ТАУП – БЫЙЫЛКЫ ТРЕНД. БУЛ ТҮС МЕНЕН ЖАКЫНДАН ТААНЫШТЫРАБЫЗ

2018-жылы мода жана сулуулук дүйнөсүндө тауп түсү өзгөчө орунду ээлеген эле. Түстөр боюнча дүйнөлүк эксперт Pantone институту 2019-жылы кайрадан бул өңгө басым жасоону сунуштайт. Дүйнө жүзүнө белгилүү Valentino, Alberta Feretti сыяктуу мода үйлөрү басым жасаган тауп түсү кайдан чыккан? Бул түс кимдерге жарашат? Аны кийинүү стилинде, макияжда, интерьерде кайсы түстөр менен айкалыштырууга болот? Адистердин кеңештерине кулак салабыз.

Тауп – боз, күрөң, сыя жана күлгүн түстөрдүн айкалышуусунан жаралган өң. Бир караганда шампиньондун (козу карын түрү) калпакчасынын ички бөлүгүнүн түсүнө окшош. Тaupe – латын тилинен алынган сөз. Бул өң Европаны мекендеген момолой чычкандын терисинин өңүнөн улам тауп аталып калган.


Замира Молдошева, стилист, дизайнер:
«ТАУП ТҮСҮ БАРДЫК АДАМДАРГА ЖАРАШАТ»

– 2018-жылдын трендине айланган тауп түсү быйыл да өз актуалдуулугун жоготпойт. Тауп – бул боз жана шоколаддын өңүндөй күрөң, бир аз сыя жана күлгүн түстөрдүн жуурулушунан чыккан түс. Тауп өз ичинен бир нече гаммага бөлүнүп кетет. Алсак:

  • Боз менен ачык күрөң түстүн жуурулушу
  • Сыя өң жуурулушкан ачык күрөң
  • Күрөң түс жуурулушкан боз өң
  • Күлгүн өң жуурулушкан тауп
  • Кочкул кызыл жуурулушкан тауп жана башка.

Бүгүнкү күндө стилисттер бул өңдү кийинүү стилинде, макияж жасоодо пайдаланып келишет. Негизинен тауп – ак, ак жуумал, сары өңдөгү адамдарга жакшы жарашкан түс. Кара, буудай ирең, бети кызыл адамдарга бул түс жарашпайт.


Көйнөк

Тауп өңүндөгү көйнөк адамды назик, элеганттуу көрсөтөт. Мындай өңдөгү көйнөктөрдү фасонуна жараша кеңсеге, кечеге да кийип барууга болот. Тауп ак, ток сары, көгүлтүр, ачык сыя өңдөр менен мыкты айкалышат.


Юбка

Тауп өңүндөгү юбка же шым ак түстөгү блузка менен мыкты айкалышат.


Сумка

Тауп өңүндөгү сумкалар кымбат жана кооз көрүнөт, өзгөчө булгаарыдан тигилгендери.


Бут кийим

Тауп өңүндөгү бут кийимдер бутту узун көрсөтөт. Андыктан жапалдаш бойлуу кыздар мындай өңдөгү бут кийимдерди коркпой эле кийишсе болот.


Макияж

Бул өң менен жасалган макияж көзгө жагымдуу көрүнөт. Кечки да, күндүзгү да макияжда пайдаланууга болот. Жогоруда айтылгандай, ак, ак жуумал, сары адамдарга жакшы жарашат. Күлгүн түс менен айкалышкан тауп өңүн эндик, контур катары да пайдаланууга болот. Тауптун күңүрт тондогу гаммасын каш боёодо да колдонсо болот.


Мукан Момбеков, интерьер-дизайнер:
«ТАУП ТҮСҮ АДАМДЫ ТЫНЧТАНДЫРУУЧУ КАСИЕТКЕ ЭЭ»

– Бөлмөлөрдү тауп өңүндө жасалгалоо Европада 2017-жылы эле тренд болгон. Акыркы жылдары бул түс бизде да интерьерде кеңири пайдаланыла баштады. Бул түстүн өзгөчөлүгү эмнеде? Биринчиден, тынчтандыруучу касиетке ээ. Өзгөчө бул түстү уктоочу бөлмөнүн жасалгасына колдонуу пайда алып келет. Жумуштан чарчап келген адамды эс алдырып, тынч уйку тартуулайт. Экинчиден, тауп жеңил, нейтралдуу түс. Аны ачык күрөң, көгүш, ачык сыя, боз, ак түстөр менен айкалыштырууга болот.


Терезе парда

Тауп өңүндөгү жеңил кездемеден тигилген көлөмдүү терезе пардалар бөлмөгө көрк жана ыңгайлуулук тартуулайт.


Пол

Полго төшөлгөн тауп түсүндөгү ламинат, паркет, линолеум жана ошол түскө боёлгон тактай интерьерге жаңычылдык берет. Мындай түстөгү пол менен ак өңдөгү эмеректер мыкты айкалышат.


Дубал

Эгер тар бөлмөнүн дубалына тауп өңүн берсеңиз, алда канча кенен кылып көрсөтөт. Мындан сырткары бул өң адамдын оюн чаржайыт кылбай, бир жерге топтоого таасирин тийгизет.


Жуунуучу бөлмө

Жуунуучу бөлмөнү тауп өңүндө жасалгалоодон мурун жарыкка көңүл буруңуз. Эгер терезеси кичинекей болуп, лампочка менен гана жарыктандырылса, анда ал күңүрт тартып, эс алуучу бөлмөгө айланат.


Эмеректер

Тауп түсүндөгү эмеректер, жаздыкчалар уктоочу бөлмөгө да, конок бөлмөгө да ары табышмактуу, ары романтикалык маанай түзө алат.


Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
deva
2019-03-04 14:33:57
Тауп деген тустун бар экенин билчу эмес элем чынында непонятный цвет го. Интерьерге жакшы жарашат ушул тус.
+3
datkayimjan
2019-03-05 09:44:47
Жердин тусу го
0
Aijan2905
2019-03-05 12:35:59
Жагымдуу тус экен
+1
Aikan1966
2019-03-05 16:28:55
Ачык тустогу мага жакты
+1
sely
2019-03-10 00:37:31
Кыргызчага топурак тус деп которуп алалы. Жагымдуу тус экен
0
№ 852, 28-февраль - 6-март, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан