“1988-1987-жылдары дүйнө жүзүндө 2 500 баланын бири аутизм дартына кабылса, мен төрөгөн 2015-жылы ар бир 50-бала ушундай өзгөчөлүк менен төрөлгөн. Статистикага караганда, кийинчерээк эки баланын бири аутист болушу мүмкүн экен” дейт Альбина Бейшембиева. Альбина Бейшембиева менен жолдошу Нурбек Савитахунов экөө тең чыгармачыл адамдар. Учурда Москвада жашап жаткан ырчы менен актриса тун уулу Артурду калыбына келтирүү сабактары үчүн элден каржылык жардам суроодо. Анда кеп башынан болсун.
“БАЛАМДЫН ТИЛИ ҮЧ ЖАРЫМ АЙЫНДА ЧЫККАН”
– Биз Нурбек экөөбүз баш кошкон соң Москвага көчүп барганбыз. Кош бойлуу экенимди билгенде, албетте, кубандык. Курсагымдагы балама жакшы кам көрөйүн деп жумуштан да чыгып алдым. Күндө сейилдечүмүн, витамин ичип, диета кармадым. Бирок кечке жатындын тонусу боло берчү. Төрөт оор өтүп, балам төрөлгөндө ыйлаган эмес. Кош бойлуу аялдарга дарыгерлерге ишене бербей, өзүңөр деле жакшылап изилдеп чыккыла демекмин.
Мен Москвадагы белгилүү гинекологдо каттоодо тургам. Ал кечке кальций жазып берчү. Кальцийди ашыкча ичкендиктен баламдын 3 айында эмгеги катканын кийин билдим. Ошондо биринчи жолу дарыгерди укканыма өкүнгөм. Артурдун тиши 3 айында чыкты. Аябай жоош болчу, эки жакты тигилип карап жата берчү. 3 жарым айында “папа” деп тили чыгып, кийин “мама” деп айтып калды. Нурбек 2 жашында окуган экен. Бул өзгөчөлүк генден окшойт деп кубанып койгонбуз.
6 айга толгондо Артур бирин-экин англис, орус тилинде сөздөрдү айтып баштады. 6 жарым айында “атың ким?” десе, “меники Артур” деп жооп берчү. Башка балдарга тийишип, ойночу. 8 айга жакындап калганда аң-сезимин өстүрүүчү курстарга алып барууну чечтим. Башка балдардан вирус жугузуп албайлы деп АКДСтин (көк жөтөлгө, кептөөргө, селейме, сарыктын В түрүнө, b тибиндеги гемофилдик инфекцияга каршы вакцина) ордуна коркуп 6500 рублга кымбат импорттук таза вакцинаны алдык. Вакцинадан кийин балам кыңкыстап, мурду агып баштады. Ай сайын ОРВИге кабылчу болдук. 1 жаш 2 айында Ысык-Көлгө келип ичеги инфекциясын жугузуп, Москвадан дарыландык. Бирок дарыгер диета керектигин, кайра анализ тапшыруу зарылдыгын айткан эмес. Барган сайын Артурдун уйкусу бузулуп, экинчи уулумду төрөгөндөн кийин такыр эле уктабай калды.
“КӨКҮРӨГҮ МЕНЕН ДУБАЛДЫН КЫРЫН СҮЗЧҮ”
– Өзгөчө балдар жашоосундагы жаңы нерсени терс кабыл алышат экен. Аны биз ал кезде билген эмеспиз. Батир которгонубуз, экинчи уулубуздун төрөлүшү, Артурдун өзүнчө керебетке бөлүнүшүнүн баары аны стресс абалга алып келди. Ошондон кийин 6 мүнөттөп бир чекитти карап турган адаты пайда болду, уйкусу азайды, гиперактивдүү болуп баштады. Ушул маселелер менен 2 жашында невропатологго көрүнсөк ноотропторду (акыл-эсти өстүрүүчү препарат) жана кортексин (неврологиялык жактан жабыр тарткандарга колдонулат) жазып берди. Ошондо да дарыгерден тактап, “чын эле жардам береби, балама зыяны болбойбу?” деп сурагам. Невропатолог “бул жерде ким врач?” деп кагып салганынан унчукпай кала бергем.
Өзүм үйдө укол сайып жаттым, 6-күнү жоош балам агрессивдүү болуп, мени түртүп баштады. “Бала агрессивдүү болушу мүмкүн, бирок өтүп кетет” деп эскертишкендиктен аягына чейин уколду сайдым. 10 күндөн кийин сүйлөп жүргөн балам түнү уктабай, сүйлөбөй да калды. Эч нерсе болбосо деле көкүрөгү менен дубалдын же стол болобу учтуу кырларына барып өзүн уруп жатты. Анда Артурду толук билбейм да, антпе деп урушуп койсом тиземе келип сүзөт, урат, кыйкырат. Суткасына бир саат уктачу, анда да энергиясы калбай, мен урушуп, ыйлап алсырап калганда гана...
Ал кезде экинчи уулубуз Алан кичинекей болчу. Артур уйкуга кеткен бир саат ичинде мен тамак жасап, үйдү жыйнап үлгүрүшүм керек эле. Мындай учурда уйкудан баш тартып, тамак жасап, үй жыйнап, суткалап уктабай калган күндөрүм болду. Уйкумду ачыш үчүн жактырбаган кофени литрлеп ичтим, шоколад жеп кубат алып жаттым. Ошентип Артурду 2 жашынан 3 жашка чейин өзүм жалгыз карадым. Нурбектин тынчын алгым келчү эмес, анткени ал биздин келечегибиз үчүн акча таап иштеп жатты.
“ДАРЫГЕРЛЕРГЕ АКЧА ЭЛЕ КЕРЕК ЭКЕН”
– Артурдун уйкусун калыбына келтирели деп Бишкекке алып келип кой союп, түлөө бердик, күчтүү молдолорго дем салдырдык. Москвага барганда балабыздын уйкусу калыбына келе баштады. Ошондо гана менде убакыт болуп, баламды изилдөөгө кириштим. 6 айынан кошумча тамактарды берчүмүн. Бирок анын баары Артурдун организмине уу болуп чыкты. Глютенди кабыл албаган организм диетага отурушу шарт экен.
Мен бир жыл ичинде жөн гана баланы көрсөткөнүм үчүн дарыгерлерге 480 миң рубль короттум. Бирок жыйынтык болгон жок. Аларга акча эле керек экен. Дарыгерлердин туура эмес көрсөтмөсүнөн балам өсүп келаткан жеринен кайра артка кетти. Аларды угуп, айткандарын кылып жатып ушул абалга жеткирдим. Артур 3 жашка чыкканда анализдери сымаптан ууланганын көрсөтүп, 2-3 жерден аутист деген диагнозду коюп беришти.
“АҢ-СЕЗИМИ 2 ЖАШТАГЫ БАЛАДАЙ”
– Артурду 3 жашынан баштап калыбына келтирүү аракеттерине кириштик. Дарыгерлер жазып берген дары, уколду бербей койдум. Нейрокоррекция, АВА-терапия (сырткы чөйрөнүн балага тийгизген таасирин аныктоочу илим), курамында глютен-казеин жок диеталык тамактарды берип, биомедициналык дарылоого өттүк. Бир жылга жетпеген убакытта горшокко өз алдынча барууну, чакырганда караганды, өз алдынча тиш жууп, кийингенди, окуганды үйрөндү. Азыр Артур мурункудай көзүн алып качпайт. Англис, орус, кыргыз тилинде 3 сөздү бириктирип сүйлөйт. Китептерди окуйт, ырдайт, тамгаларды билет, 52 бөлүктөн турган пазлды чогултат, 200гө чейин санайт. Ошентсе да азыр физикалык жактан алсыз. Жаман-жакшыны айырмалай албайт. Жакында 4 жашка чыкса да аң-сезими 2 жаштагы баладай. Артурдун ашыкча сезимталдыгын, эл түшүнбөгөн тил менен сүйлөгөнүн, себепсиз кыйкырып, ыйлаганын жок кылып, өзүн-өзү коргоону үйрөтүү үчүн бизди алдыда көп терапиялар күтүп турат.
“АУТИСТ БАЛДАРДЫ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮГӨ БОЛОТ”
– Уулубузду калыбына келтирүү үчүн сабактарга, диетага абдан көп каражат жумшалууда. Кээде жетишпей баратканда алтындарымды, кымбат кийимдеримди саттым. Балама бардык шартты түзүп бере албаганым үчүн депрессияга кабылдым. Өзүмдү-өзүм жедим. Нурбек канчалык аракет кылып, биз үчүн акча таап жатса да баланы реабилитация кылганга көп каражат керектелүүдө.
Артурдун аутизм менен жабыркаганын коомчулукка жарыялаш үчүн эки жыл даярдандым. Мурун бул нерсени уят көрчүмүн. Кийин анын уяты жок экенин, эгер мен башымдан өткөнүмдү, жетишип жаткан ийгиликтеримди элге айтсам, балдарынын дартын жашырып жүргөн өзгөчө балдардын энелери ойлонуп калабы деген ой болду. Аутист балдар кадимки эле балдардай, бирок уникалдуу, ошондуктан аларга өзгөчө таза тамак берип, өзгөчө көңүл буруш керек.
Биз элден сураган 45 миң долларга калыбына келтирүүчү сабактар: дарылоочу дене тарбиясы, массаж, АВА-терапия, биоакустикалык коррекция жасалып, алдыда бизди 1,5 жылдык терапия күтүп турат.
Өзгөчө балдардын энелери мага окшоп анализдерге акчасын коротпой балдарына мүнөздөп тамак беришсин, массаж жасашсын, АВА-терапияны окушсун, изилдешсин деген кеңешимди бермекмин. Диагноздун артынан чуркагандын кереги жок, 4-5 жашка чейин көңүл бөлсө, баланы калыбына келтирүүгө болот. Мен эч кимди эч нерсеге үндөбөйм. Болгону, ар бир ата-эне вакцина, кандайдыр бир антибиотик, уколду алар алдында сөзсүз изилдеп, анан жыйынтык чыгарышсын.
Анан да мага окшоп баламды дарылап алам деген энелерге эч качан “дарылай албайсың” деп айтышпасын. Бизде, мисалы, сабактарга дайыма алып барууга шартыбыз жок. Андыктан өзүм да курстарга барып, билгенимди үйдө жасап, өзгөчө балдардын энелерине жол көрсөтүп, жардам берсем дейм.
Жардам көрсөтүү үчүн:
«KICВ», СОМ МЕНЕН: 1280096052819310, Бейшембиева Альбина
ЭЛСОМ: 0555313770
«Демир БАНК», сом менен: 1180000120508461, Бейшембиева Альбина
БИК – 118005
Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg