“Японияда белин өз өлчөмүнөн ашырып жиберүү мыйзамды бузуу болуп саналбайт. Мыйзам бузуу деген бул апыртылган маалымат” деп билдирген Япониянын Эмгек, саламаттыкты сактоо жана социалдык камсыздандыруу министрлиги чет өлкөлүк басылмага.
Аталган министрликтин билдирүүсүнө таянсак, өлкөдө 40-75 жаштагы жарандар жыл сайын белин ченетүү үчүн атайын процедурадан өтүшөт. Эгер жарандардын бели 90 сантиметрден ашса (аялдардыкы 85 сантиметр), аларга дарыгерлер тарабынан кеңеш берилип, мамлекет тарабынан медициналык камсыздандыруу катары акча каражаты бөлүнөт.
Дамира Арстанова
koom@super.kg