ҮЙ-БҮЛӨ МҮЧӨЛӨРҮ АТАНЫН КАМКОРДУГУНА МУКТАЖ

Кыргыз өлкөсүндө мүмкүнчүлүгү чектелген балдар көп төрөлүүдө. Буга эмне себеп? Мүмкүнчүлүгү чектелген балага атанын, карыганда инсульт алып калган атага баланын таасири канчалык? Бул темада бизге Сүйлөөнү жана угууну өнүктүрүү борборунун жетекчиси Гүлнара Ногойбаева айтып берет.

“МИГРАНТТАРДАН МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН БАЛДАР КӨП ТӨРӨЛӨТ”

– Акыркы кезде мындай маселе менен чет жактарда иштеген мигранттар көп кайрылууда. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын төрөлүшүнө же кийин ошондой абалга жетишине эне себепкер. Анткени учурда экономикалык шартка байланыштуу, айымдар эркектер менен жарыша чет өлкөдө таза аба жок, жабык имараттарда күнү-түнү иштешет. Декреттик өргүү дегенди билишпейт. Өз убагында тамактанышпайт. Жарым бүлөсү мекенинде болуп стресс абалда жүрүшөт. Ушунун баары курсактагы балага зыянын тийгизет.

Балада маселе бар экенин дарыгерлер айтса айрымдар кылмыш кылгансып “күйөөмө кантип айтам?” деп коркушат. Атасынан эмнеге коркушу керек? Эгер жолдошу жубайына жакшы шарт түзүп берсе, балким, мындай маселе жаралмак эмес...

“БАЛА АКЫЛЫНА ТОЛУК ЖЕТСЕ ӨЗҮ ЭЛЕ СҮЙЛӨЙТ”

– Бала өз убагында сүйлөбөй же акыл-эси өзү теңдүүлөрдөн кечигип жатса, сөзсүз адистерге кайрылуу керек. Айрымдар “баламдын аң-сезими жетилген, угат, түшүнөт, бирок 3-4 жашка чыкса деле сүйлөй элек” дешет. Эгер бала акылына толук жеткен болсо, анын артынан эч ким чуркабай, дарыгерлерге көрсөтпөй эле тили өзү чыгат. Маселе жаралып жатса, демек, баланын акылы толук жетиле элек. Баланы убагында тиешелүү адистерге көрсөтпөсө, акылынан калып, кийин калыбына келтирүү кыйынчылыкты жаратат. Эгер атасы баланын абалын туура түшүнүп, энесин колдоп, убагында адистерге кайрылса бат калыбына келет.

Кээде бир баланы сабакка чакырсаң, таята, таене, чоң ата, чоң энеси болуп баары келинди колдоп коёлу деп келишет. Ошол эле учурда айрымдарын чакырсаң “эмнеге барат, 5 жашында атасы, байкеси сүйлөгөн” деп коюшат. Ар бир бала өзүнүн жашоосун жашайт. Ата-эне сабырдуу болуп, бала менен иштегенди үйрөнүшү керек.

Мүмкүнчүлүгү чектелген бала атанын мээримине колдоосуна канчалык муктаж болсо, карыганда инсультка кабылган аксакалдар балдарынын колдоосуна муктаж. Көптөн бери бир абышка менден инсульттан кийин калыбына келүү боюнча сабак алып келет. Анын 5 баласы болсо да ар ким өз оокаты менен болуп, абышка жалгыз жашайт. Карыяга жума сайын жаңы жүгүртмө түзүп берем, эстеткен киши жок, дайым сабакты өткөрүп жиберип же унутуп калат. Мындай каармандар, тилекке каршы, көп. Менин тилегим, ата дайым баласына кам көрүп, үй-бүлөсүн колдоп-коштоп турса. Атадан мээрим алган бала эч качан атасын да жалгыз калтырбайт.

АТА-ЭНЕЛЕР КУТТУКТАЙТ!

– Мен 5 баланын энесимин. Бешинчи уулум Алим 4 жаштан өтсө да тили так чыкпаганынан аталган борборго кайрылганбыз. Келгенибизге 2 ай болду, балам сөздөрдү муундап айтып калды. 23-февраль – Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата Сүйлөөнү жана угууну өнүктүрүү борборун чын жүрөктөн куттуктайм. Сиздерге терең ыраазычылык!

– Менин атым Севара. Уулум төрөлгөндө кулагы тубаса укпайт деп айтышкан. Ошентсе да биз кол шилтеп койбой уулубузду адистерге көрсөтүүнү чечтик. Сардардын кулагына операция жасалып, кохлеардык имплантация коюлган. Бул борборго келгенибизге 2 жыл болду, балабыз угуп, сөздөрдү сүйлөп калды. Борбордун жетекчилигине чоң рахмат. Сиздерди Ата Мекенди коргоо күнү менен куттуктайбыз!

logoped.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 851, 21-27-февраль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан