BALANCE.KG ҮЙДӨН ЧЫКПАЙ ТӨЛӨМ ЖҮРГҮЗ! BALANCE.KG КОЛДОНУП, ЖЕҢИЛДИКТЕРГЕ ЭЭ БОЛ!

БАНКТЫК НАСЫЯНЫ ТЕЗ ЖАНА ОҢОЙ ТӨЛӨҢҮЗ!

Balance.kg колдонуучулары банктык насыяны 7 күнү тең 24 саат бою комиссиясыз төлөй алышат. Тиркемеден “финансы”-өздүк насыя бөлүгүн тандаңыз.

«Дос-Кредобанк» насыясын төлөө үчүн “эсептин номери” деген жерге насыя келишиминин эсебин жазыңыз (16 сандан турат).

Элет Капитал насыясын төлөө үчүн “жеке эсеп” деген жерге зайымчынын жеке эсеби жазылат.

FAST CASH насыясын төлөө үчүн “жеке эсеп” деген жерге зайымчынын жеке эсеби жазылат.

Керектүү сумманы териңиз жана “андан ары” деген жерди басыңыз. Төлөм көз ирмемде комиссиясыз жүргүзүлөт жана сиз СМС-билдирүүнү аласыз.

КОММУНАЛДЫК КЫЗМАТТАРДЫ КОМИССИЯСЫЗ ТӨЛӨҢҮЗ!

Balance.kg тиркемесинин “коммуналдык кызматтар” бөлүгүн караңыз, керектүү сервисти тандаңыз, жеке эсептин санын жана сумманы жазыңыз. Төлөмдү жүргүзүңүз, чек чыгат жана төлөмдүн жүргүзүлгөндүгү тууралуу СМС келет.


АВИАБИЛЕТТЕРДИ ПАЙДАЛУУ САТЫП АЛЫҢЫЗ!

Кыргызстандын ички каттамдарына (Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Исфана) leti.kg онлайн-авиакассасы аркылуу алсаңыз,билеттин баасынын 10 пайызы кайрадан сиздин капчыкка түшөт.




БИРИНЧИ ЖЕТКИРҮҮ АКЫСЫЗ!

Balance.kg тиркемесинин “тамак-аш” – Namba FOOD бөлүгүн табыңыз. Каалаган тамактануучу жайды тандап, тамакка буюртма берип, Balance.kg аркылуу төлөңүз. Жеткирүү акысы 60 мүнөт ичинде баланска кайтарылат.




СҮЙҮКТҮҮҢҮЗДҮ КУТТУКТАҢЫЗ!

Balance.kg аркылуу гүлдөрдү төмөнкү гүл дүкөндөрүнөн жеңилдетилген баада сатып ала аласыз:

Цветкофф-10%, Ред Роуз-10%, Henry Bonnar-10%, Prime Flowers-10%, Mana Flowers-20%, Greenland-10%.

Ошондой эле Athletic Hall абонентин 10 пайыз жеңилдик менен сатып ала аласыз!

"МОБИЛДИК КАПЧЫКТЫН АРТЫКЧЫЛЫГЫ: ЖӨНӨКӨЙ, КОММИССИЯСЫЗ, ЖЕТКИЛИКТҮҮ"

Beeline компаниясынын Санарип жана финансы кызматтарын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Константин Махеня менен маек.

– Константин мырза, айтсаңыз, Balance-мобилдик капчыгы кандай талаптардан улам жаралган?

– Beeline компаниясы учурда колдонуучулардын жашоосун жеңилдетүүчү тиркемелер жана кызматтарды колдонууга киргизүү жана аларды жайылтуу жаатында иштерди алып барууда. Balance-мобилдик капчыгы 2017-жылы октябрь айында ишке киргизилген. Андан бери
400 000 ден ашык абонент колдонду. Бул – эң популярдуу кызмат дегендик. Balance.kg тиркемесин телефонуңузга көчүрүп, катталып, керектүү кызматты колдоно бересиз. Компаниянын өлкө аймагында
30 000ден ашык терминалынын сизге жакын жайгашканынан мобилдик капчыгыңыздагы каражатыңызды толуктай аласыз. Кайрымдуулук иштерге, акцияларга катышам десеңиз, ага да мобилдик капчык жол берет. Мисалы, сиз мүмкүнчүлүгүңүзгө карап 100 же 200 сом кайрымдуулукка которгуңуз келсе, бул үчүн банкка барып отурбай үйдөн же жумуш ордуңуздан которсоңуз болот. Компания учурда 8 кайрымдуулук фонд менен иштешип, каражаттарды которуп, акцияларды уюштуруп келет. Биз кайрымдуулукка элди чакырган ролик да тартып, таркатып келебиз.

Мобилдик капчык аркылуу ТВ, интернет, түрдүү оюндар, сатып алууларды оңой жүргүзүп, өзүңүзгө жана жакындарыңызга бирдик да сала аласыз.

Balance.kg тиркемеси Beeline компаниясынын IT-индустриясына өтүшүнөн кабар берет. Тиркеме-акчасын бир эсепке которуу менен сатып алууларды жүргүзө албаган калктуу аймактар, соода түйүндөрүнүн талабынан улам жаралган.

Айталы, абонент Бишкектен Ошко учакка мобилдик капчык аркылуу билет алды дейли. Билеттин баасынын 10 пайызы кайрадан сиздин капчыкка түшөт. Мисалы, билет 3000 сом болсо, сиздин капчыкка 300 сом түшөт. Мобилдик капчыктын артыкчылыктары: жөнөкөй, комиссиясыз, жеткиликтүү.

– Эгер абоненттин чөнтөк телефону жоголуп кетсе, мобилдик капчыктын пин-кодун жана андагы каражаттын суммасын калыпка келтирүүгө болобу?

– Болот. Ал үчүн дароо Beeline компаниясына чалып, билдирүү жасоо керек. Жоголгон телефондон башкалар мобилдик капчыкты пин-кодсуз ачып колдоно албайт.

– Компания банк карталарын да чыгарды. Банктагы эсептен картага каражат которууга мүмкүнбү?

– Банктагы эсебиңизден картаңызга же картаңыздан банкка каалаган суммадагы каражатыңызды которсоңуз болот. Картаңыздагы каражаттан керектүү сумманы банкоматтардан комиссиясыз накталай алууга мүмкүнчүлүгүңүз бар.


Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 851, 21-27-февраль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан