АЙ АДАМГА КАНДАЙ ТААСИР ЭТЕТ?

Жердин жандоочусу болгон Айдын адамга, жаныбарларга, өсүмдүктөргө тийгизген таасирлери тууралуу пикирлер көп. Кайсынысы туура, кайсынысы калп? Изилдөөчүлөрдүн жана адистердин пикирине көңүл бөлөлү.

Ай – Жердин жандоочусу. Массасы – 7,3.1022 килограмм (Жерден 81 эсе кичине). Айдан Жерге чейинки орточо аралык – 384 467 чакырым. Ай Жерди 27,3 суткада бир айланып чыгат. Ай өзү жарык чыгарбайт, бирок Жерге Күндүн жарыгын чагылдырып берет.



«ДЫЙКАНЧЫЛЫКТА ҮРКӨРДҮН МААНИСИ ЧОҢ»

Абакир Калыбеков, Кыргыз улуттук университетинин физиканы окутуунун технологиясы кафедрасынын ага окутуучусу, астрономияны окутуунун ыкмалары боюнча адис:

– Европалык астрономдор ар кандай метеорологиялык кубулушка Айдын таасири жок деп жыйынтык чыгарышкандан бери Айдын таасирине көңүл бурулбай калган. Анткени Европага океандын таасири күчтүү болуп, Айдын таасири билинбейт. Биз материктин ортосунда жашагандыктан Айдын таасири көп байкалат. Кыргыздын миң жылдап колдонуп келген элдик календары бар. Эми аны кайрадан эл чарбасына колдонушубуз керек. Мисалы, «Ай караган текедей болуп» деген сөз бар. Анткени кийиктер Айдын фазаларын ички туюмдары менен сезип, куут мезгилин ошого жараша жүргүзүшөт.

Ар бир 27,3 суткада Ай Үркөр (Плеяды) топ жылдызына жакын келет, бул кезди кыргыздар тогоол деп аташат. Кийиктер жайытка чыкпай, балыктар таш коңулуна жашынат. Демек, аңчылык менен балык уулоого ылайыксыз мезгил.

Апрелдин 25-26ларында Үркөр батат. Ушуга чейин дан эгиндерди сээп калуу керек. Анткени Жердин энергиясы өйдө карай жылат. Үркөр баткандан кийин кызылча, картошка, түрп сыяктууларды эгүү керек. Жердин энергиясы ылдыйды көздөй жылат.

Үркөр кайра 20-июнда көрүнөт, ошол кезге чейин кымыз ичсе дарылык касиети көбүрөөк болот.

«Ай жаңырган сайын тери оорулары жаңырат»

– Ай жаңырган кезде Ай Күнгө жакын жерден өтөт. Ай менен Күндүн тартылуу күчү бир багытта болуп, Жердин бетине чоң таасир берет. Океандарда суу ташкындап, кайра тартылат. Жердин кабыкчасы да өзгөрүлүп, бузулуп, 50 сантиметрге чейин көтөрүлөт жана түшөт. Айрым окумуштуулар адамдын организминдеги гормондор көбүрөөк иштеп баштайт десе, элдик дарыгерлер Ай жаңырган сайын тери оорулары жаңырып турат дешет.

Ай, Күн менен бир тик сызыкта жатып калганда Ай чалкалап жаңырат. Жаан-чачын көп болот. Ай тик сызыктан 5 градус четтеп жылып жаңырса, анда кырынан жаңырат. Жаан-чачын аз болот.


ТОЛГОН АЙ АКЫЛДАН АДАШТЫРУУСУ МҮМКҮНБҮ?

Ай толгон кезде вампирлер жана кубулма жандыктар (оборотни) аңчылыкка чыгат деген уламыштар айтылып келет. Негизи «адам Айдын таасиринин астында реалдуулуктан алыстайт» деген ишеним тээ илгери жаралган жана кеңири таркап кеткен. 2014-жылы европалык окумуштуулар жүргүзгөн тажрыйбага 33 адам катышып, алар Ай толгон кезде лабораторияда уктап, мурункуларга караганда 15 пайыз начар укташканын айтышкан. Бул изилдөө ММКлардын көңүлүн бурганы менен, изилдөөчүлөр өздөрү жыйынтык чыгарууга шашкан эмес.

1985-жылы америкалык психологдор Жеймс Роттон жана Айван Келли Ай фазаларынын адамга тийгизген таасири тууралуу жүргүзүлгөн 37 изилдөөнү анализдеп көрүшкөн. Жыйынтыгында Айдын психикалык оорулардын курчушуна, суицидге, жол кырсыктары жана кылмыштарга таасири жок деп айтышкан. Болгону толгон Ай майрам жана дем алыш күндөргө туш болуп калган деп белгилешкен.

1992-жылы батыштын окумуштуулары башкалардын жүргүзгөн 20 изилдөөсүн анализдешип көрүп, Ай менен суициддин байланышы бар экендигин аныктай алышкан эмес.

Ай толгон кезде адамды иттер көбүрөөк тиштейби?

Англиядагы Брэдфор ооруканасынын врачтары 2 жыл ичиндеги медициналык маалыматтарды изилдеп көрүшүп, Ай толгон кезде ит, мышык, ат тиштеген адамдар көп болгонун билишкен. Бирок бул эмне менен байланыштуу экендигин жана окуялар түндө же күндүзү болгонун тактай алышкан эмес.

Айрым окумуштуулар Ай жаңырганда гормондор көбүрөөк иштеп баштайт жана Ай толгондо уйку бузулат деген гана көз карашты карманышат. Ошентип Ай адамдын жүрүм-турумуна таасир этет дегенге ишенимдүү илимий так маалымат жок.

КАЙСЫ ФАЗА АДАМГА ПАЙДАЛУУ?
(астролог жана биоэнергетиктердин пикирлери)

Айдын 1-фазасы. Адам активдүү болуп, максатка умтулуусу күчөйт. Эгер план түзсө, так, жакшы түзүлөт да, ийгиликти алып келет. Бирок шашпай алгач ойлонуп көрүп, анан ишке ашырууга киришүү керек. Баш, көз ооруларын дарылатса жакшы натыйжа берет. Жерге эмне отургузса да жакшы өсүп, түшүмү мол болот.

Айдын 2-фазасы. Энергия толо баштаган учур. Иш ордун алмаштырууга, саякаттоого, өт, боор, жоон ичегилерди дарылатууга ылайыктуу кез. Бирок операцияларды жасатууга болбойт! Кан кетүү коркунучу жогору. Өсүмдүктөрдү отургузуу иштерин жүргүзүү сунушталат.

2-фаза күчтүү эмоционалдык чыңалуу да кези. Көңүл коштук мамилелер бизге катуу тиет. Чыр-чатактарды, маселелерди чечүүгө, жолугушууларды уюштурууга ылайыктуу.

Айдын 3-фазасы. Тең салмактуулукту сактап иш жүргүзүүчү кез. Баштаган иштерди бүтүрүүгө ылайыктуу. Жаңы ишти, эгер ал кийинки фазага жетпей бүтө тургандай болсо гана баштоо керек. Адамдын энергиясы азая баштайт, тамакка табит төмөндөйт. Ашыкча салмактан арылууга, жыныстык органдардын ооруларын айыктырууга киришсе болот. Дыйканчылыкта тамыры түшүм берүүчү өсүмдүктөрдү эгүү жакшы.

Айдын 4-фазасы. Адамдын энергиясы аз, бат чарчап, аз жана жай кыймылдап калат. Иммунитет төмөндөйт. Активдүү болуунун кереги жок, жыйынтык алып келбейт. Үйдөгү эски буюм-тайым, кийимдерди ыргытып, ички органдарды тазалоого киришсе болот.


«АЙ ЖАҢЫРГАНДА ИНФАРКТ, ИНСУЛЬТКА ЧАЛДЫГУУ КӨБӨЙӨТ»

Индира Исманкулова, астролог, парапсихолог:

– Айдын таасиринен улам океандарда суу ташкындап, кайра тартылып турат. Адамдын организминин 80 пайызга жакыны суудан тургандыктан сөзсүз Айдын таасири тиет. Өзгөчө жылдыз төлгөдөгү суу белгисин алып жүргөн: бөйөн, чаян, балыктарга таасири күчтүү.

Өсүмдүктөрдү эгүү жана чач кыркуу боюнча ай календарлары бар. Чачты Ай жаңырганда кыркпайт, өмүрдү кыркат деп коюшат. Ай толо баштаганда чачты кыркса бат өсөт. Кыргыздарда Айдын энергиясын көтөрө албайт деп жаңы туулган баланы 40 күнгө чейин Айга көрсөтпөйт.

Ай толгон кезде кара энергия көбөйөт. Нервдик чыңалуулар, стресс өсөт. Уйку бузулат, жаман түштөр кирет. Психикалык оорулар курчуп, суицид көбөйөт. Кара күчтөр жанданат, андыктан караңгыда жалгыз жүрбөө керек. Жаныбарларда да агрессивдүүлүк өсөт, кутуруп кеткендердин саны артат.

Ай жаңырып, Ай көрүнбөй калган 1-2 күндө табигат жана жол кырсыктары көбөйөт, инсульт, инфаркт менен ооруканага түшкөндөрдүн саны арбыйт.


Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Snejana
2019-02-19 11:22:10
1-2-фаза дегенди кандай тушунсо болот? Кайсы учурларды айтат? Билгендер айтып койгулачы.
0
sagunur2016
2019-02-19 11:41:48
Snejana,жогоруда суротто корсотулуп турат
+4
Flowhive
2019-02-19 16:02:07
Рен тв болуп кетипсиңер го
+2
Flowhive
2019-02-19 16:03:15
РенТВ болуп кетипсиңер го
+1
Floweriza
2019-02-19 18:31:41
109 эсе чоң жерден деп окуткан го 5-класста табият таануудан бул жерде 81 эсе кичине дейт го
0
radostmoya
2019-02-20 00:10:21
Floweriza,кичине. Жердин спутниги.
+2
Janna07
2019-02-20 08:18:22
Ширк!!!
0
№ 850, 15-21-февраль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан