ГҮЛСҮН МАМАШЕВА

1960-1980-жылдардагы ырчылардын ырлары, обончулардын жүрөк кылдарын черткен уккулуктуу обондору азыркы кезге чейин унутулбай, элдин жүрөгүндө жашап келет. Ошол кездеги ырчыларды окурмандар да сагынып, «учурда кайда, эмне менен алектенүүдө?» деп кызыгып келээри шексиз. Окурмандарды сагынган жылдыздары менен байланыштыруу максатында «Жүрөктө калган жылдыздар» аттуу рубриканы сунуштоону туура көрдүк. Учурунда кыргыз элин алакан кызарта кол чаптырган, кыргыздын атын далайга тааныткан сахна ханышасы Гүлсүн Мамашеваны тааныбаган кыргыз жок болсо керек. Анда эмесе, рубрикабызды «Жибек чач», «Издеп жүрөм», «Жаштык вальсы» деген ырлары менен элдин колдоосуна арзыган Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Ч.Айтматов, Ж.Шералиев атындагы эл аралык сыйлыктардын лауреаты Гүлсүн Мамашева баштап бермекчи.

Балаңдан да небере таттуу болот экен

– Мен 10-классты бүтүп эле шаарда Кыргыз Драма театрында иштеп жүргөндө жолдошум ала качып кеткен. «Таш түшкөн жеринде оор» деп 16 жашымда үйбүлө куруп калгам. Жолдошум Кыргыз эл артисти Бообек Ибраев менен 38 жыл бирге жашадым. 2000-жылы жолдошумдан айрылып калдым. Биздин муундагы белгилүү искусство адамдарынын үйбүлө куруп, бирге өмүр сүрүп кеткендери саналуу гана. Анткени, ырчыларды сөз да, көз да, ушак да ээрчийт эмеспи. Ошондой жат көрүнүштөргө туруштук берип, кыйынчылыктын баарына чыдап, үйбүлөнү сактап калуу – бул чоң жеңиш. Мына ушундай жеңишке жетип, балдарымдан сый-урмат көрүп, келиндеримдин колунан ысык чай ичип, төрдө отуруп өмүрдүн эң бир бактылуу үзүрүн татып жаткан мезгилим. Бир кыз, эки эркек балам бар. Балдарымдын баары үйлүү-жайлуу, өздөрү менен өздөрү. Учурда баары тең мамлекеттик кызматтарда иштешет. Алты неберем бар. Улуусу 17де, ал эми кичүүсү 5 жашта. Балаңдан да небере таттуу болот экен. Өзүңдүн балдарың кичинекейинде өзүң да бала болуп жакшы билбей калат окшойсуң. А неберелүү болгондо токтолуп, бала жытын сагынып калган учур болот экен. Үйдө демократ кайненемин, келиндеримди эркин коём. Келиндерим да колдорунан келишинче мени сыйлап турушат.

Мен да бала болгом

Мен айтылуу Аксынын Кошдөбө айылынын кызы болом. Бир үйдүн улуу жана эрке кызы болуп, чоң ата, чоң энемдин колунда өскөндүк­төнбү, айтор, балалыгым жомоктогудай өттү. Ошол эркелигимден түштүк жактан чоң сахнага чыккан ырчы кыздардын эң биринчиси мен болдум окшойт. Анткени, түштүк жакта кыз баланын артист болуусуна ата-энелер дээрлик каршы чыгышып, жактырышчу эмес. А мен болсом ошол жактан түндүккө турмушка чыккан кыздардын да биринчиси болом. Аксынын бир кездеги секелек эрке кызы минтип быйыл алтымышка аяк басып турган кези.

Сахнадан бугум чыкпай калса, калемден чыгарам

Азыр Кыргыз телевидениесинин окуу борборунда алпаруучуларды даярдаймын. Буга чейин Улуттук филармонияда да иштечүмүн. Эки жакта тең иштегенге жетишпегениме байланыштуу бир жакта эле иштөөнү чечтим. Ал эми филармонияга чакырганда гана барып ырдап турам. Бир кездеги менин күйөрмандарыма арнап өзүмдүн ырларымды компакт-диск кылып чыгаргам. Андагы ырлар көптөргө жаккандыктан, сурангандар көп болуп жатат. Ошондуктан, дагы нускасын көбөйтүп, элге тартууласам деген оюм бар. Андан тышкары, китеп чыгаруу алдында турам. Сахнадан бугум чыкпай калса, калемден чыгармай – менин хоббим. Жазуучу деген чоң, ыйык сөз. А мен жөн гана ичимди туйлаткан ойлорду түшүрөмүн. Ошондой туйлаган ойлорумдан тү­зүлгөн чакан жыйнагым жарык көрүүнүн алдында. Бул китеп «Жаралуу аркар» деп аталып, аңгемелерден, драмалардан турат.

Мен ар бир ырчыны кулактын эмес, жүрөктүн ырчысы болуусун каалаймын

Эми азыр заман өзгөрдү да, биз ырдап жүргөн кезде элдин түшүнүгү башкача эле, руханий байлыгы да күчтүү болчу. Ал эми азыркы жаштарга көз карашым түз. Ким кандай ырдаарын эл өзү электен өткөрүп, жакшысын тандап алат, элден өткөн тараза жок эмеспи. Болгону, менин жаштарга айтаарым, биздин ырларды ырдаганда да өз деңгээлинен түшүрбөй ырдашса. Анткени, көпчүлүк жаштар бузуп алышат, кыргызча ыр болгондон кийин кыргыздын калорити болушу зарыл. Мен фонограмма менен ырдагандарга каршы эмесмин. Анткени, фонограмма менен ырдаганга мажбур болгон учурлар да болуп калат. Мисалы, телевидениеге тартылганда, чоң стадион, талаада концерт бергенде керек. Биз чыгармачылыкка ушундай чоң жоопкерчилик менен мамиле кылаар элек. Бир жолу Москвага барганда «муздак жесек үнүбүз бузулат» деп балмуздак жебей келгенбиз. Мен ырчыларга бир сын айта турган болсом, алардын пайдасына айтам, аларга болгон каалоом, аларды жакшы болсун дегеним. Азыркылардан менин купулума толуп жаткан жаш ырчы деп Мирбек Атабековду айтаар элем. Капысынан телевизордон «Сени гана» деген ырын ырдап жатканын көрүп, кыргыздын тили менен дили менен ырдаган бала экен деп, «ананайын» деп отуруп аягына чейин көрдүм. Элдин жүрөгүнө жеткире ырдай алат экен. Мен жаштардын элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан ырчы болуусун каалаймын.

Даярдаган Замира Рахманбердиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 230, 30-март-5-апрель, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан