УЧУРДУН БЕСТСЕЛЛЕР КИТЕПТЕРИ

“Бестселлер” деген сөз англис тилинен (“best seller”) которгондо “көп сатылган” дегенди түшүндүрөт.
Бүгүн биз учурда дүйнөдө эң көп нускада сатылган, бестселлер китептер, алардын авторлору тууралуу сөз кылмакчыбыз.

Бүгүнкү күндө дүйнөлүк көркөм адабий бестселлерлердин сап башында Борис Акуниндин “Весь мир – театр” (“Дүйнө – театр”) жана Дэн Браундун “Утраченный символ” (“Жоголгон символ”) аттуу чыгармалары турат. Аталган эки китеп тең 2009-жылдын аягында жарык көргөн. Ошондон бери дүйнөлүк сатыкта эң алдыда турган китептер.

АЛ ЭМИ КЫРГЫЗСТАНДА...
Бишкектеги белгилүү китеп дүкөнүнүн сатуучу-консультантынын бири Асел Кадыралиевага “учурда кайсы китеп көп сатылат?” деген собол салдык. Ал: “Азыр бизде суроо-талап дүйнөлүктөн кем калбайт. Ошол эле “Күүгүмдүн” төрт бөлүгү, Дэн Браундун “Утраченный символ” аттуу китеби көп сатылат. Ошондой эле бүгүнкү күнгө чейин Паоло Коэльонун “Алхимик” аттуу китеби көп өтүүдө. “Күүгүмдүн” бардык бөлүгү 500 сомдон жогору сатылса, Дэн Браундун аталган китеби 650 сом турат”,- деп билдирди.


Борис Акунин

“ДҮЙНӨ – ТЕАТР”

Кыска анкета

Автору – Орус жазуучусу Борис Акунин
Китептин аты – “Дүйнө – театр”
Жанры – Детектив
Окурмандын жаш курагы – Чектелбейт
Бети – 432

Китептин негизги мазмуну
Чыгармада 1911-жылдын күз айындагы окуя чагылдырылат. Анда 55 жаштагы каарман Эраст Фандорин күтүүсүздөн өткөөл курактагы балага айланат. Буга чейин колунан бардык иш келген, супермен деп саналган Эрасттын моюнуна мүшкүл иш түшөт. Ага эң оор кылмышты ошол курагында изилдеп чыгуу милдети тапшырылат. Мындай иш чыгармада бир эмес, бир нече болгону да маалым. Романда, негизинен, супермен болуп жүргөн адам сыйкырдуу сапатынан айрылып, катардагы инсандардын арасына кошулуп калганда өзүн кантип алып жүргөнү баяндалат. Анда көп кызыктуу окуялар камтылгандыктан, окуп жаткан адам кантип аягына жеткенин байкабай да калат.
Китептин автору: “Дүйнө – театр. Бүтүндөй аалам – жалган жашоо. Ал эми театрдын, башкача айтканда, дүйнөнүн адамдары баштан аяк жасалма”,- деген.

Нускасы...
Учурда Борис Акуниндин “Дүйнө – театр” аттуу чыгармасы “Күүгүмдөн” да популярдуу болуп саналат. Окурмандар сынына коюлганына аз гана убакыт болгону менен, 200 000ден ашык нускада сатылган.


Дэн Браун

“ЖОГОЛГОН СИМВОЛ”

Кыска анкета

Автору – Америкалык жазуучу Дэн Браун
Китептин аты – “Жоголгон символ”
Жанры – Триллер, детектив, боевик
Окурмандын жаш курагы – Чоңдор үчүн
Бети – 544
Орус тилине которгондор – Е. Романова жана М. Десятова

Китептин негизги мазмуну
Атактуу «Да Винчинин коду» романынын автору Дэн Браундун атыбул ирет да башка чыгармасы менен даңкталды. Ал – “Утраченный символ” деген эмгеги.
Лэнгтонду Смитсон институтунун башчысы, тарбиялоочусу Питер Соломон Улуттук Капитолия статуя залына лекция окуу үчүн чакырат. Соломон агайына келерде бир нече жыл мурун ишенип берген кичинекей түйүнчөктү ала келүүсүн өтүнгөн. Лэнгтон Капитолийге келгенде катуу чыңырыкты кулагы чалат. Профессор чуркап барып, залдын ортосунда жыгачтын үстүндө жаңыдан жасалган шыбакка боёк менен тартылган “Апофеоз Вашингтон” деп аталган картинаны көрсөтүп турган кесик колду көрөт. Кесилген кол окуучусу Питердики экенин татуировкасынан жана шакегинен билет. Бир нече убакыттан соң окуучусун жана досу Соломонду уурдап кеткендерден кабар келет. Алар профессорго Вашингтондун жер алдында катылган эки пирамиданы таап, аны менен бирге жоголгон сөздүн маанисин чечмелөө буйругун жөнөтүшкөн. Жоголгондорду аман-эсен кайтарууну каалаган профессор түрдүү белгилерге, символдорго маани берип, бүт аракетин жумшайт. Беш жүздөн ашуун баракчага жазылган китепте окуя кенен жана кызыктуу баяндалган.

Нускасы...
Роман алгач 6,5 миллион нуска менен жарык көргөн. 5 миллиону Түштүк Америкага таркатылса, 1,5 миллиону Улуу Британияга жөнөтүлгөн. Китеп сатыкка чыгары менен миллиондон ашык нуска өтүп кеткен. Чыгарманы интернет аркылуу да бир топ окурман сатып алган. Орусияда 2009-жылдын ноябрь айында которулуп, жарык көргөн. Алгачкы нускасы 300 миңди чапчыган. Андан кийин да китеп буйрутма менен бастырылган.
Китептин бестселлерге айланганынын себеби автор мурунку чыгармаларында башкы каарманды аябай кызыктуу көрсөтө алган. Окурмандар анын жашоодогу кийинки кыймыл-аракетин чыдамсыздык менен күткөндүктөн, сатык боюнча бүгүнкүдөй ийгиликке жетишти. 2012-жылы сөз болгон китептин негизинде тасма тартылат деген кеп бар.


Стефани Майер

“КҮҮГҮМ ЖОМОГУ”

Кыска анкета

Автору – Америкалык жазуучу Стефани Майер
Китептин аты – “Сумеречная Сага” ("Күүгүм жомогу”)
Жанры – Мистика, фантастика, мелодрама
Жарыкка чыкканы – 2005-2010-жылдар(бардык бөлүгү биригип)
Окурмандын жаш курагы – Чектелбейт

Негизги мазмуну
Учурда популярдуу жазуучу Стефани Майердин “Күүгүм жомогунун” төрт бөлүгү тең бестселлерге айланганы маалым.
Жаратылышынан экөө бири-бирине душман. Бирок таттуу сүйүү бул тирешүүнү жок кылып, вампир менен адамдын ортосунда махабат болот деген түшүнүктү пайда кылат. Тагыраак айтканда, чыгармада вампир Эдвард Каллен менен Изабелланын ыйык сүйүүсү баяндалган. Экөөнүн махабаты романтика, кооз, бирок ошол эле учурда коркунучтуу. Окурман китептин “Күүгүм”, “Күүгүм. Жомок. Жаңырган ай”, “Күүгүм. Тутулган ай” аттуу үч бөлүгүн окубаса да, тасманы көрүп, толук түшүнөт. Ал эми төртүнчү “Рассвет” (“Агарган таң”) бөлүгүн сатып алып окугусу келгендердин саны арбын. “Тутулган ай” бөлүмү тасма болуп тартылып, ачылыш аземинин алдында сатыкка чыгып, 1 миллион нускасы өтүп кеткен.

“Агарган таң” китеби
Чыныгы махабатка эч нерсе тоскоол боло албайт. Белла Вампир Эдвардга турмушка чыгып, аны менен бирге вампирлердин катарына кошулууга камынып турган чакта боюнда болуп калат. Сүйкүмдүү Белладаөзүмдүн жашоомду сакташым керекпи же курсагымдагы баланыбы?” деген маселе пайда болот. Ошол учурда вампирлердин чоңунун буюртмасы боюнча Белла тез убакыттын ичинде алардын катарына кошулушу керек эле. Эгер вампирге айланса, бала жарыкка келбейт эмеспи. “Бул кырдаалдан кантип чыгабыз?” деп жаткандарга күтүлбөстөн бирөө колун сунат. Ал Жейкоб эмес, такыр башка эле.

Жаңы вампир
“Агарган таң” китебинен кийин Стефани Майер бешинчи “Солнце полуночи” (“Жарым түндөгү күн”) китебин жазып, жарымына келгенде белгисиз бирөөлөр тарабынан интернет булагына киргизилип, жайылып кеткен. Ошондо автор китепти аягына чейин жазбай, убактылуу токтотуп коюну туура көргөн.
Жакында эле Майердин “Бри Таннердин кыска экинчи өмүрү” аттуу повести жарык көрдү. 192 беттен турган китепте жаңы вампирге айланган Бри Таннердин турмушу, өмүрү тууралуу кенен жазылган.

Нускасы...
Стефани Майердин бул чыгармасынын төрт бөлүгү жана жаңы жарыкка чыккан повести чыныгы бестселлерге айланды. Дүйнөнүн 37 тилине которулган. Баары биригип 40 миллиондон ашык нуска менен сатылган. “Күүгүмдүн” биринчи бөлүгү сатыкка чыгары менен 100 000ден ашык нуска тез убакытта сатылган. “Күүгүм” жана “Жаңырган ай” бөлүгүн орус тилине А.Ахмерова, ал эми “Тутулган айды” О.Василенко, “Агарган таңды” М.Десятова менен О.Романова которушкан. Ал эми акыркы жаралган повести учурда орус тилине которула элек.

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Адам
2010-07-20 14:52:05
Супер - инфо, силер ваще маладессиннерр!
Мен силерди абдан сыйлайм, анткени элди агартуу ишин мыкты алып барасынар. Кыргызстандын ар бир бурчуна сатылган ушул гезитте кандай гана соннун маалыматтар камтылбайт! Мына ошондуктан силердин эмгегинерди баалайм! Жана суйом силерди!!! ;)
0
jua
2010-07-21 17:00:03
супер инфо сапатынар тушуп баратат эле,кайра жогорулай баштаптыр молодцы.
0
№ 402, 16-22-июль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан