BEESHOP.KG`де АЙЫМДАР ҮЧҮН ӨЗГӨЧӨ БЕЛЕКТЕР

Алдыда 8-Март – Аялдардын эл аралык майрамы. Жакындарыңызга эмне белек берсем деп баш катырып турган чагыңызбы? Ойлонбоңуз! Анткени кардарларын өзгөчө жаңылыктары менен кубантып келген Beeline компаниясы жаз майрамдарын утурлай аялзатына керектүү сонун белектерди даярдап койду. Эми сиз үйдөн чыкпай эле, Beeshop.kg онлайн-дүкөнүнө кирип, каалаган белегиңизди накталай акчага же болбосо насыяга деле тандап ала аласыз. Кантип дейсизби? Анын жолу оңой жана ылдам.

Насыя алуу "Дос Кредобанк" аркылуу ишке ашырылат.


Адатта, насыяга бир нерсе аларда көптөгөн документтер талап кылынат. Бул жагын эске алган Beeline компаниясы кардарларына жеңилдик катары 2 гана документ талап кылат. Эми каалаган буюмуңузду кепилдиксиз эле сатып ала аласыз. Каттоого бир нече гана мүнөт кетет. Ал эми сатып алуудан калган кубаныч көпкө көңүлүңүздө сакталат.


Насыя алуу оңой жана ылдам


BEESHOP.KG`де КАНДАЙ БЕЛЕКТЕР БАР?

Ашканага керектүү буюмдар

  • Муздаткычтар
  • Ашкана плиталары
  • Микротолкундуу мештер
  • Блендерлер
  • Идиш жуучу машиналар

Смартфондор
(Apple, Samsung, Meizu, Xiaomi, LG, Lenovo, Huawei, OnePlus, Sony, Smartisan, Honor жана башка үлгүдөгү)

Планшеттер

Ноутбуктар

Акылдуу кол сааттары жана башкалар


Үй тиричилик буюмдары

  • Кир жуучу машиналар
  • Үтүктөр

Сулуулукка керектүү каражаттар

  • Фен
  • Чач түздөөчү үтүктөр


НАСЫЯ АЛУУНУН ЖОЛДОРУ

1-кадам.
1. Кыргыз Республикасынын Жарандык паспорту (ID-card). Эгерде биометрикалык паспорт болсо, анда жашаган дареги боюнча маалым кат талап кылынат.
2. Иштеген жерден акыркы 6 айдагы маянанын суммасы жана ээлеген кызматы боюнча маалым кат же тастыктоочу дүмүрчөк жана узартылган акыркы ай үчүн күчүндөгү патент.
Эскертүү! Бул документтер алдын ала даярдалышы шарт.

2-кадам.
Beeshop.kg онлайн-дүкөнүнө кирип, каалаган товарды тандаңыз, арызды каттаңыз. Бардык документтерди атайын көрсөтүлгөн жерге тиркеңиз.
Эскертүү! Арыз туура толтурулушу шарт.
1 сааттын ичинде сиздин арызыңыз банк тарабынан каралат. Адистер банктын чечими тууралуу сизге билдиришет.

3-кадам.
Эгерде насыя берүүгө оң чечим чыгарылса, сиз дароо эле дүкөнгө келип, тандаган буюмуңузду алып кетсеңиз болот. Тиешелүү документтердин баарын жаныңызга алып алууну унутпаңыз. Баса, Бишкек шаарынын тургундарына белекти жеткирип берүү кызматы да каралган.


НАСЫЯГА БЕЛЕКТЕРДИ КИМДЕР АЛА АЛАТ?

1. 20-65 жаш аралыгындагы Кыргыз жарандары;

2. Айлык акысынын өлчөмү 7500 сомдон кем эмес;

3. Башка банктарда төлөнбөй калган насыясы жоктор;

4. Насыя таржымалы жакшы жарандар.

Эскертүү! Насыянын мөөнөтү 3 айдан 12 айга чейин.

Баштапкы төлөм: буюмдун баасынын 10 пайызынан баштап. Күрөө катары сатып алынып жаткан буюм эсептелет.


НАСЫЯНЫ АЛГАНДАН КИЙИН КАЙСЫ МААНИЛҮҮ МААЛЫМАТТЫ БИЛИШ КЕРЕК?

1. Насыяны ай сайын төлөө үчүн эсеп санын билүү керек. 8686 номуруна чалып, насыянын эсеп санын билсе болот. Чалуу акысыз.

2. Унутпай ар ай сайын насыянын негизги суммасын жана банктын пайызын төлөө зарыл. Насыянын ар бир айлык суммасы келишимде тиркелген төлөө тартибинде көрсөтүлгөн.

3. Бир нече төлөө мүмкүнчүлүктөрү бар: терминал, банктын бөлүмдөрү, интернет-банкинг же Balance мобилдик капчыгынан. Капчык аркылуу төлөгөндө насыянын эсеп санын жана суммасын үлгү катары сактап калуу мүмкүнчүлүгү бар.


Кененирээк маалымат алуу үчүн: 0774 000 999

Дамира Арстанова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 852, 28-февраль - 6-март, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан