КУРАН КЕРЕМЕТТЕРИ

ХХ кылымдын башында орус окумуштуусу Александр Фридман менен бельгиялык астроном Георгий Леметр көпкө созулган илимий изилдөө­лөрү­нүн негизинде чоң ачылыш жасашкан. Бул ачылыш ааламдын дайыма кеңейип турушу эле. Чындыгында, аалам барган сайын кеңейип, андагы асман телолору, жылдыздар бири-биринен алыстап жатканы 1922-жылы тастыкталган.
Бирок, бул тууралуу маалымат адамзатка эчак эле билдирилген тура! Башкача айтканда, мындан 14 кылым мурун Алла Таала тарабынан жиберилген ыйык Куран китебинде жазылган: “Биз (улуу күч менен) асманды көтөрдүк, жана (аны) кеңейтүүдөбүз” (Куран, 51-сүрөө, 47-аят).
Адам баласы аалам эмес, жер шарынын түзүлүшүн түшүнө элек доордо, эч кандай техника жок кезде айтылган бул сөздөр ойлондурбай койбойт. Мына ушул сыяктуу көп сандаган мисалдарды камтыган ыйык Курандын илимий негиздери жөнүндө баяндаган документалдык тасма тууралуу кеп курууну туура көрдүк.

ХАРУН ЙАХЙА КИМ?
“Куран кереметтери” фильми Түркияда жарык көргөн. Буга чейин кино тууралуу жазганыбызда анын продюсерлери, бюджети жөнүндө дайыма маалымат берчү элек. Бирок, бүгүнкү сөз боло турчу тасманы даярдап, тартып чыгарган адамдар же кинокомпания тууралуу маалымат өтө аз. Анын себеби, улуу Китептин сырларын дүй­нөгө жайылтуу – бул акча же атак-даңк үчүн жасалган иш эмес. Алланын сөзүн элге жеткирүү – бул кызмат, парз, сооп.
Фильм бир адамдын ысымы менен байланышкан. Бул – анын автору, Түркиянын ири философторунун бири, белгилүү жазуучу, ойчул Аднан Октар. Ал 1956-жылы Анкарада туулган. Мишар Синан университетинде окуп жүргөн чагында, тагыраак айтканда, 23 жашынан тартып материалисттик философияга байланыштуу изилдөө­лөр­дү жүргүзө баштаган. Кийинчерээк ар тараптуу илимий изилдөө­лөрүнүн негизинде бир нече китеп жазып чыгарат. Азыр Октардын дүйнөнүн 37 тилине которулган китептеринин саны 200дөн ашат. Фильмдер да 20дай тилге биринин артынан бири которулуп жайылууда.
Ошентип, жаш философтун айткан сөздөрү, далилдери бүткүл дүй­нөнүн көңүлүн буруп келүүдө. Гезит-журналдарда “Атеизмдин кулашы”, “Дарвин теориясынын соңу” деп аталган макалалар да пайда болууда.
Албетте, Аднан Октарга каршы чыккандар болбой койгон эмес. Толук билимдүү болбогон философту “шизофреник”, “баңги” деген жаманаттыга кондуруп, бут тоскондордун саны жетишээрлик эле. “Араб тилин билбей туруп, Куран жөнүндө сөз кылууга акысы жок” деп күнөө­лөшкөн. Ушул жана башка себептер менен анын чыгармалары «Жавит Йалчын» жана «Харун Йахйа» деген эки купуя ат менен чыгарылат. Дүйнөгө көбүнчө «Харун Йахйа» аты менен таанымал. Бул ысымды Аднан атеизм жана ересчиликке (кудайды чануу, динбезерлик) каршы күрөшкөн эки пайгамбар Харун менен Йахйанын ысымдарын урматтоо менен тандап алган. Харундун ар бир китеби, ар бир тасмасы өзгөчө далил катары Мухаммад пайгамбардын (с.а.в) ысымы менен тастыкталган.
Харун Йахйанын бардык изил­дөөлөрү­нүн жалгыз гана максаты – динден четтеп кеткен же ишеними жок адамдарга Куран-и-Каримдин улуулугун, кереметтүүлүгүн тү­шү­н­­дүрүү, жалган дүйнө менен о дүй­нөдөгү жашоо жөнүндө ойлонууга үндөө жана момун мусулмандардын ыйманын арттырып, аларга баа жеткис кеңештерди берүү.

Кереметтүү китеп
Фильм алгач 3 гана ири бөлүм болуп тартылган. Азыркы күндө анын көптөгөн жаңы сериялары кайрадан иштелип тартылууда.
Документалдык тасманын бир бөлүмү 8-12 чакан сериялардан турат. Ар бир серия орточо эсеп менен 3-5 мүнөткө созулат. Фильм атайын визуалдык эффекттердин жардамы менен сүрөт, таблица, чиймелер менен коштолуп турат. Мындай ыкма айтылган маалыматты көрүүчүнүн оңой кабыл алуусуна жакшы шарт түзөт.
Курандын илимий далилдерин изилдеген илимпоздордун айтымына таянсак, “Куран кереметтериндеги” ар бир сериянын негизги идеясы бири-бирине төп келет. Алгач жаратылыштын, адамдын, техниканын илим тарабынан ачылган кандайдыр бир табышмактары жөнүндө сөз болот да, ошол эле айтылган нерсенин ыйык Китептеги жазылышы менен салыштырылат. Мисалы, жер кыртышы (тропосфера) 7 каттан түзүлгөндөй, аба катмары да (атмосфера) 7 каттан тураарын окумуштуулар ХIХ кылымда гана билдиришсе, бул жөнүндө 14 кылым мурун Куранда айтылат делет. Мындан тышкары, Курандын илимий далилдерин изилдеген илимпоздор: “Адам баласын Алла Таала топурактан жараткан” деп Куранда айтылганы белгилүү. Азыркы учурдун заманбап техникасынын жардамы менен ушул маалымат далилденди. Кишинин денесинин 95 пайызы 6 элементтен турат: көмүртек, кычкылтек, суутек, фосфор, азот жана кү­күрт. Так ушул химиялык элементтер топурактын курамында бар.
Куран китебинде жаралып жаткан адам баласынын алгач угуу органы, андан соң көрүү органы, эң акырында жүрөгү пайда болоору жазылган. Биздин заманда техниканын жардамы менен бул нерсе далилденип отурат.
Жер планетасынын шар формасында экендиги, адам баласынын жаралышы, убакыттын бөлүнүшү, айбанаттар менен өсүмдүктөргө байланыштуу кызыктуу маалыматтар 1400 жыл мурун эле улуу Китепке жазылып койгону маалым. Ал маалыматтар бүгүнкү күндүн илимий техникасынын жардамы менен четинен табылып, изилденип жатат» деген далилдерди келтиришет.
Чындыгында, атеисттер менен мате­риалисттердин жүрөгүн тү­шүргөн чындык, бүткүл илимий дүйнөнү чоочута турган далилдер мына ушул тасмада алаканга салып койгондой көрүнүп тургандай сезилет. Мындай далилдер сизди таң калтыра алабы же жокпу, аны сиз тасманы көргөн соң билесиз.

Даярдаган Бегайым Мусакеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 230, 30-март-5-апрель, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан