СОГДИАНА ИНДИЯЛЫК ЖИГИТКЕ ТУРМУШКА ЧЫГАТ

Өткөн саныбызда “өзбек кызы Согдиана “Виа Гранын” солисткасы болгону турат” деп жазган элек. Бул аптада болсо өзбек ырчысы турмушка чыгууга камданып жатканы маалым болду. Ырчы айымдын болочок өмүрлүк жолдошу индиялык Рам аттуу бизнесмен экен. Түгөйлөр бир жыл мурун ырчынын мекени болгон Ташкентте таанышышкан. Капчыгы калың бизнесмен чырайлуу кызды бир көрүп эле жактырып калган. Бирок, анын белгилүү ырчы экенинен кийин гана кабардар болгон. “Рам ишеничтүү, боорукер адам. Биз үлпөт тоюбузду Россиядан өткөрүп, анан Индияга барып, Рамдын дини талап кылган кришнаиттик салт боюнча өткөрөбүз” дейт Согдиана. Экөөнүн ушул күнгө чейин чогуу түшкөн бир дагы сүрөтү жок. Анткени, Рамдын дининдеги салт боюнча үйлөнгөнгө чейин чогуу сүрөткө түшпөш керек экен. Эки жаштын тою апрель айынын этегинде болот. Баарынан кызыгы, эми өзбек туугандар индиялыкты толук кандуу күйөө бала катары кабыл алышат болду бекен?...


“БЛЕСТЯЩИЕ” ДАГЫ БИР
СОЛИСТКАСЫНАН АЖЫРАЙТ

“Блестящие”тобунун солисткалары Анна Семёнович менен Ксения Новикованын топтон кетиши дүңгүрөгөн жаңылык болгон эле. Эми топтун дагы бир мүчөсү Надя Ручка да топ менен коштошкону турат. Надянын кетишине сахналашы Александр Маршал себепкер экени да анык болду. Тактап айтканда, Надя менен Александр үч жылдан бери мамиле куруп келишкен. Экөөнүн мамилесине Александрдын мыйзамдуу түрдөгү жубайы Наталья каршы чыгып, анын айынан ырчылардын ортосунда келишпестиктер болуп, таарынышып кеткен күндөр болгон. Антсе да бири-биринен биротоло кол үзүшкөн эмес. Эми Надя бактысы, сүйгөн адамы үчүн күрөшүүгө даяр экенин ачык эле айтууда.


РАТМИР АВТОКЫРСЫКТАН КАЗА ТАПТЫ

26-март күнү “Фабрика звёзд-4” теледолбоорунун катышуучусу, “Банда” тобунун солисти Ратмир Шишковду жакындары алыскы сапарга узатышты. Маркум менен коштошкону “Фабрика звёзд-4” долбоорунун бардык катышуучулары менен бирге долбоордун продюсери Игорь Крутой да келди. Кырсыкты кайдан деп болобу, “Мерседес” машинасында достору менен бейкапар келаткан Ратмир “Фольксваген” машинасы менен кагылышууга учураган. Катуу кагылышуудан улам “Мерседестин” Ратмир отурган тарабындагы бензобагы жарылып, машина толугу менен күйүп кеткен. Кырсык болгондон бир нече убакыт өткөндөн кийин гана каза тапкандардын арасында Ратмирдин бар экени такталган.


КРИСТИНА 1 МИЛЛИОН ДОЛЛАРГА ЫРДАЙТ

Белгилүү америкалык ырчы Кристина Агилеранын Москвага жакын арада келээри белгилүү болду. Ырчы Россиядагы күйөр­мандарына коюп берген концерти үчүн 1 миллион доллар талап кылган. Мындан жарым жыл мурун Кристина Москвага келип, жеке кечеге жарым саат катышып бергени үчүн да 1 миллион доллар кө­лөмүндөгү гонорар алганы белгилүү. Супер жылдыздын Россияга келээрине эки ай убакыт бар болсо да, азыртадан чоң даярдык көрүлүүдө. Айтканынан кайтпаган ырчынын талаптарын орундатуу үчүн азыр уюштуруучулардын буту-бутуна тийбей жүгүрүп жүрүшкөн кездери.


ЛЕОНАРДО МЕНЕН КЕЙТ БИРГЕ КИНОГО ТАРТЫЛЫШАТ

“Титаник” тасмасында сү­йүүнү даңазалаган Леонардо Ди Каприо менен Кейт Уинслетти кимдер гана билбейт. Сүйүшкөн эки жаштын адам суктанаарлык бактылуу мамилесин чагылдырып берген актёрлор жакын арада дагы съёмкалык аянтчада жолугушаары маалым болду. Бул киножылдыздар Сен Мендостун “Революция жолу” аттуу тасмасына тартылууга келишимге кол коюшкан. Кино Ричард Йейтстин романынын негизинде тартылат. Анда Леонардо менен Кейт шаардын чет жагында жашаган эки балалуу жубайлардын турмушун чагылдырышат.

Даярдаган Жаркынай Нусубалиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 230, 30-март-5-апрель, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан