ФИНАНСЫЛЫК ПИРАМИДА, ТАРМАКТЫК МАРКЕТИНГ. БИЗНЕСПИ, БҮЛГҮНБҮ ЖЕ БАЛЭЭБИ?

Бүгүнкү күндө көпчүлүк жарандар ар түрдүү акчалай пирамида же болбосо тармактык маркетингге туш болуп келет. Алар ар кайсы жакта. Жайнаган жарнамалары көчөдө, интернеттин ар бир бурчунда, телевизордо, смартфондо... Жаандан кийин чыккан козу карындай жайнаган мындай компаниялардын саны күндөн-күнгө өсүп жаткан чагы.

Эгерде компаниянын ушундай белгилери көрүнсө, анда каражатты сарптоого шашылбоо кажет. Эң башкысы бат эле көп киреше табасың деген сөздөргө ишене калбай, компаниянын лицензиясын, күбөлүк, келишимдерди дыкат текшерип көрүү ашыктык кылбайт. Акча кайда сарпталат, киреше кайдан түшөт деген жөнөкөй суроолорго жооп болуусу керек. Өзүңүзгө ишенбей жатсаңыз адистер менен кеңешип иш алып баруу жардамга келет.

ПИРАМИДАНЫН НЕГИЗГИ БЕЛГИЛЕРИ

- ЛИЦЕНЗИЯ, ДОКУМЕНТТЕРДИН ЖОКТУГУ
- ДАРОО ЭЛЕ КӨП КИРЕШЕ УБАДА КЫЛЫШАТ
- КИРЕШЕ БАШКА БИР АДАМДАРДЫ ТАРТЫП КЕЛҮҮ МЕНЕН БОЛОТ
- ЖЕТЕКЧИЛЕР, ФИНАНСЫЛАР БОЮНЧА МААЛЫМАТТАР АЧЫК ЭМЕС
- ПРОДУКТТУН ЖОКТУГУ
- КОМПАНИЯГА КОШУЛУУ ҮЧҮН АКЧА МЕНЕН КИРҮҮ
- ЧОГУЛУШ, СЕМИНАР, АР КАНДАЙ БЕЛЕКТЕРДИ ТАРАТУУ

БАШ АЙЛАНТКАН ПИРАМИДАЛАР

Финансылык пирамиданын иштөөсү катышуучулардан каражат чогултуу менен жүрөт. Каражаттын негизги бөлүгү уюштуруучуларда калат да, калган бөлүгү катышуучуларга бөлүнөт. Башында акчалар таратылышы мүмкүн, бирок катышуучулардын саны барган сайын өсүп, акчалар жетпей бара жатканда пирамида урайт. Жыйынтыгында акча кошкондор каражатсыз калышат да, уюштуруучулар изин жашырышат.

Кыргыз өлкөсүндө ар жылдары ар аймактарда «Драгонс», «Моңолдор-Ата», «Голден Драгонс» жана башка ушундай сыяктуу компаниялар ачылып, элден акча чогулткандан соң жабылып калышкан. Пирамидага тартуу үчүн ар кандай ыкмаларды колдонушат, атактуу адамдар, ырчы-чоорчуларды пирамиданын сап башына коюшат, ар кандай семинарларды өткөрүшөт жана башка.

Бир эле мисал, 2016-жылы ушундай пирамидалардан жапа чеккендерин белгилүү алпаруучулар Максат Надырбеков менен Нурзат Токтосунова SUPER.KG`нин түз эфиринде айтып беришкен эле. Түгөйлөр "Бир компанияга ишенип алып, 4 миң долларга алданып калдык. Биз жарнама кылып, өзүбүз да акча салганбыз" деп агынан жарылышкан.

Пирамида куруу чеберлери белгилүү адамдарды колдонуу менен элди азгыруу тактикасына көп барышууда. Буга ишенген эл пирамида менен миллионер болом деп банктардан насыя алып, ортодо отуруп калгандар да жок эмес.

ТАРМАКТЫК МАРКЕТИНГДИН ТҮРКҮН ТҮСҮ

Тармактык маркетингдин финансылык пирамидадан айырмасы – мында продукттун бар болгондугу. Бул косметика, биологиялык кошулмалар (БАД), ар кандай витаминдер же дагы башка нерселер болушу мүмкүн. Бул маркетингдин бир ыкмасы гана болуп эсептелинет. Мындай ыкма биринчи жолу 1950-жылы АКШда башталып, 80-90-жылдары дүйнөгө жайылып баштаган. Ал эми биздин өлкөгө 90-жылдары келген. Азыркы күндө тармактык маркетинг аркылуу продукт, товарларды сатуу кардарларды табуунун бирден-бир натыйжалуу ыкмасы болуп эсептелинет. Дүйнөлүк тажрыйбада бул натыйжалуу ыкма деп колдонулуп, серепчилер жылдан-жылга өсүп жаткандыгын белгилешет. Алсак, дүйнөдө маркетингдин бул тармагынын жыл ичиндеги каражат айлануусу 150-200 миллиард долларга чейин жетүүдө.

Бирок тармактык маркетингди колдонгон компаниялар арасында күмөн жараткандары да жок эмес. Алардын арасынан батек-байпак, эч натыйжа бербеген биологиялык кошулмалар, витаминдерди сатышып, иштөө тартиби пирамиданыкына окшошуп кеткендери да четтен табылат. «Компаниянын атын атабай эле коёюн, биз тармактык маркетинг ыкмасында витаминдерди сатчубуз. Алгач, жумушка кирерден мурун 7 миң сомго аларды сатып аласың да, тааныш-билиштерге сатасың. Муну менен катар башка адамдарды компанияга алып келсең алардын бир канча үлүш кирешеси мага берилет. Бирок өзүбүздүн деле ал эмне болгон витаминдер, кандай пайда-зыяны бар экендигинен көп маалыматыбыз жок болчу. Витаминди ичкенден кийин деле организмибизде өзгөрүүлөр билинген эмес»,- дейт бул жаатта иштеп көргөн Нургүл аттуу жаран.

«ФИНАНСЫЛЫК ПИРАМИДАЛАР СЕКТА СЫЯКТУУ»

Мындай жеңил-желпи жарыяларга эл эмнеге бат эле алданып калат деген суроого психолог Наргиз Субаналиева жооп берет:

– Финансылык пирамида – бул чыныгы секталарга окшош. Анын тармактык маркетингден айырмасы эч кандай продукциясы жок, жөн эле акча төлөөгө азгырылып, жарандар шылуундардын капканына түшүп калышат. Психологиянын тилинде «коллективдүү ой жүгүртүү» деп атап коюшат, бул «компания үчүн» деп бирин-бири ээрчип, кээ бир адамдар көптөгөн жылдар бою мындай пирамидаларга батып калышат.

Дагы бир себеп – мындай пирамидага, өзүн издеп жүргөн, психологиялык иденттүүлүгүн таба элек адамдар кабылышы мүмкүн. Мисалы, ал жактагылар сектанттар катары эле адамды мактоодон башташат. Байкасаңыздар, бир да сын, жаман сөз айтышпайт. Эмоционалдуу жылуулукту издеп жаткан адамдар өзүнө болгон баасын жаңы адамдар же топтун мүчөлөрү аркылуу көтөрүшөт же толукташат. Бул нерсеге оңой ишенген адамдардын симптомдору шопоголизм же булимия катары эле ички дүйнөнүн жетишпеген нерселерин толуктоо болуп эсептелинет.

Бул коркунучтун дагы бир себеби – жумушсуз адамдардын оңой акча табуунун жолдорун издөөсү жана адамдардын жалкоолугу болуп эсептелинет. Ар бир адам андай кадамга аттануудан мурун ойлонуусу керек. Бул жашоодо мээнетсиз эч нерсе бекер келбейт жана, жогоруда айтып кеткендей, "коллективдүү ой жүгүртүүдөн" качуу керек. Ар бир адам индивидуалдуу экенин унутпашы зарыл жана өзүнүн ой жүгүртүүсү болушу керек.

«МЫЙЗАМДАРДЫ КҮЧӨТСӨК КҮМӨН ЖАРАТКАН КОМПАНИЯЛАР ӨЗДӨРҮ ЖОК БОЛОТ»

Күмөн жараткан финансылык ишмердүүлүктөр көбүнесе жумушсуздук күч алган өлкөлөрдү байырлайт. Кыргызстанда жумушка жарамдуу жарандардын саны 2 миллиондон ашат, ал эми 2018-жылга карата өлкөдөгү жумушсуз жарандардын саны 200 миңге чукулдайт.

Албетте, "үйдө отуруп алып көп акча тап" деген жарнама кимди болбосун кызыктырбай койбойт. Бирок мындай нерсенин арты бүдөмүк бойдон. Финансылык пирамидалар "капчыктагы каражатты бат эле 2-3 эсеге көбөйтүп, бир топ пайда көрүүгө болот" деген чакырык ташташат. Мындай чакырыктан канчалаган адамдар жабыр тартып келсе дагы, мындай шылуундар ар убак өзгөчө пирамидаларды «куруп» келишет.

Экономика боюнча эксперт Темирбек Ажыкулов пирамида «курган» компаниялардын жайылышына элдин финансылык жактан сабаттуулугу чоң роль ойноорун айтат. Себеби түрдүү пирамидалар көбүнесе айыл-аймактарга барып, жергиликтүү элдин башын айлантышат.

– Кандай ыкмалар болбосун, бизнесте дал ушинтип атап коюшат, алардын жаманы бар, жакшысы бар дегендей, буларга жол берген жергиликтүү мыйзамдар, шарттар болуп эсептелинет. Салыштырсак, өнүккөн өлкөлөрдө ушундай нерселер жөнүндө көп укпайбыз, демек, алардын мыйзамдары так жана түшүнүктүү жазылган. Ошол эле учурда элдин илим-билими да жогору болушу мүмкүн. Биз эле эмес, Орусия, Казакстан деген өлкөлөрдөн да канча жылдан бери эле ар түрдүү пирамидалар түзүлүп жаткандыгын көрүп жатабыз. Мындай ишмердүүлүккө жол берген биздин мыйзамдар жана элдин финансылык жактан сабатсыздыгы. Ошондой эле мамлекет тарабынан тиешелүү көзөмөлдүн жоктугу ар түрдүү пирамидалардын «курулушуна» себеп. Ушул үч эле нерсени жөнгө салсак, мындай күмөн жараткан ишмердүүлүктөр азайып, өздөрү жок болмок.

Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
tattusha
2019-02-12 12:59:57
Ушу сетевой деген балакет болду, ушунун айынан уй- булодо уруш чыгып кайенем куйоом менен урушуп атам,кайын энем сетевойдо иштеп улам жанысы чыкса отуп кетеберет, мени да иште дейт,жок иштебейм десем эле мени не уважаешь деп суйлобой коркутуп,куйом экообуз да урушабыз ушунун айынан, озум мамлекеттик кызматта иштейм, мындай нерсеге такыр ишенбейм,
+5
Jazdyn_tany
2019-02-12 17:08:49
Сейф бизнес деп мурда супер инфодо иштеген Максат Озозумбетов дагы жүрөт го
+2
titanik32
2019-02-12 20:58:55
Мындай пирамида менен Жалал абадтык Сурма деген катын шугулданат эле.Карагандыга барып алып бүтүндөй Кыргыздын баарын илештирип сызга батырып банкрот кылып кеткен.Азыр Москвада жүрөт дейби,ал жакта да билген намазын окуп жатса керек эле.
0
mirkaa5182
2019-02-13 00:14:41
Ушундай сетевый маркетинг деген жамгырдан кийинки козу карындай көбөйдү, барсаң тез эле байытып, айдагы жылдызды алып берип коют.
+1
NIkalike
2019-02-16 23:14:56
Жанагы торт тошок куйгузбодубу баарынан.
0
№ 849, 8-14-февраль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан