"Улуу Британиянын Саутгемптон шаарындагы ооруканада жаткан 65 жаштагы Энди Сас итинин үнүн угары менен комадан чыкты" деп жазат Metro басылмасы. Маалыматка таянсак, Сас химиотерапиядан кийин пневмониянын курч түрүнө кабылып, дарыгерлер аны жасалма комага түшүрүүгө аргасыз болушкан. Оорулуунун абалы жакшыра баштаганда анын палатасына итин киргизишет. Итинин үнүн уккан киши дароо өзүнө келген. Белгиленген убакыт боюнча ал 3 күндөн кийин эсине келмек. “Тед – аябай акылдуу, ишеничтүү, шаңды жакшы көргөн ит. Мен аны жаныбарлар кармалуучу жайдан багып алгам. Дайыма “мен Тедди, Тед мени өлүмдөн куткарып калган” деп айтам” деп Сас итине ыраазычылыгын билдирген. Ит 2018-жылдын аягында атайын терапия курсун аяктап, бүгүнкү күндө оорукана, хоспис жана карылар үйүндө иштөөдө.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg