ҮКҮ МЕНЕН КАРГА (ЭСКИМОС ЖОМОГУ)

Бул окуя мындан бир канча жыл мурун болуптур. Үкү менен карга чогуу жашап, чогуу тамактанып аябай ынак болушкан экен. Бир күнү үкү каргага:

– Карга, экөөбүз картайып, жүнүбүз агарып, кейпибиз кетти. Чынында ага чейин деле сулуу эмес болчубуз бозоруп. Башка куштарды карачы, кандай кооз, кызыл, сары, көк... Кел, бири-бирибизди боёп, сулуу болуп алабыз. Алгач сен мени, анан мен сени боёйм.

– Туура айтасың, бизди жайында гана байкашпаса, башка учурда эч ким деле байкабайт,- деп карга үкү досунун сунушуна дароо макул болот. Анан өзүнүн канатынан бир тал жулуп алып:

– Үкү, таштын үстүнө чык. Мен сага азыр башкача өң берем,- дейт.

Ошентип карга кара боёкту алып үкүнүн ар бир тал жүнүн кара менен кооздоп чыгат. Ичинен “мен үкүнү супсулуу кылып жатам, ал да мени сулуу кылат” деп ойлонот. Ал эми үкү болсо “бул карга мени отургузуп алып кечке кыйнады го. Шашпасын, кезеги келгенде мен аны көз ачып жумганча боёп салам” деп ойлойт. Боёп бүткөн карга:

– Карачы, кандай кооз болуп калдың?! Эми шамалга отуруп курган. Анан мени боёйсуң.

Үкү курганган соң каргага:

– Сен таштын ылдый жагына эле тур, мен башкача ыкма менен боёйм. Көзүңдү жумуп тур, ач дегенде ачасың, макулбу?

– Макул. Карга үкүнүн айтканын жасап, көзүн бекем жумат. Бул убакта үкү боёкту алат да, карганын башынан ылдый куюп жиберет.

– Мына, бүттүм. Мен сени кыйнабай эле бат эле боёп салдым. Эми шамалга бир аз тура тур, анан көзүңдү ачасың.

Курганган карга көзүн ачып эле кыйкырат:

– Эмне кылганың бул?! Капкара кылып салыпсың го! Эми мени коёндор да, чычкандар да дароо байкашат! Мен эми кантип азык таап жейм?!

– Сен өзүң кооз болом дедиң го? Эми сени кышында да, жайында да баары байкашат.

– Мен сени чын дилимден боёдум эле супсулуу кылып. А сенчи, мени эмне кылдың? Эми менин балдарым да капкара болушат. Жогол, үкү, көзүмө көрүнбөй жогол!

Корккон үкү дароо учуп кетет. Ошентип ошол күндөн тарта карга кара түстө, ал эми үкү ала-була болуп калат. Анан да карганын каарынан корккон үкү ага жолукпоого аракет кылып, түнкүсүн гана учуп калыптыр.

 

Дамира Арстанова
balakai@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 850, 15-21-февраль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан