САЯСАТКА «БОЙ ТАШТАГАНДАР»

Жылдыздар турмушунан

Азыр баары саясатка кызыгып турган убак. Айрыкча биздин эл саясатты сасык дегени менен, андан алыс кете албайт. Атүгүл ырчы-чоорчулар да "саясатташа" башташты. "Сахнада өз ишин кылып жүрө бербейби" деп аларды жактырбагандар да болууда.

“АТА МЕКЕНЧИ”АТАКТУУЛАР

Асылбек Өзүбеков
“Ата Мекен” партиясына Асылбек Өзүбековдун мүчө болуп киргенине 10 жылдын жүзү болуптур. Асылбек Өзүбеков убагында мурунку бийлик тарабынан бир топ эле кысымдар болгонун айтат. Ал эми биздин “сизди депутаттык креслодон көрө алабызбы?” дегенибизге: “Азыр съезд боло элек. Съезд болгондо гана тизме такталат. Бирок тизмеге канчанчы болуп илинеримди билбейм”,- дейт.
Ошентип, “ата мекенчи” агабызды депутат катары көрүп калабызбы же жөн гана мүчөсү деп билебизби, азырынча айтуу кыйын.

Ассоль Молдокматова
Ассоль бирде теледе жүрүп, бирде мода дүйнөсүндө, айтор, имиджин өзгөрткөндөй эле көп жерди байкап көрдү.
Эми партияга кирип, саясат “айылына” бет алыптыр. Бишкектин кай жерине барбагын, бул эжебиздин бренди делинип, турпаты менен көрнөк-жарнактары илинген. Эгер партиянын тизмесине кирсе, көрнөк-жарнактар Бишкекке батпай кетеби дейм. Ким билет, балким, алып салат.

Нурдөөлөт Копоев
Актёрлукту, алпаруучулукту аркалаган Нурдөөлөт саясатка кызыгарын жана бир-эки саясий партиядан сунуш түшкөнүн айтат. Ойлонуп отуруп акыры “Ата Мекенди” тандаганын билдирди.
"Шайлоо башталгыча бир эс алып келейин" деген Нурдөөлөт жайлоодон жаңы түшүп, эми өзү тандаган партиясына мүчө болмокчу. Кыскасы, учурда Кыргыз радиосунда жомок айтып жүргөн Копоев эми “Ата Мекендин” эшигин кагып туру.


“БҮТҮН КЫРГЫЗСТАНДЫК” БЕЛГИЛҮҮЛӨР

Бек Борбиев
Адахан Мадумаров жетектеген “Бүтүн Кыргызстанды” бүтүн кармайм дегендердин сап башында Бек Борбиев турат. Борбиев бул партияга кириш үчүн бажыканадагы жылуу ордун таштап, саясатка баш бакты. Ош коогалаңында бар чындыкты, болгон окуяны болгондой айта коём деп кайсы бир орусча басылмадан, эки укук коргоочу айымдан да жеме угуп алды. Бирок Берадор Сманович сахнаны багындыргандай эле саясатты баштадыбы, демек, баш-оту менен киришерине шек жок.

Асел Турдалиева
Кесиптеши, жакын досу Бек мырзанын айтымында, Асел Турдалиева да аталган партияга кириптир. Өз ишине так мамиле жасаган Асел айым институтта декандык кызматты да бекеринен аркалап калбаган чыгар. Ошону менен катар чыгармачылыгын сүйрөй жүргөн Асел айымды, мүмкүн, “Бүтүн Кыргызстандын” тың чыкма, мизилдеткен айымы же депутат деп таанып калышыбыз ыктымал.

Космос Чыдынов
Алгач “Ош-3000” (азыркы ЭлТР) телеканалында иштеп көрүнгөн Космос Улуттук биринчи каналда жаңылыктар түрмөгүн алпарып жүрдү. Анан Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчисинин орун басары да болду окшойт.
Көптөн бери карааны көгүлтүр экрандан алыстаган журналист жигит да бул партияда. Студент кезинде ОшМУнун алдыңкысы болгон, ораторлук жагынан “акеси” Адахандан кем калбаган Космосбай партиясын сүйрөчүдөй көрүнөт.

Чыңгыз Мырзаев
Ырчы жигиттин “Бүтүн Кыргызстанга” кирүүсүнүн себебин Бек Борбиевге байланыштыргым келди. Себеби Чыңгыздын Бек мырза менен абдан ынак экенинен кабарыбыз бар. “Партияга кир” деген сунушту, балким, башка бирөө айткандыр же өзү каалаган чыгар. Саясатка кадам таштаганга эмнеге Чыкеге болбосун, болот. Насип буюрса, бир күнү келип парламенттин трибунасында сүйлөп калчу же саясий анекдот айтчу мезгили алыс эместир.


ОРТОДО ОЙЛОНУП ТУРГАНДАР

Гүлшайыр Садыбакасова
Ош окуясында филармонияны өрттөн алып калган Гүлшайыр эже мурда бир да партияга кирген эмес. Эже КСДП, “Ата Мекен”, “Бүтүн Кыргызстан” саясий партияларына ишеним артып турганын билдирди. Кайсынысы көңүлгө туура келип, келечек үчүн керек болсо, ошого бет аларын айтты.
376 кызды “Кыз-Буракта” тарбиялап, сахнага бет алдырган аялзаты кайсы партияга кирбесин, төрдөн орун алса керек.

Урмат, Неля
Урмат Усеновдун “буюрса, депутат болом, саясатка аралашам” деп айтканын көпчүлүк билет. Бирок кайсы партияны “көзгө атарын” азырынча сыр кылып айтпай келет.
О, Урмат мырза оңойлук менен аты белгисиз, жаңыдан уюшулган партияга кирбей калды го. Көксөгөнү айтылуу саясий партиялардын бири болору анык. Ырчы өзү кирген партияга жубайы Нелянын да кирерин баса белгиледи. Ал гана эмес, “уулум Нурэл да чоңойсо, ата-энеси мүчө болгон партияны тандайт” деп тамашалайт.

Бурул Исмаилова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
maradona
2010-07-13 11:29:06
эх саясат саясат!!!! Мен булардын ичинен Бек борбиев менен Г.Садыбакасова эжелерге ишенем. Сиздерге ийгилик
0
Aspirant
2010-07-13 19:25:20
ырчылар сахнада журсо жакшы го. Саясат деген сахна эмес. Мамлекеттик денгээлде чечим кабыл алуу менен сахнада ырдагандын ат менен бээдей айырмасы бар...ушуну эске ала жургуло ырчылар :)
0
LIVER
2010-07-15 12:55:36
Хехе! Урмат озунун эле оокатыны кылсн болмок.с твоим то умом не знаю как получится, нужны кваливикационные люди которые в этом деле кошку сьели.
0
guzalya
2010-07-15 15:04:26
ырчынын орду сахнада
0
Ceed
2010-08-03 17:18:31
Депутаттардын баарын бизнесмен дечуу элек, эми партиянын мучолорун ырчылар тузуптур да. Саясатта силер эле жетпей жаткансынар!
0
birtuugan
2010-09-08 11:02:14
Ak jolchular kairadan at chabyshty bashtadyby??

Zaman talaby Zamandash
0
№ 401, 9-15-июль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан