Жаркын Балыкбаева, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «БУЛ ҮЙДҮ ЖОЛДОШУМ ЭРМЕК МОЙДУНОВГО ӨКМӨТ БЕРГЕН»

Актриса Жаркын Балыкбаевага телефон чалып, «эже, сиздин үйгө конокко баралы» десек: «Биз бай дагы эмес, кедей дагы эмес, элдин ортосу болуп жашайбыз. Карыганда үйү менен мактанды деп эл жаман көрбөйбү? Мейли эми келе бергиле, силер келгиче мен боёнуп, жакшынакай болуп турайын»,- деди тамашалап күлүп. Ошентип айтылган дарекке барып, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Эрмек Мойдунов менен Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Жаркын Балыкбаева жашаган үй менен таанышып кайттык.


Чай маек


«ҮЙҮБҮЗДӨ АКСУУБАЙ АТАБАЕВДИН ДАЛАЙ ИЗИ КАЛДЫ»

– Саламатсызбы, Жаркын эже? Бир эмес, эки чыгармачыл адам жашаган куттуу ак өргөөдө отурабыз. Бул үйдө канча жылдан бери жашайсыздар?

– Эрмек экөөбүз баш кошкондо жатаканада жашадык. Эки балабыз ошол жакта төрөлдү. Кийин мен «Эмгек сиңирген артисти» наамын алганда өкмөт мага «Росcия» кинотеатрынын маңдайынан 2 бөлмөлүү батир берди. Эрмек анда Эл артисти эле, «Эмне үчүн мага бербей, сага үй берет?» деп жини келди. Анан барып айтканбы, билбейм, 5 жыл өтпөй эле, тагыраагы, 1986-жылы ушул 3 бөлмөлүү үйдү өкмөт Эрмекке берди. Башында 7-кабаттан бериптир. Анан Эрмек: «Мен көп ичем. 7-кабатка чыга албай, үйгө жетпестен орто жолдо уктап калбайын. Мага 3-кабаттан бергиле» деп, акыры 3-кабаттан үй беришпедиби. Рахмат өкмөткө! Ошондон бери бул үйдө жашап келатабыз.

– «Үйүңөргө конокко баралы» десеңер уурулар окшойт деп ойлодум, анткени мурда үйгө уурулар кирген эле» деп калдыңыз. Ал окуя качан болду эле?

– Былтырбы же мурдагы жылыбы, айтор, жумуштан үйгө келсем эшиктин баары аңырайып ачык турат. Үйдүн баары чачылган, акча издешиптир да. Болгону 3 миң сом акчам бар эле, ошону, 2 кутуча толтура алтын сөйкө, шакектеримдин баарын алып кетишиптир. Эмне кыларымды билбей эсим ооп калды. Милиция кызматкерлерин чакырып арыз жазгам. Келип үйдү көрүшүп, «ууруларды табабыз» деп кетишкен, ошол боюнча эч нерсе табышкан жок.

– Бул үйдө азыр кимдер менен жашайсыз?

– Кичүү уулум менен жашайм. Кырктан ашып калды, үйлөнбөй жүрөт. Бир үйлөнүп ажырашып кетти. Ал эми улуу балам менен келиним өзүнчө жашашат.

– Үйүңүздө көптөгөн аттуу-баштуу адамдар конок болушса керек? Чыгармачыл чөйрөдө кимдер менен үй-бүлөлүк катышыңыздар бар эле?

– Биздикине конокко Эл артисттердин, Эмгек сиңирген артисттердин көбү эле келишти. Кийин Эрмек каза болгон соң куран окутуп дагы көп киши келди. Эрмек көзү тирүүсүндө Аксуубай Атабаев менен үй-бүлөлүк катышыбыз бар болчу. Аксуубай ыр жазып, эң биринчи Эрмекке келип ырдап берчү. Эрмекке ыры жакса гана ырдап чыкчу ошол ырын. Бул үйдө Аксуубайдын далай изи калды, менин колумдан далай даам сызды.

– Ашканада кандайсыз?

– Эрмекке жакшы тамак жасап берсем «Рахмат, Женя, өмүрлүү бол!» деп чоюлуп сүйлөп мактап калчу. Мени Женя деп атачу. Ал эми тамагым жакпай калса ооз тийип «болду, курсагым ток» деп койчу. «Бир жактан тоюп келдиңби?» деп тамашалап койсом, «Ушул жашымда каяктан тоюп келем? Жаш болсом ошентип айтсаң болот» дейт. «Анан каяктан ичип келдиң десем, «Эми балээ болгон тура! Бильярддан ичип келдим!» дейт. Эрмек өзү элди күлдүрүп сүйлөчү. Акырында мени карап «мунун 5 шариги жетишпейт тура, байкабай үйлөнүп алган турбаймынбы» деп тамашалап койчу.

– Чыгармачыл адамдар үй жумушуна жок эмеспи. Жолдошуңуз кандай эле?

– Ой, кокуй үлүп). Бир ирет Эрмекти «сен мык какканды билесиңби, айланайын, мык кагып берчи» деп тамашаладым. «Мен, албетте, улуу ырчымын, бирок мык какканды билбейм» деп моюнуна алды. Эч нерсе билчү эмес. Мык какканды, керек болсо лампочка которгонду да билчү эмес. «Кой-кой, Женя! Мен тээтиги жактан кулап же ток уруп өлүп калам» деп жанына жолочу эмес. Анан улуу балам келип лампочканы которуп берчү да үлүп).

– Акыркы учурларда сизди тасма талаасынан көрбөй калдык.

– Азыр бөйрөгүм ооруп, жумасына 1 жолу кан алмаштырган жерге барып 4 саат жатам. Ошондуктан 2-3 тасмага тартылуудан баш тарттым. «Ак кеме» тасмасы жаңыланып тартылып жатат да. Ошол тасманын режиссёру: «Сабира эженин ролуна сенден башка ылайыктуу актрисаны таппай жатам. Дарыгерлерден суранып, Нарынга барып тартылып берчи» деп аябай суранды. «Кой, таарынба, тасма ортолоп калганда кан басымым көтөрүлүп сени, тартуучу топтун баарын кыйнап жүрбөйүн» дедим. Тасмага деле ден соолугуң болсо түшөт экенсиң да.

– Үйүңүздө жакшылыктар көп болсун! Тезирээк сакайып кетиңиз!


КОНОК БӨЛМӨ

– Конок бөлмөбүздү Эрмектин көзү өткөндөн кийин кайрадан оңдоп-түзөөдөн өткөрдүк. Китеп текчеде турган китептердин баарын Эрмек жыйган. Китеп окуганды аябай жакшы көрчү. «Женя бул жерге батпайт» деп китептин көбүн сатып жиберди. Алган сыйлык, наамдарыбыз, жолдошумдун сүрөттөрү ушул бөлмөдө турат.



УКТООЧУ БӨЛМӨ

– Жумуштан келген соң эс алуучу бөлмөм ушул. Бош убактымда кино көрөм. «Оорубасам экен, Кыргыз драма театрынын алдындагы театралдык училищеге барып балдарыма сабагымды берсем экен, тасмаларга тартылсам экен» деп ойлоном. Анткени чыгармачыл адамдар эмгекке тойбойт да.



БАЛДАР БӨЛМӨСҮ

– Бул бөлмөдө балам жашайт. Өзүм компьютерди түшүнбөйм. Балдар отурушат ушул жерде.



АШКАНА

– Жаш кезимде 2 казан кылып тамак жасачумун. Көбүнчө гүлчөтай жасаганды жактырчумун. Эрмек менен балдарга эт кошуп кууруп берсең тажабай жей беришчү. Азыр тамак жасаганга шайым жок. Тамакты балдарым, келиндерим келип жасап беришет.



Асхат Субанбеков
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Актриса Жаркын Балыкбаеванын өкмөт берген үйүндө конокто
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Asyl10
2019-02-19 12:31:56
Ээх Союздун адамдары кандай жонокой,барга коппой,жокко чокпогон таза адамдар. Чыныгы талантуу актриса,эч кандай жасалмалуулук,чойроктош жок."Ак кеменин" жаны версиясында тартылса жакшы болмок экен.Оорубуаныз эже,дагы коп тасмаларда тартылып коруучулорду кубандырыныз. Сиздин сабактарынызга жаштар абдан муктаж. Азыркы тасмаларда роль жаратып жаькан копчулук актёр,актрисалардын такыр таланты,чеберчилиги жок,кыжырды кайнатышат.Чынында Эрмек Мойдунов агайдын жубайы экенин билбептирмин.
+10
Kamchybek-007
2019-02-19 18:26:46
Булар алдоо дегенди билбейт да өмүрү узун болсун!! Мен көп ичем 7 кабатка жетпей калбайын дегени кызык экен)))
+3
Kroxa
2019-02-22 07:04:40
Же жонокой адам. ден соолукта болунуз небере чоборо кооп корунуз...
+1
№ 850, 15-21-февраль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан