Жашоо карама-каршылыктарга толгон татаал лабиринт окшойт. Кандай шартты сунса, ошого карата өзгөрүп кете берет экенсиң. Келинчегимди сүйүп, тоодой каршылыктарга туруштук берип үйлөнгөм. Жаңы үйлөнгөндөгү романтиканы айтпагыла. Келинчегимдин мен сюрприз кылып белек кылган кутучаны жан талаша ачып, кыткылыктай моюнума асылганы өзгөчө жакчу. Бир күнү ал “Жаным, мага гүл, шакек, алып келгениң жагат. Бирок арзан шакектердин баарын жыйып алып эмне кылам? Андан көрө топтоп чоң нерсе берсең” деп өзүнүн саясатын акырындап жылдыра баштады.
Акылдуум десе, келечегибизге кам көрүп жатканына кубандым. Аз өтпөй балалуу болдук, бул абалда романтикага кайдагы орун? Такма жалаяк ташымай, уктап жатып баланын ыйын уксаң башыңды чүмкөп алмай. Эртеси жумушта уйкусурап отурасың. Ал убактан да акырындап өттүк. Баланы бала бакчага берип, эми келинчегим иштей баштады. Аял киши өзү кызык да, күндө бир нерсеге таасирленип келет.
– Кечээ күнү Гулянын күйөөсү жумуштан ары кафеге чакырып кетти.
– Айгүлдүн жолдошу айына ага
20 миң сом коротот экен.
– Жумушта Айбек деген жигит бар. Аябай үй-бүлөсүнө камкор, күнүнө аялына 5 жолу чалат.
– Мен сага чалбаймынбы эмне?- дейм.
– Сен чаласың. Эмнеге билесиңби? “Бүгүн эмне тамак жасайсың?” деп сураш үчүн кечинде бир маал чаласың. Сен мага би-ир жолу акыбалымды сурап чалдыңбы?
Бырылдап ыйлап баштайт. Сооротсом күчөп кетерин билем да, өзү басылып калабы деп ойлоп ары карап жатып алам. Кудай жалгап кээде уктап калат. Чынын айтсам, мен азыр романтикага алым да, көңүлүм да жок. Эми ал убак кетпедиби, асманды тиктеп, жетелешип баскан убактын өз учуру болот да. Бирок айтып көр аны. Анда эле балээге калдың, “сен сүйбөйсүң” деген куплеттер башталат. Инстаграм деген нерсе чыкты. Эркектер тизесин бүгүп сүйүктүүсүнүн колун сурап, баалуу нерселерди белек кылып, чет өлкөгө саякатка алып барып, жөн калбай ар бир кадамын жарыялап мактанышат. Ий-ий, айланайын эркектер, ушуну жөн эле койгулачы. Буканын мурдуна кызыл чүпүрөк көрсөтүп, кызыктыргандай эле кылып жатпайсыңарбы биздин аялдарды.
Бир күнү кечке маал келинчегим чалды.
– Кел, бүгүн кафеден тамактанабыз.
– Эмнеге?
– Жөн эле болбойбу, бүгүн айлык алдың го.
– Айлыкты эмнеге короторубузду билесиң да.
– Бир күн болсо да романтик болуп койчу, баланча аялын...- деп баштаганда эле токтотуп койдум.
– Романтиканы эмне кыласың, картөшкө кууруп койчу.
Кечинде келсем тамагын жасап коюптур. Тамашалап ала келген эки шамды столдун четине күйгүзүп койдум.
– Мына, сонун болду, ээ?
Күлүп баратып мостоюп калдым. Келинчегимдин жүзүнөн эки тамчы жаш кулап бара жатыптыр. Шаштым кете түштү.
– Эй, сен чындап эле ыйлап жатасыңбы?
Ал туруп кетти. Ошондон баштап мен келсем деле, кетсем деле унчукпайт, бир нерсе сурасам көңүлсүз жооп берет. Мени караганда күйүп кетчү көздөрүнүн нуру өчүп кетиптир. Өзүм думуга баштадым. “Кантип көңүлүн алсам?” деп ойлонуп жүргөнүмдө 14-февраль жаштардын сүйүү күнү жакындап калды. Ошол күнү бапылдап кар дагы сонун жаап жатты. Жумуштан чыгып бир аз бастык.
– Карасаң, бир нерсе жатат,- деп калп эле кардын алдындагы нерсени түртүп койдум.
– Эмне экен?
– Билбейм, карасаң.
Үңүлүп карап калды. Кардын арасынан бантиги бар кичине кутучаны колуна алды.
– Эмне бул?
Мени тиктеп алып, жүзү жайнап кетти. Кыялданып жүргөн кымбат баалуу шакек болчу. Моюнума асылып, кыткылыктап күлүп жатты. Оо, бул күлкүнү укпаганыма көп болуптур.
– Хе, арзан эмес, кымбатын алдым бул жолу.
– Мен белекти сагындым дейсиңби, мен сени, бизди сагындым...
Бут алдыбызда кыртылдаган кар. Кол кармашып кетип бара жаттык. Эркектер, кээде бактылуу болуу өз колубузда турса деле бир нерсе боло беребиз. Бир аз убакыт таап, романтика тартуулап жубайыңызды бактылуу кылып койсоңуз деле болот тура, туурабы?..
Данияр