АТАЛЫК ҮРӨНҮ – БАЙГЕРЧИЛИККЕ БИРГЕЛЕШИП ЖЕТЕБИЗ!

ЖАРЫМ КЫЛЫМДАН АШЫК ЭМГЕК

Кыргыз жери – нур төгүлгөн асыл жер. Айыл чарбасына туура мамиле кылган учурда жылуулукту сүйгөн пахтадан баштап эч нерсени тандабаган сафлорго чейин ар кандай өсүмдүктөрдөн жакшы түшүм алууга болот. Суу ресурсунун молдугу жана узакка созулган айыл чарба сезону өз убагында үрөн себүү иштерин жүргүзүп, түшүмүн жыйнап алууга жардам берет. Ал эми «ЭлДан Аталык» АӨК фермерлерге сапаттуу, тастыкталган ата мекендик жана чет элдик селекциядагы үрөндү сунуш кылат.

Байыркы мезгилден бери эле адам жер айдап, өсүмдүктөрдүн мыкты сапаттарын таап, өстүрүп, алардын түшүмдүүлүгүнө, зыянкечтерге жана аба ырайына туруктуулугуна болгон ар кандай факторлорго көз салып келет. «ЭлДан Аталык» Агро-өнөр жай комплекси (мурдагы Киров атындагы колхоз) бул ишмердүүлүк менен 50 жылдан ашык убакыттан бери алектенип келет. Алгач бул сапаттуу үрөн себүү материалдары жана өзүнүн мал чарбачылыгындагы мал үчүн түшүмдүн керектүү көлөмүн камсыз кылуу зарылчылыгы менен шартталган. Бирок убакыттын өтүшү менен биз өлкөнүн бардык жер иштетүүчүлөрүнө пайда келтире ала турганыбызды түшүндүк.

«ЭлДан Аталык» үрөн чарбасы Кыргыз жер иштетүү ИИИ, Кыргыз жайыт жана тоют ИИИ, ОФ Федералдык дан илимий борбору, Май өсүмдүктөрүнүн бүткүл орусиялык ИИИ, ОФ Бакчачылык жана жүзүмчүлүктүн түндүк кавказдык федералдык борбору менен тыгыз кызматташып келет. Республикабыздагы Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети жана Кыргыз-Түрк "Манас" университети менен тыгыз байланыштарды орноткон. Немистердин «Рапуль» селекциялык компаниясынын расмий дистрибьютору болуп саналабыз.


ҮРӨНҮ МЕНЕН 50гө ЖАКЫН СООДА ТҮЙҮНҮ АЧЫЛАТ

Биздин компаниянын тажрыйбалык-өндүрүштүк базасы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүнөн баарынан баалуу касиеттерди тандап алууга жана сактоого мүмкүнчүлүк берет. Заманбап жабдуулар, айдоо аянттары жана квалификациялуу адистер – биздин сыймыгыбыз жана айдоо материалдарынын сапатынын кепилдиги.

2019-жылы биз бүт республика боюнча дистрибуциялык тармакты уюштуруу боюнча ишибизди баштадык. Аталык үрөнү менен 50гө жакын соода түйүнүн ачуу планыбыз бар. Белгилей кетүү керек, аймактардагы баа, «ЭлДан Аталык» кампадан чыгарып жаткан дандын баасынан айырмаланбайт.

Бул жылы жер иштетүүчүлөргө методологиялык жардамды даярдоо боюнча иштер башталды. USAID менен бирге сафлор, рапс жана сояны өстүрүү боюнча материалдар чыгарылды. Башка өсүмдүктөр боюнча нускамалар чыгарууга даярдалууда.

2019-жылдагы сезонго биз фермерлерге жүгөрү, сафлор, соя, рапс, арпа, сулу жана беденин гибриддеринин уруктарын сунуштап жатабыз. Ал эми май чыгаруучу өсүмдүктөрдү (сафлор, соя жана рапс) өстүргөн фермерлер менен айдоо материалдарын сатуу учурунда дароо эле сафлор уругунун килограммын 18 сом, сояны 26 сом, ал эми рапсты 25 сомдон сатып алууга келишим түзөбүз.

Ошондой эле USAID`дин «Атаандаш ишкана» долбоору менен меморандумга кол коюлду, ал боюнча биз 5 жылдын аралыгында 7 миллион доллардан ашык суммага Чүй облусунун фермерлеринен май өсүмдүктөрүнүн түшүмдөрүн сатып алууга милдеттендик.


ЖАКШЫ САПАТ – МОЛ ТҮШҮМ

Биздин үрөндүн сапатынын жана баасынын оптималдуу шайкештиги эл аралык уюмдар тарабынан өткөрүлгөн тендерлерде АӨК мезгилдүү жеңиши менен да тастыкталып турат. Мисалы, 2019-жылы "ЭлДан" январь-февраль айында Кыргызстандын түштүк облустарында «Мал чарбачылыгын жана 2 рынокту өнүктүрүү программасынын» алкагында жаздык арпанын 192 тонна үрөнүн жеткирди, анын донору БУУнун Айыл чарба жана азык-түлүк уюму болду. Бул сан тоюттук дандын дээрлик 40 миң центнерин алуу үчүн жетиштүү.

Бирок жакшы түшүм – бул бир гана сапаттуу үрөн эмес. Өсүмдүктөрдү себүү учурунда которуштуруп айдоо эрежесин туура сактоо, кыртышты өз убагында жана туура даярдоо, агротехникалык иш-чаралардын комплексин ишке ашыруу абдан маанилүү.

Топтолгон тажрыйба ар бир фермердин салымы жыйынтык алып келиши үчүн консультациялык колдоо көргөзүүгө мүмкүндүк берет. Ошондуктан тигил же бул өсүмдүктү себүү тууралуу чечим кабыл алуунун алдында рыноктогу суроо-талаптан тышкары өстүрүү эрежелерин эске алууну сунуштайбыз. Мисалы, жүгөрү узак убакыт бою бир эле талаада өсө берет, ал эми соя жана төө буурчактан кийин беде айдоо жакшы жыйынтык бербейт. Сулу жана арпа сыяктуу айрым өсүмдүктөрдү кыртыш гербициддерин колдонгондон кийин себүүгө болбойт, ал эми мурунку сезондо соя өстүрүлгөн талаада жүгөрү айдоо мыкты түшүм берет. Дээрлик бардык өсүмдүктөр үчүн биз күзгү айдоону же эрте жазда жер айдоону сунуш кылабыз, бул нымды сактап калууга жана кыртыштын түзүмүн жакшыртууга мүмкүндүк берет, ал эми себүү алдындагы гербициддер менен дарылоо отоого каршы жардам берет. Ошондой эле жаңы чыккан жалбырактардын бекемделип, көбүрөөк күн нурун жана азыктандыруучу заттарды алуусуна мүмкүндүк берет.

Түшүмдүүлүктүн маанилүү фактору болуп тигил же бул сорттун же гибриддин өзгөчөлүктөрү саналат. Кыргызстандын түндүк облустарындагы фермерлер үчүн жүгөрү данынын 80ден 120 центнерге чейин түшүмүн алуу үчүн биз «Аталык 291 АМВ» же «Аталык АМВ 377» гибриддерин, ал эми Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустары үчүн – «Аталык 425 МВ» гибридин себүүнү сунуштайбыз. Бул гибриддердин баасы жыйноо учурунда дандын төмөнкү нымдуулугу жана протеиндин жогорку камтылышы менен айырмаланат.

Жыл сайын биз айыл чарба өсүмдүктөрүнүн «Талаа күндөрүн» өткөрөбүз. Бул жылы компаниянын агрономдору жана Май өсүмдүктөрүнүн Бүткүл орусиялык илимий-изилдөө институтунун адистеринин катышуусу менен «Рапс боюнча талаа күнүн», «Соя боюнча талаа күнүн», «Жүгөрү боюнча талаа күнүн» пландаштырып жатабыз. Талаа күндөрүнүн башкы максаты – фермерлер менен тигил же бул өсүмдүктү өстүрүү боюнча практикалык тажрыйба алмашуу.


Кыргызстандын Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында үрөн сатып алуу жана кызматташуу маселелери боюнча 0551 422 322 телефондоруна, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 0551 999 617 же 0770 828 220 телефондоруна кайрылгыла.


Ошондой эле уруктардын сүрөттөлүшү, өстүрүү технологиясы жана баалары www.atalyk.kg сайтында жеткиликтүү.

«ЭлДан Аталык» АӨК ЖЧК 0 (312/556/704/773) 919 999

operator1@atalyk.kg, ozgon_agroservice@atalyk.kg

Үрөнү менен каталогдун баракчасына келүү үчүн өз смартфонуңа Qr-кодду сканерле.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 852, 28-февраль - 6-март, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан