ГЛЮТЕН ДЕГЕН ЭМНЕ?

Акыркы кездерде күнүмдүк тамак-ашыбыз болгон нан, макарон азыктарынын курамындагы глютен белогу жана ал жараткан оорулар тууралуу кептер көп айтылууда. Глютенсиз диета тууралуу кызыгып, билгиси келгендер да бир топ. Андыктан бул жаатта маалыматтарды сунуштайбыз.

ГЛЮТЕН – БУУДАЙ, КАРА БУУДАЙ, АРПА, СУЛУНУН КУРАМЫНДАГЫ БЕЛОК

Глютен (клейковина) – эгиндердин данынын курамындагы белок. “Глютен” латын сөзү, бизче “желим” деген маанини берет. Мындай белок буудай, кара буудай, арпа, сулунун курамында бар. Демек, аты аталгандардан алынган ундарда жана алардан жасалган азыктардын баарында, мисалы, нанда, боткодо, макарондо, токоч, манка акшагында бар. Белок камырды чоюлчаак, созулуп кайра калыбына келме, көпшөк, былпылдак, даамдуу кылат жана азыктын узакка сакталышын камсыздайт.

Глютенди ундан 1728-жылы италиялык химик Якопо Бартоломео бөлүп алган. Ошондон баштап кургак глютенди жогорудагыдай касиети үчүн азыктардын баарына, ал тургай косметикаларга да кошо башташкан. Кургак глютенди сууга чыласа агыш-көк түстөгү жабышчаак, серпилгич массага айланат.

ГЛЮТЕН КАЙСЫ АЗЫКТАРГА КОШУЛАТ?

  • Колбаса, сосиска, ачыткы
  • Фарш, эт жана балык консервалары
  • Кетчуп, томат пастасы, даам жана жыт берүүчү заттар кошулган сүт жана сүт азыктары
  • Балмуздак, сыр, майонез, соя соусу
  • Шорпо кубиктери, тез эрүүчү кофе, краб таякчалары
  • Квас, сыра, арак, кукси,
  • Тамак-аш кошулмалары Е-106b, E-150a, E-150d, E-636, E-953, E-965, E-471 жана башкалар


ЭСКЕ АЛЫҢЫЗ: ГЛЮТЕНСИЗ ТАМАК-АШТАР

  • Күрүч, жүгөрү, гречиха, киноа жана алардан жасалган азыктар
  • Таруу, картошка, табигый сүт жана алардан жасалган азыктар
  • Малдын, канаттуунун эти, балык
  • Жашылча-жемиштер
  • Чай, даам жана жыт берүүчү заттар кошулбаган кофе, какао, ширелер

ЦЕЛИАКИЯ – ИЧЕГИНИН ГЛЮТЕНДИ СИҢИРБЕЙ ТУРГАН ООРУСУ

Азыктардын курамындагы глютен ичке ичегиде бөлүнөт жана сиңет. Бирок айрым адамдардын ичегисинде глютен толугу менен бөлүнүп, ажырабайт. Алар ичке ичегиде чогулуп, ичегинин былжыр беттериндеги түктөрдү чапташтырып салат. Былжыр беттериндеги түктөр тамактагы азык-заттарды сиңирүү үчүн керек. Түктөр чапталышып калганда азык-заттар жакшы сиңбей, организмде витаминдер менен минералдардын жетишсиздиги, анемия пайда болот. Акырындап ичегиде сезгенүү жаралып, убак-убагы менен ич өтүү башталат. Ушул себептерден улам целиакия менен ооруган адамды остеопороз, тукумсуздук, бойдун өспөй калышы, оозул, кант диабети, дерматит, псориаз сыяктуу оорулар да коштоп калуусу мүмкүн. Дарттын негизги белгилерине арыктоо, психиканын кандайдыр бир деңгээлде бузулушу, депрессияга бат-бат түшүү, элге аралашпоо, шалдыроо, тамакка табиттин жоголушу (же тынбай тамак жеп калуу), ичтин чоңоюп кетиши кирет.

Биротоло айыктырууга мүмкүн эмес

Целиакия – тукум куучу оору. Аны биротоло айыктырууга мүмкүн эмес. Анткени ичеги өмүр бою глютенди сиңирбеген бойдон кала берет. Дарт качан баланы тамакка аралаштыра баштаганда (6 ай-1 жаш тегереги) билине баштайт. Дарылоо ыкмаларына өмүр бою диета кармоо жана организмди керектүү микроэлементтер, витаминдер менен камсыздап туруу кирет.

Диета – курамында глютени жок азыктарды берүү менен чектелет. Мисалы, гречиха, жүгөрү, таруу, картошка, киноанын курамында глютен жок, андыктан алардан тамак-аш жасап берүүгө болот. Даяр азыктар да бар, бирок алар кымбат. Диета сакталбаса ичеги глютенден бүтөлүп жана организмде керектүү азык-заттардын түгөнүүсүнөн адам каза табат.

Мурун целиакия оорусу тууралуу так маалыматтар жок болгондуктан, балдарга дисбактериоз, энтероколит, ферментопатия сыяктуу диагноздорду коюшчу.

Диагноз коюу үчүн кандын анализинен тышкары ичегинин клеткасынан үзүп алып текшерүү (биопсия) жүргүзүшөт. Кант диабети менен ооруган ата-энелерде да баласынын целиакия менен төрөлүп калуу коркунучу бар.

“БИЗДИН БӨЛҮМДӨ ЦЕЛИАКИЯ МЕНЕН 9 БАЛА ДАРЫЛАНДЫ”

Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун гастроэнтерология бөлүмүнүн врачы Гүлбара Чоңмурунова целиакия оорусу тууралуу буларды маалымдайт:

– Биздин бөлүмдө целиакия оорусу менен 2018-жылы 9 бала жатып, дарыланды. Аларга өмүр бою диета кармоо сунушталат. Курамында глютени жок тамак-аштарды жешет. Биз энелерине жүгөрү, күрүч унунан кантип нан бышырууну үйрөтөбүз, алар үйлөрүнөн бышырып беришет. Анализдерин Бишкектен тапшыра алышат, биз кээ бир анализдерди Москвага жиберип тактата да алабыз.

Даяр азыктарды Бишкектеги бир дүкөн сатат, бирок кымбат. Андыктан ата-энелердин кээ бирлери Орусиядан алдырышат.

ГЛЮТЕН АУТИСТТЕРДИН МЭЭСИН УУЛАНДЫРАБЫ?

Медицина “аутизм – акыл-эстин өсүшүнүн дарылап айыктырууга мүмкүн болбой тургандай бузулушу” деген аныктама берет. Бирок диетологдор менен натуропаттар (альтернативдүү медицина, мунун ыкмалары: ароматерапия, гелиотерапия, апитерапия, гирудотерапия, фитотерапия жана башка) оптимисттик көз карашта. Алар “Балдарды туура тамактандырып, организминдеги витамин жана микроэлементтерди толуктап, аутизмдин белгилерин азайтууга болот. Эгер жүрүм-турумду, кыймыл-аракетти коррекциялоочу программаларды кошсо, мыкты жыйынтыкка ээ болууга мүмкүн. Аутизм генетикалык жактан гана пайда болбостон, организмде тамак-аштын сиңүүсүнүн, уулардын чыгышынын, иммунитеттин иштешинин бузулушунан да келип чыгат. Андыктан аутисттерге глютени жана казеини жок азыктарды берүү керек. Мындай жыйынтык жүргүзүлгөн көптөгөн изилдөөлөрдөн улам чыккан” дешүүдө.

Батышта диетологдор менен натуропаттарды аутисттердин ата-энелери, айрым кайрымдуулук уюмдары колдоп жатат. Медицина болсо диетанын кереги жок дейт.

– Дени сак адамдарда глютен менен казеин (сүт жана андан жасалган азыктардын курамында бар) ичегиде толук бөлүнөт, ажыратылат, сиңирилет, калган калдыктары заң менен кошо сыртка чыгарылат. Ал эми жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн көбү көрсөткөндөй, аутисттердин ичегисинде глютен менен казеин сиңбейт. Алардын топтолгондору ичегини сезгендирет, мээге терс таасир этип, ууландырат. Башкача айтканда, буудай, кара буудай, арпа, сулунун унунан жасалган азыктар, сүт, сүт азыктары уу жана баңгизат болуп эсептелет. Аутист бала ошондуктан өз дүйнөсүндө жашап, белгисиз нерседен коркуп, өзүн сактоо инстинктин жоготот, башы ооруйт, убак-убагы менен аргессияга алдырат. Андыктан баланы уулануудан сактоо керек.

Буудай жана кара буудай унунан жасалган нан жана макарондорду күрүчтөн жасалганына, сүттү кокос сүтүнө алмаштыруу керек. Ал эми жашылча-жемиштерди, сууну каалашынча ичип-жегенге уруксат. Айрымдар балдарына диетага кошуп пробиотик, мультивитамин, нервдин дүүлүгүшүнүн алдын алуу үчүн магний, амин кычкылдарын да беришет. Кээ бир ата-энелер диетадан кийин балдарынын абалы оңолуп калганын байкашкан,- деп билдиришет диетологдор менен натуропаттар.

Бишкектеги Психикалык ден соолук борборунун балдар психиатры Назгүл Абдуваитовага “глютенсиз жана казеинсиз диета аутисттерге жардам береби?” деп кайрылганыбызда, “Андай диета аутисттерге жардам берет деген так илимий аныктама жок" деп гана кыскача жооп берди.

Кыргызстандагы аутист балдардын ата-энелери тарабынан түзүлгөн “Рука в руке” коомуна кайрылганыбызда, “Медицинада аутисттерге глютенсиз жана казеинсиз диета жардам берет деген далилдөөлөр жок. Андыктан бул маселени ата-эне өзү чечет. Бизде балдарына мүнөздөп тамак бергендер буга чейин да болгон, азыр да бар. Кээ бирлер жардам берип жатат десе, айрымдары жардам берген жок дейт” деп жооп узатышты.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
BegimaiBegimai
2019-03-06 08:04:19
гулбото тууралуу жазыныздарчы
0
admin_portal
2019-03-06 11:52:46
BegimaiBegimai, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
№ 852, 28-февраль - 6-март, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан