырык аркылуу сүйлөшө алышат. Кызыгы, алардын бул тилин ит, кой, эчки сыяктуу мал жандыктары да түшүнүшөт.

КЛИМАТЫ

Канар аралдарынын климаты субтропиктик, пассаттык болуп саналат. Кышкысын абанын температурасы дээрлик +20 градустан төмөн түшпөйт. Ал эми жайкысын абанын температурасы +40 градуска чейин жетет. Жергиликтүү калк жылы бою аралда жаз күнүндөгүдөй аба ырайы болорун жана туристтердин саны үзүлбөөрүн айтып өз мекени менен сыймыктанышат. Туристтерди эң көп кабыл алган Тенерифе, Гран-Канария жана Лансароте аралдары болуп саналат. Алсак, эң ири деп саналган Тенерифе аралы жылына 12 миллиондон ашык туристти кабыл алат. Бир аралдан экинчи аралга учактын жана кеменин жардамы менен барууга болот. Жол кире бир кишиге аралдардын аралыгына жараша 70-140 еврого чейин.

Канар аралдары өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнө бай. Жанар тоолордун капталдарын дайыма көгөрүп туруучу бадалдар жана жыш токойлор ээлейт. Испаниядагы 14 улуттук парктын 4өөсү жана бир нече коруктар дал ушул архипелагда жайгашкан. Бул жайлардан өсүмдүктүн жана жаныбарлардын сейрек кездешүүчү миңден ашык түрүн көрүүгө болот. Алсак, ажыдаар жыгачы, канар курма пальмасы, канар кызыл карагайы, “космос гүлү” саналган тахинасте гүлү, жандыктардан сейрек кездешүүчү логгерхед деңиз таш бакасы, көзү азиз ак краб жана башкалар.

АШКАНАСЫ

Европа менен Африканын таасиринен улам Канар аралдарына каалаган тамагыңызды таап жегенге шарт бар. Ашканасында уй, кой, чочко, тоок эттеринен жана балыктын өзгөчө түрлөрүнөн жасалган даамдар кеңири орун алган. Барган туристтер жанар тоонун отуна какталып бышкан эт жана жашылчаларды да даамдаса болот. Жергиликтүү ресторанда бир жолку түштөнүү 15-20 еврону (1 кишиге) чапчыйт.

КӨРБӨЙ АРМАНДА КАЛБАҢЫЗ...

  1. Тейде жанар тоосу. Деңиз деңгээлинен 3718 метр бийиктикте жайгашкан. Ал Испаниянын эң бийик чокусу болуп саналат. Жанар тоого чыгып Канар аралдарына үстүртөн көз жүгүртүүгө болот.
  2. Дайвинг, виндсёрфинг, аскага чыгуу, ак кумдуу чөлдө жүрүү сыяктуу эс алуулар күтөт.
  3. Албетте, бул карнавал! Канар аралдарында күн сайын майрам, күн сайын бий. Январь айынын орто ченинен баштап эле жергиликтүү калк түрдүү-түстүү кийимдерди тигип, февраль карнавалын өткөрүүгө даярдана башташат. Аталган карнавал мындан 30 жыл мурун эле катышуучулардын саны боюнча "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген. Ал учурда карнавалга 200 миңден ашык киши катышса, бүгүнкү күндө бул көрсөткүч миллиондон ашат.
  4. Туристтерди, өзгөчө жаш балдарды өзүнө тарткан "Сиам-пар" аквапаркы. Эң чоң жасалма толкундуу жана эң узун жай аккан дарыяны ушул аквапарктан көрүүгө болот .
  5. Дүйнөдөгү шамалдын күчү менен гана иштеген жалгыз аэропорт да Канар аралдарында жайгашкан.

    ТУРИСТТИН ЭСИНЕ!

Канар аралдарына Шенген визасы аркылуу гана кирүүгө болот. Бүгүнкү күндө Канар аралдарына барып эс алып келүүнүн минималдык баасы 1300 АКШ долларынан жогору (11 күн, 10 түн).

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
deva
2019-02-05 09:30:50
Бул жайда эс алуу ар бир кыргызга насип этсин, оомийин
+11
altynka95
2019-02-05 10:39:09
Уламышта десе болбойбу? Легендада дебей
+3
naida81
2019-02-05 17:01:03
Ла Гомера аралынын Эл Кабрито деген жеринде февраль айында эс алганмын, бул жер чынында бейиштей эле экен, айрыкча ашканасы, баргыныздар келсе ушул жерди тандасанар.
+2
Skarlett-Skarlett
2019-02-08 19:03:59
naida81,Канча кунго канча каражат короттунуз?
0
mirkaa5182
2019-02-05 17:40:41
Жакшы жер экен, кышында 20градус ыссык болуп турса...
0
Targarien
2019-02-07 00:44:05
Буга караганда Таиланд арзан экен. Биз уйбулобуз менен эс алып келдик
0
asdef
2019-02-08 11:58:53
Бул акчага умрага барып келсе болот 15 кун ыйык Мекке шаарына
0
№ 848, 1-7-февраль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан