«Дүйнө боюнча ар бир 100 баланын 30у кашка жиликтин башынын жакшы өнүкпөй калуусу (дисплазия) менен төрөлөт. Мындай көрсөткүч Кыргызстанга да тиешелүү. Тубаса дарт болгондуктан баланын минтип төрөлүп калуусуна көбүнчө энелер күнөөлүү. Анткени алар ооруса убагында көрүнбөйт, витаминдүү тамактар менен тамактанбайт» деп кейийт Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун балдар ортопеди Анвар Халилов.
ДИСПЛАЗИЯ
Дисплазия – баланын ичте экенинде кашка жиликтин башынын, башкача айтканда, томуктун толук өсүп жетилбей калышы. Андай учурда кашка жиликтин башы жамбаш сөөккө туура бекибей, өз ордуна туура орнобой өйдө же бош орноп калат. Башкача айтканда, тубаса дарт. Муну ымыркай кезден дарылатып, айыктыруу зарыл.
БАШКЫ БЕЛГИСИ: БАЛА БУТУНУН УЧУ МЕНЕН ТУРАТ, БИР БУТУ КЫСКА
Баланын ата-энеси жана врач балада дисплазия бар экенин кантип аныктайт:
СЕБЕПТЕРИ
ДИАГНОЗ
ДИСПЛАЗИЯНЫН 3 ДАРАЖАСЫ БАР
Ортопеддин кеңештерин аткарып баланы толук дарылатса, анда кашка жиликтин жетилбей калган башы (томук) жетилет жана өз ордуна бекем орнойт.
Үйдө памперсти алмаштырган сайын буттарын 2 жакка керип туруу, сууда сүздүрсө да жакшы.
Ортопедиялык жабдыктар
1) Павликтин үзөңгүсү – бала үчүн эң ыңгайлуу жабдык. 3-9 айлык балдарга арналат.
2) Фрейктин жаздыгы Пластик жаздыктар 2 бутту эки жакка керип турат.
3) Виленский кергичи (шина).
Операция ыкмасы
Аталгандардын кайсынысын жана канча убакыт колдонуу керектиги дисплазиянын даражасына карата чечилет.
КЫЗДАР КӨП ТӨРӨЛӨТ
Баланын 1 бутундагы томугу же 2 бутундагы томугу тең жетилбей төрөлүүсү мүмкүн. Эгер убагында дарылатпаса томугу жетилбей калган буту кыска болуп, кийин аксап калат. 2 жагындагы томугу жетилбей төрөлсө кийин баланын басышы кыйындыкты туудурат, бат чарчап, буттары ооруйт.
Дисплазия менен балдарга караганда кыздар көп төрөлөт. Анткени табигат кыздардын сөөгүн эркектерге караганда ийкемдүү кылып жаратат (кийин эне болуп, төрөө үчүн). Эненин организминен бөлүнүп чыгуучу релаксин гормону уул балдарга караганда кыздар үчүн көп бөлүнүп чыгат.
БАЛДАРДЫ ОРТОПЕДГЕ БИР, ТӨРТ ЖАНА 6 АЙЫНДА КӨРСӨТҮҮ КЕРЕК
Балага 1 ай болгондо дисплазия бар же жок экенин тактатуу үчүн балдар ортопедине текшертүү кажет. Дисплазиянын бар экени билинсе дароо дарылатып баштоо зарыл. Дарылануу курсу бүткөндө рентгенге тарттырып, дарылоо натыйжасы кандай болгонун аныктатуу зарыл. Эгер дароо дарылатпаса жеңил түрү акырындап оор түрүнө өтүп кетип, дарылап айыктыруу кыйындайт.
Негизи эле ата-эне баласы оорубаса деле балдар ортопедине бир, төрт жана алты айында, 1 жашында сөзсүз көрсөтүүсү кажет. Ушул убактарда, мүмкүн, буга чейин билинбеген дисплазия же башка муун оорулары болсо так билинет.
Жаңы туулган баланын ден соолугу чың болгонуна карабай 2 айлыгында 10 күн массаж жасатуу сунушталат. Бул бут муундарынын жана бут булчуңдарынын туура өсүүсүнө шарт түзөт.
ДАРЫЛАТПАСА БАЛА АКСАК БОЛУП КАЛАТ!
Дисплазиясы бар баланы дарылатууда ата-эне эске алчу нерселер:
Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg