“Токойго мергенчиликке кеттим” деп эки кызын жана аялын таштап, көңүлдөшү менен качып кеткен жеке ишкер Дуглас Гренстед 50 жылдан кийин табылды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылма жазып чыкты.
Маалыматта айтылгандай, жеке ишкердин аялы Барбара күйөөсү жоголгондон тарта аны полиция кызматкерлери, Федералдык кылмыш иликтөө бюросу аркылуу, ал тургай атайын детектив жалдап издеп келген. Издөө учурунда болгону унаасы, чатыры жана башка буюмдары табылган. Жети жылдан соң мамлекет камкордукка ала турган киши каза болду деп расмий түрдө каттап, үй-бүлөсүнө пенсия чектеген.
Арадан 50 жыл өткөндөн кийин бул окуя башкача өңүттө уланган. Көрсө, Дуглас аты-жөнүн өзгөртүп жашап келген. Ал өлөрүнө жакын “Ричард Морли –азыркы атым. Чыныгы аты-жөнүм Дуглас Гренстед” деген кат калтырган. Бул окуядан соң социалдык камсыздандыруу бюросу “буга чейин алып келген пенсияны, 109 миң долларды мамлекетке төлөшүң керек” деп Барбараны сотко берген. Жыйынтыгында сот Барбарага өмүрүнүн акырына чейин ай сайын 10 доллардан төлөп туруу чечимин чыгарган. Бирок ал 2 айдан кийин каза болуп калган. Учурда социалдык камсыздандыруу бюросу анын 61 жана 63 жаштагы кыздары менен соттошууда.
Дамира Арстанова
koom@super.kg