БУРАК ӨЗЧИВИТТИН ТАШКЕНТТЕ ЭКИ СААТ УБАКТЫСЫ 379 МИҢ ДОЛЛАРДЫ ЧАПЧЫДЫ

“Даңазалуу кылым”, "Түбөлүк сүйүү" сериалдары менен таанымал болгон түрк актёру Бурак Өзчивит өздүк баракчасына Өзбекстанга келгенин жарыялап сүрөт киргизген эле. Ага удаа эле анын Ташкентте бай аялдар менен жолугушуп, тамактангандыгы үчүн 379 миң доллар алгандыгы тууралуу маалыматты өзбек маалымат булактары жазып чыкты.

Актёр аталган фуршетте өзбек олигархтарынын аялдары, бизнесмен айымдар жана Ташкенттин моделдери менен жолугуп 2 жарым саат баарлашып сүрөткө түшкөн. Ошондой эле ал өзбек кинорежиссёрлору менен баарлашып, алдыда тартыла турган жаңы сериалдар боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жаш актёрлорго мастер-класс өткөнү белгилүү болду.

Эске салсак, Бурак Өзчивит 2017-жылы 29-июнда түрк актрисасы Фахрие Эвджен менен үйлөнгөн. Түгөйлөр учурда тун наристесинин жарыкка келишин күтүп жатышат.

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
nazarnew
2019-02-26 19:29:07
Бул Че за модель кукла.
+1
Dembele84
2019-02-27 08:44:45
Бизнесмен катындар тыркыйышат го айланайын )))
0
№ 851, 21-27-февраль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан