БААСЫ 118 МИҢ ДОЛЛАРЛЫК БОНСАЙ УУРДАЛДЫ

“Токиодогу Сайтама багынан жакында көргөзмөгө коюлуучу 400 жылдык бонсайды белгисиз бирөөлөр уурдап кетишти. Ээси анын болжолдуу баасын 118 миң доллар деп баалоодо. Көмүскө базарда андан да кымбатка сатылышы мүмкүн” деп жазат CNN басылмасы.

Маалыматта айтылгандай, өсүмдүктүн ээси Фуюми Иимура Фейсбуктагы жеке баракчасына “Мени баарынан ойлондурганы – ага өзгөчө кам көрүү керек. Уурдагандар ага кам көрүшөр бекен? Сураныч, сугарып туруңуздар. Бир жумадан ашык сугарылбаса куурап калышы мүмкүн. Эгер жакшы кам көрүлсө, бонсай түбөлүккө өсө берет” деген билдирүүсүн калтырган. Полиция уурулар атайын максат менен бул кадамга баргандыгын айтышууда. Анткени бул бактан бир учурда эле 7 баалуу бонсай уурдалган.


 

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 850, 15-21-февраль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан