“Айыл чарбасын каржылоо-7” долбоору 2019-жылдын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүүгө багытталган. Ошондой эле мал чарбачылыгын, өсүмдүк өстүрүүнү жана айыл чарба продукциясын иштетүүнү колдоо максатында ишке ашырылат. Долбоор 2019-жылдын февралында иштеп баштайт. Аны ишке ашыруу мөөнөтү 60 айга созулат.
ЖЫЛДЫК ҮСТӨГҮ 6 ПАЙЫЗДЫК НАСЫЯНЫ КИМДЕР АЛА АЛАТ?
ЖЫЛДЫК ҮСТӨГҮ 8 ПАЙЫЗДЫК НАСЫЯ КИМДЕРГЕ БЕРИЛЕТ?
ЖЫЛДЫК ҮСТӨГҮ 10 ПАЙЫЗДЫ ТҮЗГӨН НАСЫЯ
"Мал чарбачылыгы" жана “Өсүмдүк өстүрүү” тармактары үчүн белгиленген.
Насыянын мөөнөтү 36 айдан ашык эмес. Ал эми бак өстүрүүчүлүккө, токойчулукка, үрөн өстүрүү жана асыл тукум мал чарбаларына, жаңы түзүлүп жаткан тамак-аш, кайра иштетүү ишканаларына, күнөскана чарбасын жүргүзүүгө, тамчылатып сугаруу системин киргизүүгө берилүүчү насыялардын төлөө мөөнөтүн 60 айга чейин белгилөөгө уруксат берилет.
Айыл өкмөтүнүн жазуу жүзүндөгү сунушу болсо жеке насыялар 150 миң сомго чейин, топтук насыялар 500 миң сомго чейинки өлчөмдө 18 айга чейин күрөөсүз негизде берилиши мүмкүн.
Жеңилдетилген убакыт: карыздардын негизги суммасын төлөөдөн 6 айга чейин толук бошотууга уруксат берилет.
Асыл тукум малга төмөнкүдөй породалар кирет:
Бул тармакта иштегендер ушул долбоордун алкагында бир адамга 3 миллион сомго чейин насыя ала алышат. Асыл тукум мал жана жасалма жол менен уруктандыруу үчүн мал же жабдууларды сатып алып жаткандар 10 миллион сомго чейин кредит ала алышат.
Өз ара келишимдери бар иштетүүчү ишканалар менен продукция өндүрүүчү ишканаларга да артыкчылыктар каралат.
Насыя алуу үчүн керектелүүчү негизги документтер:
Булардан башка кээ бир банктар кошумча документтерди да талап кылуусу мүмкүн.
«НАСЫЯ 9 БАНК АРКЫЛУУ БЕРИЛИШИ МҮМКҮН»
Элдияр Доолбеков, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу бюджеттик насыяларды башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин Өнөр жай жана ишкердиктин насыяларынын башкармалыгынын башчысы:
– Каржы министрлигине «Айыл чарбасын каржылоо-7» долбоорун ишке ашырууга катышуу боюнча өтүнүчү менен 9 банк кайрылган, алар:
“Айыл Банк” ААКсы,
“РСК Банк” ААКсы,
“КЫРГЫЗСТАН коммерциялык банк” ААКсы,
“Оптима Банк” ААКсы,
“Кыргыз инвестициялык - кредиттик банкы” ЖАКсы (KICB),
“Бакай банк” ААКсы,
“Халык Банк Кыргызстан” ААКсы,
“Капитал банк” ААКсы,
“Финансы кредит банк” ААКсы.
Учурда аталган банктар менен жалпы суммасы 5 миллиард 300 миллион сомду түзө турган тиешелүү келишимдерге кол коюу боюнча иштерди алып барып жатабыз.
Банктар 2019-жылдын февраль айынан тартып дыйкандарга аталган долбоор боюнча жеңилдетилген шарттары менен насыяларды берип башташат. Долбоордун максаттуу тармактары болуп төмөнкү тармактар эсептелет:
- өсүмдүк өстүрүү;
- мал чарбачылык;
- айыл чарба продукциясын иштетүү.
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg