КҮЛҮП ЖАТЫП ӨЛҮП КАЛУУГА МҮМКҮНБҮ?

КҮЛҮП ЖАТЫП ӨЛҮП КАЛУУГА МҮМКҮНБҮ?

Күлүп жатып өлүп калган окуялар чанда болсо да байыртадан бери кездешет. XVIII кылымдан бери бул тууралуу кагаз бетине түшүрүлүп келет. Медицинада дем алууну башкарган сүйрү мээнин патологиясына чалдыккан адамдар тынбай узакка күлүп калышат делет. Алар тыйылбаган күлкүдөн муунуп калууга, инсультка же жүрөк пристубуна да жетүүсү мүмкүн экен.

ЭМНЕ ҮЧҮН ЖҮЗҮМГӨ КУРТ ТҮШПӨЙТ?

Курт – бул чындыгында курт-кумурскалардын личинкасы. Алар жемиштин ичинде өздөрү кемирген жол аркылуу кирген аба менен дем алышат. Жүзүмдө болсо шире көп, андыктан курт кемирген жерге шире толуп кала бергендиктен курттарга дем алганга аба жок калат. Анын үстүнө жүзүм ширеси кычкылдарга жана кантка бай. Бул курттарга жагымсыз. Ушул себептүү курттар кара карагатта, черникада, цитрустарда, жүзүмдө кезикпейт.

АЯЛДЫН ЭСЕБИНЕН ЖАШАГАН ЭРКЕКТИ ЭМНЕГЕ АЛЬФОНС АТАШАТ?

Александр Дюманын “Господин Альфонс” пьесасынын персонажынын ысмы Альфонс. Ал бай жесир аялдын көңүлдөшү болуп, анын эсебинен жашайт. Байлыгы үчүн ага үйлөнмөк да болот. Бирок анын тилегин таш кабат. Ошол каармандан улам бир аялды өзүнө сүйдүрүп алып, анын эсебинен жашаган же андай аялды машина алгыча же бир топ акча чогулткуча колдонгон эркекти альфонс атап башташкан.

kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
nurhan2702
2019-02-12 13:16:08
Менин раматылык тайнем айтып калчу :"илгери курбу кызымдын бир тууган эжесин суйлошкон жигити тамашалап кытыгылап олтуруп алган"-деп.Ошон учун узакка кытыгылаган кооптуу экенин билем
+2
Eli.91
2019-02-12 15:16:04
Тамандан кытылаганда болбойт.Адамды коп кытыгыласа аба жетбей калып олуп калат.Эч качан адамды коп кулдуртбош керек.
+2
aslan_akjol89
2019-02-13 00:53:36
Тынар,Абдылда байкелер уктунарбыыыыы?
+4
bek_tash
2019-02-14 12:36:29
Д.Максат альфонс. Кысталак.
-1
№ 849, 8-14-февраль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан