Тауекел Мусилим, казак актёру: «КЕЛЕЧЕКТЕ ТҮРК ТАСМАЛАРЫНА ТАРТЫЛЫП КАЛЫШЫМ МҮМКҮН»

Учурда көп кыздардын түшүнө кирип, шилекейин агызган казак актёру Тауекел Мусилим кезинде абдан тартынчаак, уялчаак болгонун айтат. Анын кемчиликтерин жоюуга моделдик кесип себепчи болсо, режиссёр Руслан Акундун «Апамды издеп» тасмасы аны кино айдыңына ишенимдүү киргизген "бактылуу билет" болду. Аталган тасма Кыргыз жеринде эле эмес, Казакстандан да көп көрүүчү таап, минтип экинчи бөлүгү көрөрмандарга тартууланып отурат.

– Тауекел, саламатсызбы? Акыркы жылдары байма-бай кыргыз киносуна аралашып келесиз. Сизге кыргыз-казак киносунун айырмасы байкалабы?

– Саламатчылык. Чынында айырмачылык көп деп айта албайм. Совет учурунда бизде да, сиздерде да классикалык тасмалар көп болгон. Эми кайра Кыргыз мамлекетинин кинематографиясы да, казактардыкы да өнүгүп жатат. Учурда жакшы кино тартсаң жакшы касса чогултууга, кеткен каражатты толук жапканга болот. Кыргыз жеринде да таланттуу актёрлор бар. Таланттуу адамдар иштесе, кино өнүгө берет деп ойлойм. «Апамды издеп» тасмасы Казакстанда жакшы көрүүчү чогулткан. Андыктан уландысын мекендештерим аябай күтүп жатышат.

– Сизди «Махабатым жүрөгүмдө» деген сериалдан тарта жакшы тааный баштадык. Бул кесипке качан келдиңиз эле?

– Бала кезде мен түнт, уялчаак бала болчумун. Баары моделдик кесиптен башталды. 2008-жылы моделдик бизнеске келип, эл менен аралашып, өзүмдү баалай билгенге үйрөндүм. Актёрлук кесипке ошол кезден кызыгуум артып, ар кандай кастингдерге катыштым. Билесизби, кастингдерге катышуу мага 6 жыл ийгилик алып келбеди. Буга, албетте, актёрлук тажрыйбамдын аздыгы себеп болду. Бирок кол шилтеп койбой, кайра-кайра өжөрлөнүп кастингдерге бара бердим. Акыры сиз айтып жаткан «Махабатым жүрөгүмдө» деген сериалга өтүп кетип, башкы каармандын ролун жараттым. Ал эми актёрлук кесипте билимим жок, чынында. Бирок теориясын окубасак да, практика жүзүндө жакшы эле өздөштүрүп жатабыз.

– Мурунку маектериңизде АКШдан карьера жасоону баштайм деген экенсиз...

– АКШда кино тартабыз деген планыбызда бар. Бирок ал казак киносу. Азырынча качан ишке ашары тактала элек. Негизи, мага АКШ деле чек болбошу керек, балким, кийин түрк тасмаларына да тартылып калармын. Анткени «Апамды издеп-2» тасмасын Анталия шаарында тартып жатып ал жактын киноиндустриясына да баам салдым. Тасма тартууда бизге бир түркиялык кинопродакшн көмөктөшкөн. Ал жактагылар мени «Тил үйрөнүп сериалдарга түшсөңүз болот. Сиз түрк мырзаларына түспөлдөшүп кетет экенсиз» дешти. Балким, кийин тилди жакшы өздөштүрүп алсам түрк тасмаларында башкы каарман болбосо да, массовкага аралашып баштаармын.

– Эл актёрлорду киного тартылып койсо болду, жыргап эс алып жүрө беришет деп ойлойт. Сиздин социалдык тармактагы баракчаңыз да бул пикирди бекемдейт. Бир карасак тоодо, бирде чет өлкөдө жүргөн болосуз. Тауекелдин күнүмдүк жашоосу кинодон тышкары кандай өтөт?

– Эгер чоң долбоор болбосо машыгууга барам. Андан сырткары актёрлук сабактарга катышам. Кыштын күнү тоого барып эс алууну да унутпайбыз.

– Тартылган тасмаларыңыздын арасынан эсте калган ролуңуз кайсы болду? Кандай ролду жаратуу сизге оор?

– «Апамды издеп» тасмасындагы ролум өзүмө жагат. Тасма да сапаттуу чыкты деп ойлойм. Анткени ошол тасма аркылуу мени Кыргыз жеринде көпчүлүк тааныды. Азыр Инстаграм баракчамдагы окурмандардын арасында кыргыз жеринен катталгандар экинчи орунда.

Роль боюнча айтсам, элди күлдүрүү да, ыйлатуу да кыйын. Анткен менен мен актёрлук кесибимдин башатында жүрөм деп ойлойм. Андыктан ал кыйын же бул кыйын деп роль тандаганым болбой калат го үлүп). Бирок мен чектелгим келбейт, тарыхый тасма болобу, комедия жанрындабы, баарын ойноп көрсөм дейм. Дайыма тасмага тартыларда өзүм менен өзүм күрөшөм десем болот. Анткени «Эмне тартылып жатасың? Сен актёр эмессиң. Сен кимди алдап жатасың?» деген ойлор жаралып, өзүмдү-өзүм жемелей берем. Ал оюмду жеңиш үчүн болгон аракетимди жумшап келем. Тасма экранга чыгып жыйынтыкты көргөндө гана аракетим текке кетпептир деп ойлойм. Кээде өзүмдүн кемчиликтеримди көрөм. Айтор, ар бир ролум мен үчүн чоң сабак.

– Жеке жашооңузду аттап өтсөк болбос. Былтыр сүйлөшкөн кызыңыз тууралуу жар салдыңыз эле. Сүйүктүүңүз тууралуу айтып бересизби?

– Жеке жашоо тууралуу айтсам, азыр белгисиз абалдамын. Былтыр маалымат каражаттарына сүйлөшкөн кызымды тааныштыргам. Тилекке каршы, ал кыз менен азыр кабарлашпай калдык. Ошондуктан учурда убактымды өзүмө гана арнап жатам. Азыр 30 жашка келдим. 2-3 жылдан кийин милдеттүү түрдө үйлөнүшүм керек.

– Ошондо азыр жүрөгүңүз бошпу? Көп кыздардын кыялындагы мырзасыз. Сиздин кыялыңыз кандай, талаптарыңыз кандай кыздарга?

– Ооба, учурда жүрөгүм бош. Кыздарга талаптарым деле чоң эмес. Башкысы, мени, ата-энемди, досторумду сыйласа. Анан, албетте, мени сүйсө ошол маанилүү деп билем. Ал эми үй жыйнап, тамак бышыра алабы, албайбы, аны үйрөнүп алса болот деп ойлойм.

– Мындай учур болуп калды дейли. Бир кыз сизди жактырып калды. Кайсы жерде болбосун сүйүүсүн арнаса кандай карайсыз?

– Мындай окуя болгон эмес. Баштан өтпөгөндөн кийин айта да албайт экенсиң үлүп). Сүйүүсүн билдирген кыздарга каршы эмесмин.

– Сизди энеңиз жалгыз бой өстүргөнүн билебиз. Бала кездеги кандай учурлар көз алдыңызда калды?

– Ооба, апам эжем экөөбүздү жалгыз өстүрдү. Ата-энем ажырашканда кыйын жашоо кечиргенбиз. Анда апам жаш эле болчу. Өзүнө башка жар таап, өз турмушун куруп кетсе болмок. Бирок андай кылган жок. Жаштыгын, өмүрүн бизге арнады. Апамдын бизге берген тарбиясы, эмгеги чоң. Эсимде, бала кезимден эле мен эмнени кааласам баарын алып берчү. Азыр деле кандай иш баштабайын, дайым колдоп келет. Андыктан апамдын калган өмүрүн бактылуу кылып өткөргөнгө колумдан келген аракетимди жумшайм. Апамды дайым чет өлкөгө эс алууга жөнөтөбүз, көңүлүн алып белек-бечкектерибизди берип турабыз.

– Сизди жан сакчы менен жүрөт деп уктук. Ошол чынбы?

– Жок үлүп), мага жан сакчынын кереги жок. Жан сакчы жалдагандай менин жашоомо коркунуч жараткан эч нерсе деле жок. Жан сакчыны мен артык чыгым деп эсептейм.

– Учурда кандай пландарыңыз бар?

– Жакында дагы эл аралык долбоорго катышканы турам. 2016-жылы өзбек киносу «Барон» деген боевикти тартышкан. Буюрса, ошонун уландысы тартылып, мен анда терс каармандын ролун жаратам. Эртең Каирге аттанганы турам, андан кийин Ташкентке келебиз. «Барон» тасмасы менин экинчи эл аралык долбоорум болмокчу.

– Убакыт бөлүп маек бергениңизге ыраазычылык. Дагы көп-көп ийгиликтерди жарата бериңиз!

Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Тауекел Мусилим: "Сүйүктүүм менен кол үзүштүк, учурда жүрөгүм бош"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Farm94
2019-02-12 10:09:17
Келбети бар бирок ойногон рольдорун жеткизе аткара албайт
+5
sara90
2019-02-13 00:57:46
Махабатым журогумдо сериялында аткарган ролун жакшы аткарган,дагы дагы чыгармачылык ийгилик каалайм...
+1
bond02
2019-02-14 02:24:48
Бул бала эмне кыргыз жарандыгын алганы жатабы? Гезитинердин ар санында калтырбай чыгарып жатасынар.
-2
altyw555
2019-02-16 01:44:59
Жакшы.ийгилик!!
0
Burulka97
2019-02-17 06:33:33
Уже тартылып жатат Эмир мн чогу (черная любовдогу ) Каан Чойоглу
0
№ 849, 8-14-февраль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан