25-февраль. Лос-Анжелес шаары. “Долби” театры адаттагыдай жыкжыйма. Түрсүлдөгөн жүрөктөр, кычыраган киножылдыздар, “октолгон” фотоаппараттар... Мунун баары кино тармагындагы жылдын негизги окуясын, тагыраагы, 91-ирет тапшырылып жаткан “Оскар” сыйлыгы кимге буюрарын күтүп жатышты.
АЛПАРУУЧУСУЗ ӨТКӨН АЗЕМ
“Оскар” сыйлыгын тапшыруу аземи быйыл да толгон токой кызыктар менен коштолду. Аземди ырчы Адам Ламберд “Queen” тобунун ыры менен ачып берди. Бул бекеринен эмес. Убагында “сахнанын кожоюндары” болушкан “Queen” тобу жана легендарлуу ырчы Фредди Меркьюри тууралуу тартылган “Богемдик рапсодия” (“Богемская рапсодия”) тасмасы бул жылы эң көп наамга ат салышты.
Сыйлык тапшыруу 30 жылдан бери быйыл гана алпаруучусуз өттү. Башында алпаруучулук тизгин актёр Кевин Хартка берилген. Бирок интернетке актёрдун бир канча жыл мурда социалдык тармактарга жазган гомосексуалдык ойлору, толеранттуу эмес билдирүүлөрү жайылып кеткен. Мындан улам уюштуруучулар актёрго ошол билдирүүлөрү үчүн коомчулуктан кечирим суроону сунушташкан. Актёр: "Менин толеранттуу эмес эски билдирүүлөрүм буга чейин эч кимди кызыктырган эмес, эч кандай талкуу дагы жараткан эмес. Менимче, бул атайын уюштурулган. Мен бир канча жыл мурда айткан сөздөрүм үчүн кечирим сурабайм. Азыр менин жашоом таптакыр башка нукта, оюм дагы башка. Бирок ошондогу бөлүшкөн оюмду өзгөртпөйм жана ошол оюмда калам",- деп алып баруучулуктан баш тарткан. Мындан улам салтанаттын уюштуруучулары бул ирет сыйлык тапшыруу салтанаты алып баруучусуз өтөт деп билдирген. Эске салсак, буга чейин "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземи 1989-жылы алып баруучусуз өткөн эле. Ошентип сыйлык ала турган жана тапшыра турган бир катар кино дүйнөсүнүн дөө-шаалары сахнада жалгыз, микрофон менен “катарлаш” турушту. Дагы бир кызыктуу, романтикалуу көз ирмемдер сахнада орун алды. “Жылдыз төрөлдү” (“Звезда родилась”) тасмасынын "Тайыздыкта" («Shallow») аттуу саундтрегин актёр Брэдли Купер менен ырчы Леди Гага жандуу дуэт ырдашып, көрөрмандарды романтикага жетелешти.
СЫЙЛЫККА МАРЫГАНДАР
Эмнегедир сыйлыкка ат салышкан тасмалардын көпчүлүгү бул жылы музыка тууралуу болду. Статуэткалардын саны боюнча айтсак, “Богемдик рапсодия” тасмасы триумф жаратты. Тасма 5 наамга көрсөтүлүп, анын 4өөсүн куржунуна салып кетти. Аталган тасмада сексуалдык ориентациясы адаттан тыш артисттин ролун аткаруунун өзү тобокелдик эле. Талкуу менен “талкалап” кетишмек. Бирок коркпой, тобокелдикке барган Рами Малек “Мыкты актёр” болду да, “Оскар” баш болгон, “Алтын глобус” төш болгон бир катар беделдүү сыйлыктарды “сейфине” катты. Ушул эле тасма "Мыкты монтаж", "Үндөрдүн мыкты монтажы", "Үндү эң мыкты жасалгалоо" наамдарына да татыды. Ал эми “Мыкты актриса” наамын “Фаворитка” тасмасында Англия ханышасы Анна Стюарттын образын жараткан Оливия Колман утуп алды.
Пианист Дон Ширли тууралуу “Жашыл китеп” (“Зелёная книга”) тасмасы “Мыкты тасма” деп табылды. Ал эми Альфонсо Куарон “Мыкты режиссёр”, ал тарткан “Рома” тасмасы “Мыкты чет элдик тасма” аталып, 1 ок менен 2 коён атып кетти.
Голливудда жаңы жылдыз “төрөлдү” десек болот. Ырчы Леди Гага буга чейин айрым тасмаларга тартылып жүрсө да, быйыл гана тасмада жылдызы жанды. Тагыраагы, ал актёр Брэдли Купердин режиссёрдук дебюту болгон “Жылдыз төрөлдү” тасмасында башкы каармандын ролун аткарып, жыйынтыгында “Мыкты актриса” наамына ат салышып, тилекке каршы, жеңе алган жок. Так ушул тасманын саундтреги “Тасмага жазылган мыкты ыр” деп табылып, ырдын авторлорунун бири катары алгачкы ирет “Оскарды” колуна кармаган Леди Гага кубанычтан көзүнө жаш алды. Ал эми 7 жолу “Оскарга” талапкер болгон Брэдли Купер бул ирет дагы үйүнө куру кол кайтты. Бирок Брэдли Купердин режиссёр жана ырчы катары, Леди Гаганын актриса катары тушоосу ийгиликтүү кесилди десек болот.
АКТЁРЛОР ПОДИУМДАН, ОЙ, КЫЗЫЛ КИЛЕМДЕН КАНТИП ӨТҮШТҮ?
“Оскар” сыйлыгы Кызыл килемсиз көркүнө чыкпай калбайбы. Бул ирет да жылдыздар өздөрүнүн өзгөчө кийимдери менен Кызыл килемден өтүшүп, көпчүлүктүн бүйүрүн кызытышты. Алардын айрымдарына токтоло кетели.
Асхат Субанбеков
star@super.kg