НАСЫЯЛЫК БЮРО ДЕГЕН ЭМНЕ?

Кыргызстандын кредиттөө рыногунун кеңири жайылышы жана өнүгүшү менен азыркы тапта бардык банктар үчүн карыз алуучулар тууралуу так маалыматтын топтолушу, тагыраак айтканда, карыз алуучунун кредитти төлөө жөндөмү, төлөө тажрыйбасы, башка финансы-кредиттик уюмдар менен алакасы тууралуу так маалыматтын болушу зор мааниге ээ. Ал үчүн атайын кредит боюнча маалымат алмашууну ишке ашыруучу коммерциялык уюм – насыялык бюролор иштеп келет. Жергиликтүү кредиттик таржымалды тариздеген насыялык бюролор тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын маалыматына көңүлүңүздөрдү бурабыз.

КРЕДИТ БОЮНЧА МААЛЫМАТТЫН КАЛЫПТАНЫШЫ

Кредиттер боюнча маалымат алмашуу – бул насыялык бюронун, субъекттин, кредит боюнча маалымат берүүчүнүн жана аны пайдалануучунун ортосундагы насыялык тарыхты түзүү жана насыялык отчётту берүү максатында маалымат жыйноо, аларды талдоо, сактоо, керектөөчүлөр менен бөлүшүү, пайдалануу жана коргоо боюнча өз ара иш-чаралар топтому эсептелет. Насыялык маалыматтын субъектилери – бул карыз алуучулар жана кепилдик берүүчүлөр саналса, насыялык маалыматты берүүчү жана аны колдонуучу катары финансы-кредиттик уюмдар саналат.

2003-жылдын март айында “Ишеним” насыялык бюросу юридикалык жактардын бирикмеси түрүндө түзүлүп, анын демилгечилери болуп 5 коммерциялык банк, 3 микрофинансылык уюм жана Европалык кайра куруу жана өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн турган 9 мекеме чыккан. Ал убактарда Кыргыз Республикасында насыялык бюролорду жана насыялык маалымат чөйрөсүндө атайын мыйзамдар жана нормативдик-ченемдик база жокко эсе болгон.

2014-жылы Кыргыз Республикасынын “Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө” мыйзамы кабыл алынып, анын негизинде лицензиялар жана банктык сыр жөнүндө мыйзамдарга тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилип, 2016-жылдын июль айында күчүнө кирген.

НАСЫЯЛЫК БЮРОЛОРДУ ЖӨНГӨ САЛУУ

“Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө” мыйзамына ылайык, насыялык бюролорду лицензиялоо, жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы саналат. Кыргыз Республикасында насыялык бюролорду мамлекеттик жөнгө салуу жана көзөмөлдөө 3 жылга жакын убакыттан бери жүзөгө ашырылып келе жатат. Ушул убакыт аралыгында Улуттук банк 2 насыялык бюрого насыялык маалымат менен иштөө укугуна лицензияны берди. Алардын биринчиси 2003-жылдан бери өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатса, экинчиси 2018-жылы эле лицензияга ээ болгон.

Улуттук банктын ченемдик актыларында насыялык бюронун ишмердүүлүгүнө карата төмөнкү талаптар коюлган:

  • Насыялык тарыхтардын коопсуздугун камсыз кылуу;
  • Насыялык бюронун үзгүлтүксүз иштөөсү;
  • Маалыматтын тууралыгын жана сактыгын камсыз кылуу;
  • Насыялык отчётторду чыгаруу;
  • Насыялык тарыхтагы өзгөртүүлөрдү киргизүү жана отчёттуулук боюнча.

КРЕДИТ АЛУУ ҮЧҮН НАСЫЯЛЫК БЮРОГО МАКУЛДУК БЕРҮҮ

Кредит тууралуу маалыматты насыялык бюрого берүү банк же финансы-кредиттик уюм менен кредиттик келишим түзүүдөгү милдеттүү жагдайлардын бири болуп саналат. Кардар өзү тууралуу маалыматты насыялык бюрого берүүгө банкка жана финансы-кредиттик уюмга жазуу жүзүндө макулдугун билдирет. Же тескерисинче, баш тартса болот. Бирок бул кардар кредит албай калат дегенди түшүндүрбөйт. Финансы-кредиттик уюм мындай кайрылуу боюнча кредит берүү же бербөө чечимин өз алдынча, тобокелдиктерди таразалап, кабыл алууга акылуу.

Насыялык бюролордун базасы азыркы тапта 2,3 миллиондон ашык насыялык маалыматты өзүнө камтыйт. Насыялык маалыматты алуу, аны менен бөлүшүү системасынын катышуучулары катары 230дан ашык финансы-кредиттик уюм киргизилген, алардын ичине 25 банк, 115 микрофинансылык уюм, 93 кредиттик союз жана башка компаниялар кирет.

“Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө” мыйзамы күчүнө киргенден бери насыялык бюрого маалымат берүү шарттуу түрдө иштей баштады. Ага чейин ыктыярдуу түрдө болуп келген. Мыйзамга ылайык, финансы-кредиттик уюмдар өзүндө болгон насыялык маалыматты келишимдин алкагында жок дегенде бир насыялык бюрого берүүгө милдеттүү.

НАСЫЯЛЫК БЮРОНУН ЗАРЫЛДЫГЫ

Насыялык маалымат берүү жана алмашуу кредиттик келишимдерди түзүүдө, өзгөртүүдө жана аткарылышын мониторинг жүргүзүүдө тобокелдиктерди баалоо максатында гана жүзөгө ашырылат.

Маалыматтар базасы карыз алуучу тууралуу маалыматты камтыйт. Анын ичинде карыз алуучунун толук насыялык маалыматы жана анын бул күнгө чейинки кредит боюнча төлөмдөрдүн тарыхы киргизилет. Кредит алуучу тууралуу маалымат терс (төлөнбөгөн кредиттер, узартуулар) же болбосо оң маалымат катары (кынтыксыз аброй) каралышы мүмкүн. Адамдын алгылыктуу кредиттик таржымалы кредит алуу учурунда жагымдуу шарттар менен кредит алууга мүмкүнчүлүк берет.

“КАРА ТИЗМЕ” ДЕГЕН ТҮШҮНҮК ЖОК

Насыялык бюролор “Карыз алуучулардын “кара тизмегин” түзүшпөйт. Анын ордуна насыялык бюролор жеке жана юридикалык жактар жөнүндө оң болобу же терс болобу, насыялык маалыматты чогултуу, иштеп чыгуу жана сактоо жолу аркылуу алардын насыялык тарыхын түптөшөт. Ошону менен бирге, насыялык бюролор келип түшкөн маалыматка эч кандай өзгөртүүлөрдү киргизишпейт жана финансы-кредиттик уюм тарабынан кандай түрдө берилсе, ошо боюнча сактай беришет.

Ага ылайык, финансы-кредиттик уюмдар, карыз алуучунун абалын караштырып жатып, ал адамдын мурдагы карыздарын, анын кредитке жана ушул сыяктуу милдеттенмелерге кандай мамиле кыларын ачык көрө алат. Эгерде ал кредиттерди өз мөөнөтүндө төлөбөсө, бул адамдын төлөө жөндөмдүүлүгүнүн төмөндүгүнөн кабар берет. Мындай шарттарды, финансы-кредиттик уюм кредит берүүдө сөзсүз түрдө эске алат жана кредит алууда жагымсыз таржымал өзүнүн терс таасирин тийгизиши толук мүмкүн.

Мыйзамга ылайык, насыялык маалыматты сактоонун мөөнөтү жети жылга чейин созулат жана жети жылдан өтүп кеткен кредиттер насыялык тарыхка киргизилбейт.

НАСЫЯЛЫК ТАРЫХ МЕНЕН ТААНЫШУУ ЖОЛДОРУ

Насыялык тарыхты алуу үчүн насыялык бюролорго жайгашкан жери боюнча же болбосо интернет-сайт аркылуу кайрылуу керек. Мыйзам боюнча насыялык тарыхты бир жылда бир ирет акысыз алууга мүмкүнчүлүк бар, ал эми кийинкилери насыялык бюронун өз бааларына ылайык төлөнөт.

Эгерде насыялык маалыматта каталар болсо эмне кылуу керек? Бул жерде адамдык фактор дагы болушу мүмкүн. Финансы-кредиттик уюмдар насыялык бюрого маалымат жиберүүдө каталарды кетириши дагы мүмкүн. Насыялык маалыматтагы кандайдыр бир маалымат менен макул болбосоңуз, жарандардын ал маалыматты толугу менен же болбосо кандайдыр бир бөлүгүн өзгөртүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Ал үчүн кредит алган жерге же насыялык бюрого кайрылуу керек.

ЧЕТ ӨЛКӨДӨ АЛЫНГАН НАСЫЯЛЫК ТАРЫХ

Эл аралык насыялык маалымат менен алмашуу тууралуу айта кетчү нерсе, бүгүнкү күнгө карата насыялык бюролор маалыматты Кыргыз Республикасынын ичинде гана чогулта алышат. Бирок Евразиялык экономикалык биримдикке кирген өлкөлөр арасында ал өлкөлөрдүн жарандары боюнча насыялык маалыматты алмашуу келишими тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат. Бул документтер кабыл алынып калса, биримдикке кирген өлкөлөрдүн жарандары кредит алуу үчүн финансы-кредиттик уюмдарга кайрылган шартта, алар боюнча маалымат сурап алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.


Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 851, 21-27-февраль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан