ЧӨНТӨКТҮ КАГЫП, ТАРТИПКЕ ЧАКЫРГАН «КООПСУЗ ШААР»

Үстүбүздөгү жылдын 12-февралынан тарта өлкөбүздө «Коопсуз шаар» долбоору расмий түрдө иштеп баштады. Анда көчөлөрдү көзөмөлгө алган камералар азырынча айдоочулардын 7 түрдүү эреже бузууларын каттоодо. Мындайга көнө элек тургундар бир чети ыңгайсыздыкка дуушар болсо, бир чети тартипке көнүшүүдө.


ДОЛБООРДУ ОРУС КОМПАНИЯСЫ ИШКЕ АШЫРУУДА

2012-жылдан бери ишке ашырылбай келе жаткан «Коопсуз шаар» долбоору 2018-жылдан тарта «кыймылдай» баштады. Буга чейин "Хуавей", "Мегалайн" сыяктуу бир катар компаниялар долбоорду ишке ашыра алган жок. Бул 6 жыл ичинде бир канча өкмөт алмашууга да жетишти. Аталган долбоорду ишке ашырууну өткөн жылы ноябрь айында тендерден Орусиянын «Вега» компаниясы утуп чыккан. Тендерде 2 миллиард 550 миллион сом сунуштаган «Вега» бул суммага долбоорду 4 этапта ишке ашырмакчы.


«Вега» жалпы
өлкө боюнча:

  • 110 видеокөзөмөл орнотот;
  • 48 видеокөзөмөл Бишкек – Ош, Бишкек – Чалдыбар, Бишкек – Нарын – Торугарт, Бишкек – «Манас» аэропорту, Бишкек – «Ак-Жол» чек ара пунктунда;
  • 20 жылма видеокөзөмөл орнотот.

Бишкекте:

  • 38 видеокөзөмөл кесилиштерде;
  • 4 видеокөзөмөл ылдамдыкты чектөө жайларында орнотулат.

7 эреже бузуу каттоого алынууда:

  • Жол чырактын кызыл белгиси күйүп турганда өтүп кетүү;
  • Каршы тилке менен жүрүү;
  • Тротуар, веложол, газон жана жөө адамдар өтүүчү чийимдер менен жүрүү;
  • Жол чырактын кызылы күйгөн учурда "стоп" сызыгынан өтүп кетүү;
  • Жөө адамдар өтүүчү сызыктан эреже бузуу;
  • Ылдамдыктан ашырып айдоо;
  • Аялдама жана унаа токтоочу жайда эреже бузуу.

КИМ КӨЗӨМӨЛДӨЙТ?

Ички иштер министрлиги айып пулдар мыйзамдуу түрдө салынганын жана жол эрежесин бузган айдоочулардын айып пул төлөөсүн текшерет. Айып пул жана жазалар тууралуу маалымат Мамлекеттик каттоо кызматында сакталат.

ЭРЕЖЕ БУЗУУЛАР КАНТИП АНЫКТАЛАТ?

Орнотулган видеокамералар айдоочулардын эреже бузуусун каттоого алып, айып пул жаза баштайт. Жол кыймылынын эрежелерин бузган материалдарды Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) мониторинг борбору иштеп чыгат. Иштелип чыккан материалдар унаа ээлеринин катталган дарегине "Кыргыз почтасы" ишканасы аркылуу 10 күн аралыгында жеткирилет (башкача айтканда, ар бир айдоочунун үйүнө чейин). Айдоочулар өз айыптарын egov.kg сайтынан көрө алышат.

5 ЖЫЛ ИЧИНДЕ АКТАЙБЫ?

«Вега» компаниясы бул долбоор менен 5 жыл иштейт жана бул убакыт аралыгында өзүн толугу менен акташы керектигин белгилешет. Ар бир айып пулдан 211 же 220 сом (кайсы эреже бузулганына жараша) Орусиянын компаниясына түшөт.

КОҢШУЛАРДЫН ЭҢ АРТЫНДА...

"Коопсуз шаар" долбоорун биз коңшу өлкөлөргө караганда эң акыркылардан болуп ишке киргизе баштадык. Мындай тартип Казакстанда 2006-жылдан, Түркмөнстанда 2009-жылдан, Тажикстанда 2013-жылдан бери, Өзбекстанда 2017-жылдан бери иштеп келет.

«КООПСУЗ ШААР» ТЫГЫНДАРДЫ ЖАРАТТЫ

Айдоочулар жол эрежесин сактап калышкандан кийин (о, чиркин!) Бишкектин көчөлөрүндө, айрыкча кесилиштерде узун кезек күткөн тыгындар пайда болду. Мындан улам кээ бир кесилиштерге (7-Апрель – Горький, Курманжан датка – Чүй, Чүй – Фучик) кошумча жол чырак жана кошумча секцияларды орнотуу иштери жүргүзүлмөй болду. Демек, дароо эле бардыгы укмуш болуп иштеп кетпейт, маселе же тыгын жаралса аны чечсе болору анык.

БИР КҮНДӨ...

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына таянсак, Бишкек шаарында камералар иштеп баштаган биринчи күндө эле 761 эреже бузуу болгонун каттаган. Айып пулдун көлөмү 878 миң сомду түзгөн.

БИР ЖУМАДА...

Бир жума ичинде шаар ичинде 9700 жол эреже бузуу катталган. Бул санга ишенсек, шаар ичинде орточо эсеп менен күнүнө 1300дөн ашык айдоочу жол эрежесин бузат.

АЙДООЧУДАН АМАЛ АШЫП КУТУЛБАЙБЫ?

Камералар менен бирге амалкөй айдоочулар чыга келди. Андай айдоочулар өз унаасынын номуруна ылай же нанономер (кечинде ал номер камерага көрүнбөй калат) чаптап, жаап алгандары белгилүү болду. Бирок ЖКККББ тарабынан дароо эскертүү берилди, мындай айдоочулар 5 миң сом айып пулга жыгылат.

«КООПСУЗ ШААР» КАНДАЙ БОЛУШУ КЕРЕК?

«Технологияны жайгаштыруу экинчи маселе, алгач аны эмне үчүн коюп жатканыбызды түшүнүү керек» деп жазат өз блогунда «Сорос-Кыргызстан» фондунун аткаруучу директору Шамиль Ибрагимов. Ал чыныгы «Акылдуу шаар» кандай болушу керектиги тууралуу төмөндөгүдөй ойлорду айтат:

«Акылдуу шаар» кылууга аракет жасасак, «Коопсуз шаар» менен чектелбей, башкы максат – жашоочулардын коопсуздугу, ыңгайлуулугу жана шаарды көзөмөлдөөнүн натыйжалуу жолуна кандай жооптор буга далил болорун так билишибиз керек. 2016-жылы Кыргызстан мурунку СССР жана Европа өлкөлөрү ичинде жол кырсыгынан катталган өлүм боюнча 2-орунда турган. «Коопсуз шаардын» алкагында эмне үчүн жол кырсыктары катталып жатат, ага эмне себеп болгондугу тууралуу маалыматтар ачык жана онлайн-көрүүгө ылайыктуу болушу керек. Башкача айтканда, ар бир кырсыктын кыйыр себептери талданат. Мисалы, ылдамдыктын айынан көп кырсык катталып жатса, шаар ичиндеги ылдамдыкты саатына 40 чакырым чектөөсүн коюу керек деген сыяктуу себептерди талдоо керек.

«Акылдуу шаардын» концепциясы – бул миллиондоп акча чачып, түрдүү техникаларды сатып алуу гана эмес, эң башкысы, шаарды башкаруу принцибин өзгөртүү. Кандай маселени чечүү керектигин түшүнө албасак, жөн эле компьютерлерди сатып алабыз же иштебеген функцияга көп каражат коротуп алган болобуз,- дейт.

ЖОЮЛУШУ КЕРЕК БОЛГОН КЕМЧИЛИКТЕР

Айып пул катары төлөнгөн акчалардын пайдаланышы ачык болушу керек. Эреже бузган айдоочунун айып пулу төлөнгөндөн кийин сол чөнтөккө кетпээрине кепилдик жок. Алсак, биринчи күнү электрондук монитордо айып пул өлчөмүнүн көлөмү 9 миллион сомдон ашканын көрсөткөн, эртеси ЖКККББ расмий 878 миң сом деп билдирген.

ШААР ИНФРАСТРУКТУРАСЫ

Борбордун көчөлөрүнүн тардыгы, кошумча жол чырактардын жоктугу жана башка көйгөйлөр азырынча шаар инфраструктурасы бул системге даяр эместигин көрсөтүүдө.

ТААНЫШ-БИЛИШТИК

Камерага түшкөн үлкөн чиновниктерге, аттуу-баштуу адамдарга, тааныштарга айып пул жазылбай калышы толук мүмкүн. Алардын эреже бузгандыгын камерадан өчүрүп же түшүрбөй койсо, кайра эле баягы кейпибизге келип калабыз.

СИСТЕМ МЕНЕН ЖОЛ КАЙГУУЛ КЫЗМАТКЕРИ

Бул систем кесилиште Жол кайгуул кызматкери иштеп жаткан учурда деле эреже бузууларды аныктай берет. Эрежеге ылайык, Жол кайгуул кызматкери турганда айдоочу жол чыракка эмес, кызматкерге баш ийет. Мындай учурда протоколду кызматкер тастыктап бериши керек.

 

Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Bars88
2019-02-26 14:45:06
Коопсуз шаар деген жалан эле жолго камера коюш эмес.Мектеп бала бакча ушундай жерлерге коюш керек.Булар чонтокту эле ойлоп айып алышса оздоруно эсеп ачып алышкан окшойт бири бирине эле шылтап атышатго эмитен
+4
malsirun
2019-03-01 21:04:41
жөө жүргүнчүлөргө өзунчө 30секунд иштетип койсо светофорду пробка болбойт бизде болсо айдоочуга жашыл жанганда онго же солго бурулайын десең жөө жүргүнчүгө до жашыл жанып күтүп каласың
0
№ 851, 21-27-февраль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан