Кыргыз журтчулугуна таанымал режиссёр Эрнест Абдыжапаров учурда үйлүү болуп, кубанып турган чагы. “5 жылдан бери Ысык-Көл облусуна караштуу Бөкөнбаев айылында батирде жашап келгенбиз. Эми минтип өзүбүз үйлүү болуп, сүйүнүп отурабыз. Үйүбүз чоң эмес, кызым, жубайым үчөөбүзгө ыңгайлуу, эки бөлмөлүү чакан времянка”,- дейт Эрнест Абдыжапаров.
Кыргыз элине "Боз салкын", "Айыл өкмөтү" сыяктуу мыкты тасмаларды тартуулаган режиссёр Эрнест Абдыжапаровдун үйү куттуу, берекелүү болсун дейбиз!