ДОЛБООР МАКСАТЫНА ЖЕТТИ

«ЖАЙЫТТАРДЫ ЖАНА МАЛ ЧАРБАЧЫЛЫКТЫ БАШКАРУУНУ ЖАКШЫРТУУ» ДОЛБООРУНУН ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИ

«Жайыттарды жана мал чарбачылыкты башкарууну жакшыртуу» долбоору Кыргыз өлкөсү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы 2015-жылдын 18-майында Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган каржылык келишимдин негизинде Чүй жана Талас облустарында ишке кирген. Долбоордун жалпы баасы – 15 миллион АКШ доллары, 2015-2019-жылдар аралыгында ишке ашырылып келет. Долбоордун максаты – жайыттарды жана мал чарбачылыкты жамааттык башкарууну жакшыртуу, жайыт пайдалануучулар бирикмелеринин, анын аткаруучу органы – Жайыт комитеттеринин, жеке ветеринарлардын көрсөткөн кызматтарынын сапаттуулугун жогорулатуу, жайыттардын жеткиликтүүлүгүн адилеттүү камсыздоо жана жайыт жерлердин деградациясы менен күрөшүү.

ЖАЙЫТТАРДЫ ПАЙДАЛАНУУДАГЫ ЖАМААТТЫК ПЛАН

Долбоордун негизги аракеттеринин бири: «Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттык пландын» бирдиктүү форматын беш жылдык, бир жылдык мезгилдерге иштеп чыгуу эле. План жайыт пайдалануучулар бирикмелерине иш-чараларды туура пландоого, жаратылыш ресурстарын аяр колдонууга көмөктөшөт. Алгач (2016-жылы), пландар жаңы формат боюнча 16 пилоттук жайыт пайдалануучулар бирикмесинин базасында түзүлгөн. Долбоордун кийинки жылдарында пландар Чүй, Талас облустарынын бардык 140 бирикмесинде түзүлүп, райондук агрардык өнүгүү башкармалыктарынын колдоосун таап, айылдык кеңеш тарабынан бекитилген.

ЖАЙЫТ ПАЙДАЛАНУУЧУЛАР БИРИКМЕЛЕРИНИН ДЕМИЛГЕЛЕРИН КОЛДОО

Долбоор Чүй жана Талас облустарынын жайыт пайдалануучулар бирикмелерине 400 микродолбоорду ишке ашырууга көмөктөштү. Аны ишке ашырууга 6,5 миллиондон ашык АКШ доллары бөлүнүп, техникалар, жабдыктарды алуу, ветеринардык клиниканын курулушу, мал суу ичүүчү жайлар, жолдор менен көпүрөлөр, бастырмалар, кашарларды салуу жана капиталдык оңдоо, Беккари чуңкурун куруу пландалып, аткарылган. Жайыт пайдалануучулар бирикмелеринин өздүк салымдары, накталай акча, кол эмгеги жана материалдары микродолбоордун 25 пайызын түзгөн. Натыйжада Чүй облусунда 271, Таласта 122 микродолбоор ишке ашкан.

ЖАЙЫТТАРДЫН АБАЛЫН ИЗИЛДӨӨ: МОНИТОРИНГ ЖАНА БААЛОО

Жайыттарга мониторинг жүргүзүү-жайыттарды башкаруу планынын маанилүү бөлүгү, жайыт пайдалануучулар бирикмелеринин аткаруучу органы – Жайыт комитеттеринин функционалдык милдеттери. Ал жайыттарга мал жаюудагы жайыттардын абалына, жайыт түшүмдүүлүгүнө, жайыт жерлериндеги зыяндуу тенденциялардын өөрчүшүнө тийгизген таасирин аныктоого мүмкүнчүлүк берет. Мониторинг мезгил сайын бир жылда төрт жолу жүргүзүлүп, келерки жылдын планын түзүүдө колдонулат.2017-2018-жылдары ушул долбоордун алкагында, Чүй жана Талас облустарынын бардык Жайыт комитеттери кайчылаш сызыктар ыкмасын колдонуу менен жайыттарга мониторинг жүргүзүшкөн.

СУУСАМЫРДАГЫ АЛТЫГАНА МЕНЕН КҮРӨШҮҮ

Акыркы жылдары Суусамыр өрөөнүндө мал жебей турган алтыгана өсүмдүгү жыш өсүп келүүдө. «Жайыттарды жана мал чарбачылыкты башкарууну жакшыртуу» долбоору бул өсүмдүктүн мындан ары көбөйүүсү менен күрөшүү иштерин баштаган. Биринчи жайыттардын деградацияга чалдыккан аянты аныкталып – 16 000 гектардан ашык, отоо чөптүн ареалы менен карта түзүлгөн. Алтыгана менен күрөшүү боюнча практикалык колдонмо даярдалып, ал боюнча Кыргыз мал чарба жана жайыт илим изилдөө институту жана Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаменти биргеликте эксперименталдык иштерди өткөзүшүүдө.

ТЕХНИКАЛЫК ЖАРДАМДАР

Аталган долбоор Чүй, Талас облустарынын жайыт пайдалануучулар бирикмелери техникалык жабдууларын жакшыртышты. Кеңсе техникалары, эмеректер, маалыматтык доскалар жана GPS-түзмөктөр берилген. Ар бир комплектинин баасы – 2000 АКШ доллары, гранттык жардамдын жалпы суммасы 20 миллион сомдун тегерегинде.Түзүлгөн Жайыт пайдалануучулар бирикмелеринин райондук ассоциациялары жалпы суммасы 1,7 миллион сом болгон уктоочу мүшөктөргө, чатырларга жана рацияларга ээ болушту. Бардык 140 Жайыт комитетине малды жайкы жайлоого айдоо мезгилинде керектүү боз үйлөр тапшырылган. Долбоор жайыттарды башкарууга тартылган институттарга техникалык жардам көрсөткөн.

ЖАЙЫТТАРДЫ ЖАКШЫРТУУДАГЫ ИЛИМИЙ ИЗИЛДӨӨЛӨР

Демонстрациялык участок – бул белгилүү бир мөөнөткө «эс алдырып», мал кирбегендей кылып, атайын тосмолор менен курчалган жайыт тилкеси. Чүй жана Талас облустарында ушундай участоктордун үчөөсү түзүлгөн: Кемин районунда Боролдой, Панфилов районунда Фрунзе жана Кара-Буура районунда Кара-Буура. Бардык участоктордо эки жылдык эксперименттин жыйынтыгында чөптөрдүн өсүшү жакшырган. Андыктан жайыттарды жакшыртуунун бул ыкмасын пайдалануу боюнча сунуштар Жайыт комитеттерине берилген. Үрөнчүлүк участок-тоюмдуулугу жогору тоют чөптөрдүн уругун көбөйтүп, Жайыт комитеттер жана фермерлер арасына жайылтуу максатында себүү.

МАЛ ЧАРБАЧЫЛЫГЫН ӨНҮКТҮРҮҮДӨГҮ ИЛИМИЙ ИЗИЛДӨӨЛӨР

Долбоор Панфилов, Кара-Буура жана Кемин райондорундагы фермердик чарбаларды моделдик чарбалар катары тандап алган. Жыйынтыгында малды жайыттарга жаюу канчалык деңгээлде алардын абалына, салмагы менен башка зарыл болгон габариттерине кандай таасир этерин көрсөтмөк. Изилдөөгө 60 баш жаш мүйүздүү бодо мал пайдаланган. Биринчи ченеп алуу (салмагы, карыш бийиктиги, төшүнүн көлөмү менен салмагын эсептөө) апрель-май айларында жайытка айдап кетер алдында жасалган. Алты айдан кийин малдар жайыттан түшкөн мезгилде экинчи ирет ченелген. Жыйынтыгында ар бир малдын салмагы 120 килограммга, суткасына 600 граммга өскөн.

БИЛИМДЕРДИ ЖАКШЫРТУУ

Долбоор Жайыт комитетинин башчылары жана мүчөлөрүнүн, жеке ветеринарлардын квалификациясын жогорулатуу максатында тренингдерди өткөргөн. Семинарлар жайыт мыйзамдарынын маселелерине, жайыттардын сапатын жакшыртуу, аларды башкаруунун планын түзүү, малдардын ден соолугун көзөмөлдөө жана башкаларга тийиштүү болгон. Окуу-маалыматтык материалдар, методикалык жана практикалык модулдар, нускамалар иштелип чыккан.

ЖЕКЕ ВЕТЕРИНАРЛАРДЫ КОЛДОО ЖАНА НАСААТЧЫЛЫК

Долбоор ветеринария жаатында насаатчылык системасын демилгелеген. Чүй жана Талас облустарынан ветеринардык факультеттин 48 бүтүрүүчүсү тандалып, ар бирине практикалык билимин үйрөтүү үчүн тажрыйбалуу ветеринар бекитилген. Долбоор насаатчыларга 400 АКШ долларынын өлчөмүндөгү грант берген. Окуучулары кесиптик жолдорун баштап кетүүсү үчүн аларга
1000 долларлык ветеринардык комплекттер тапшырылган. Иштеп жаткан 280 жеке ветеринарга долбоор тараптан колдоо көрсөтүлгөн. Алардын жалпы суммасы 420 миң АКШ долларын түзгөн, ар бирине 1500 доллардан тийген ветеринардык шаймандар: муздаткычтар, термоконтейнерлер, сертификацияланган дары-дармектер жана башкалар берилген.

ЫРААЗЫ БОЛГОН БЕНЕФИЦИАРЛАР

Долбоор Жайыт комитеттери менен жеке ветеринарлар көрсөткөн кызматтарга бенефициарлардын ыраазы болгондугун баалоочу инструмент иштеп чыгып, АРИСтин коомчулукту өнүктүрүү эксперттеринин
(ЭПРО) жардамы менен сурамжылоо жүргүзгөн. Сурамжылоо 2017-жылы жайыт билеттерине ээ болгон Чүй жана Талас облустарынын миңдеген чабандары менен малчыларынын арасында өткөрүлгөн. Жыйынтыгында жеке ветеринарлардын көрсөткөн кызматтарына канааттангандардын жалпы саны 71%, ал эми Жайыт комитеттердин ишине канааттангандар 75% болду.

Кенже Бодошева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 849, 8-14-февраль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан