2 АДАМДЫН ӨМҮРҮН АЛГАН ЖОЛ КЫРСЫГЫ. АЙДООЧУЛАР КҮНӨӨНҮ БИРИ-БИРИНЕ ООДАРЫШУУДА

2018-жылдын 3-ноябрынан 4-ноябрга караган түнү Талас облусунун Талас районундагы Кырк-Казык айылында жол кырсыгы катталып, 2 адам каза болгон. Анда чыгыштан батышты карай бараткан Мерседес-Бенц 410 унаасы менен Хонда Одиссей унаалары кагышкан. Эки тарап бири-бирин күнөөлөп жатышат. Жакындарынан айрылгандар иштин акыйкат тергелишин талап кылышарын айтып бизге кайрылышты.

"ЭКСПЕРТИЗАНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ – СЫР"

Талас ОИИБинин басма сөз катчысы Динара Сарногоева окуя боюнча буларды билдирди:

– 2018-жылдын 3-ноябрынан 4-ноябрына караган түнү саат 1:00 чамасында Тараз-Талас-Суусамыр жолу менен Кырк-Казык айылына кайрылган көчөнүн кесилишинде жол кырсыгы катталып, 2 киши каза болуп, 3 киши ар кандай жаракаттарды алышкан. Анда Мерседес Бенц 410 менен Хонда Одиссей унаалары кагышкан. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси менен (транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Экспертизалардын жыйынтыгын жарыялай албайбыз. Ал тергөөнүн сыры. Учурда тергөө уланууда.

“ИШ АКЫЙКАТ ИЛИКТЕНСИН”

Аталган жол кырсыгынан Талас районунун Талды-Булак айылынын тургуну Замирбек Сыдыков 71 жаштагы апасы Токтобүбү Сыдыковадан айрылган.

– Ал күнү Талас шаарында той болуп, апам, бир туугандарым ошол жакка кетишкен. Тойдон келе жатышканда минтип кырсык болуп, апам каза болду. Унаанын алдында отурган иним кыпчылып калып, аны араң алып чыгышкан экен. Аны чыгаруу учурунда унаа ары-бери кыймылдап, ордунан жылган. Андан кийин жекшемби күн болгондуктан жолдон өткөн унааларга тоскоолдук жаратпаш үчүн кырсыкка кабылган унааларды ордунан жылдыргандыктарын, ошондон кийин гана схемасы чийилгенин сүйлөшүү учурунда тергөөчү айткан.

Биздин колубуздагы экспертизанын жыйынтыгы жазылган баракта "Экспертизаны дайындоо токтому жана жол кырсыгынын материалдарында Мерседес Бенцтин айдоочусу рулга ээ боло албай башкаруусун жоготуп жолдун каршы тилкесине чыгып, батыштан чыгышты карай бара жаткан Хонда Одиссей менен кагышкан" деп жазылып турат. Бирок эксперттер эки тараптын тең жол кырсыгын болтурбоого мүмкүнчүлүгү бар болчу деп тыянак чыгарып беришиптир.

Апам кайтыш болгондон бери көп чыгым болдук. Бир айда РИИБге 4-5 жолу барып жаттык, апамды акыркы сапарга узаттык. Апамды жерге бергенден кийин Мерседес Бенцтин айдоочусунун туугандары келген, сүйлөшкөнбүз. Алар кеткен чыгымдарды жабууга бизге 100 миң сом беребиз дешкенинен макул болгонбуз. Бир жумадан кийин акчаны сурап чалсам, айдоочунун агасы оозго алгыс сөздөр менен сөктү. Ооба, адамгерчиликтүү мамиле кылып, кечирим сурап акча берсе кечирмекпиз. Азыр бизге иштин акыйкат иликтениши эле керек.

Ишти башында Талас РИИБинин тергөөчүсү Нурдин Алыбаев тергеп баштаган. Кийин башка тергөөчүгө өткөрүлүп берилген. Замирбек Сыдыковдун айткандары боюнча жооп алуу үчүн Нурдин Алыбаевге байланышканыбызда, ал "унаалар эч кандай ордунан жылдырылган эмес, жол кырсыгы болгондон кийин унаалар кандай турса, ошол абалда схема чийилген" деп билдирди.

“МЕРСЕДЕС БЕНЦ КАРШЫ ТИЛКЕГЕ ЧЫКТЫ”

Хонда Одиссейдин айдоочусу Эмил Тургуналиев өзүн күнөөлүү деп эсептебейт:

– Ал күнү жолдо келатсам, Мерседес Бенц каршы тилкеге чыгып, 2-3 метр качсам да болбой сүзүп кетти. Сүзгөндө 4-5 метр сүйрөп кетиптир. Мен өз жолумда саатына 60 чакырым ылдамдык менен бараткам. Мерседес катуу келаткан өңдүү. Сүзүшкөндөн кийин эсимди жоготуп ооруканага жатып чыктым. Бутумдан, башымдан жаракат алдым.

“ЭКИ УНАА ТЕҢ СТЕПВАГОНДОН КАЧАБЫЗ ДЕП СҮЗҮШТҮК”

Мерседец Бенц 410 унаасынын айдоочусу Адилет Кубанычбек уулу 48 саат камакта жатып, кийин үй камагына чыгарылган. Ал эми Одиссейдин айдоочусу ден соолугуна байланыштуу камакка алынган эмес. Адилет Кубанычбек уулу окуяны такыр башкача баяндап берди:

– Мен 7 жылдан бери Бишкек-Талас багыты менен ар кандай жүк ташып иштейм. Ал күнү Бишкектен 3,5 тонналык жүк алып бараткам. Саатына 60-65 чакырым ылдамдык менен өз жолумда бараткам. Кырк-Казык айылына жеткенде оң тараптагы бурулуштан кызыл түстөгү Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаа чукул чыгып калды. Мен аны сүзүп албайын деп шыр эле солго бурулуп тормозду басып каршы тилкеге чыктым. Анда каршы тилкеде унаа жок болчу. Каршы тилкеден өтүп, жолдун жээгине унааны токтоттум. Менин жолумдан чыккан Степвагон оңго бурулуп өз жолу менен эмес, жолдун ортосу менен айдап баратты. Бир маалда батыштан чыгышты көздөй келаткан Одиссей унаасы да мага тоскоолдук жараткан Степвагондон качам деп оңго бурулуп келип токтоп турган менин унаамды сүзүп алды. Степвагондо эч кандай так калбагандыктан анын бул кырсыкка тиешеси бар экендиги далилденбей, ал унаа күнөөсү жок болуп иштен четтеп калды. Степвагондун айдоочусу “Күнөөм бар экенин далилдеп берсеңер чыгымдарыңарды төлөп берем. Далилдей албасаңар төлөбөйм” деди.

Бир эже ошол жерден эле каза болду. Бирөө жандандыруу бөлүмүндө жан берди. Өлүм деген жаман. Ошондуктан адамгерчилик кылып жакындарынан айрылгандардын абалдарын сурап коюш үчүн ата-энемди жибергем. Ата-энем дасторкон жасап алып куран окутуп барышса, каза болгондордун туугандары “күнөөлүүсүңөр. Ошол үчүн келип жатасыңар” дешти. Ошондон кийин барбай калдык. Бир күнү каза болгондордун туугандары сүйлөшөбүз деп чакырышты. Байкемдер барса, “мындай мал сойдурдук. Дасторконго мынча акча кетирдик” деп эки үй-бүлө 120 миң сомдон акча сурашыптыр. Байкемдер макул болушкан. Анткени тергөөчүлөр деле бизге “Эки тарап тең күнөөлүүсүңөр. Эки айдоочу ортодон акча чыгарып, жабырлануучулар менен сүйлөшүп, сотко жеткирбей бүтүрүп албайсыңарбы” дешкен эле. Биз жабыркаган адамдардын чыгымын жаап берип, Одиссейдин айдоочусу менен өзүнчө соттошолу дегенбиз. Бирок ошол эле сүйлөшүүдө жабырлануучу тарап Одиссейдин айдоочусу тарапта болуп, “Унаанын чыгымын да төлөп бергиле. Одиссей 250 миң сомго алынган” дешкен. Биз ага каршы болуп, такыр акча бербейбиз деп чечкенбиз. Ал унаанын баасы азыр 100-150 миң сом. Эмил байкеге да барып “ортодон акча чыгарып өлгөн кишилердин жакындарынын чыгымдарын жаап берели да, өзүбүзчө соттошуп чечишип алалы” десек, ал бизди сөгүп салган. Жабырлануучулар бизден акча өндүрүп алуу үчүн ар кайсы жакка арызданып жатышат, түшүнүп жатам. Ал тараптын прокуратурада, облустук администрацияда тааныштары бар деп угуп жатабыз.

Мени уктап кеткен деп да айтып жатышат. Мен андан эки күн мурун Бишкекке баргам. Эки күн эс алгандан кийин жолго чыккам. Ойгоо эле болчумун.

Хонда Одиссей унаасында бара жаткан жүргүнчүгө байланышканыбызда, “тойдон чарчап чыгып баарыбыз уктап баратканбыз. Ошондуктан эч ким эч нерсе көрбөй калды” деп жооп берди. Жогоруда айтылгандай, кылмыш иштеринде да соодалашуулар болорун угуп-билип жүрөбүз. Эл соодалашуу жолу менен эмес, мыйзам чегинде күнөөлүүлөрдүн жазаланышын талап кылган учурда гана айдоочуларда жоопкерчилик күчөп, жолдогу кырсыктар азаят беле?

Перизат Музуратбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Beise
2019-03-04 13:12:49
100000 мин табылат тируучулукто кредит алсанар да берип койгула да!
+2
Nanei
2019-03-04 15:47:02
Ой тобоо эми олгон жургунчулорду куннолоп коюшпаса болду. Тобоо
0
nurka_85
2019-03-04 17:23:30
Айланайындар, апанар ажалы жетип каза болду, тагдырына ошондой жазылган. Апабызды мынтип жерге бердик, мынча чыгым болдук деген уят нерсе. Апанардын зыйнатын кыласынар да анан. Андан коро кунолуусу жазасын алсын.
+8
KaGaH
2019-03-05 05:53:53
Негизги жол менен баратса главная дорога деген знак болсо грузовик прав болот,егер главная дорога деген знак жок болсо,анда бул равнозначная дорога болот,ошондо грузовикте помеха справа,оддисей прав..самое главное бул жерде знак...стептен качтым деген сөз өтпөйт бул жерде,главная дорога знак жок болсо, грузовик не прав,знак болсо оддисей не прав короче по пдд
0
Djumaev0mur
2019-03-06 01:24:22
Тиги Замирбек деген кудайдан коркпогон немего тешип чыкпасын ошол акча, мынча чыгым болдук анттик мынттик деп, кичине акыретти дагы ойлосонор, тиги жакта соокту чыркыратып бул жакта соодалашпай, апасынан кутула албай эле жургон адамдар экен эледа, олгонуно акча ондуролу деп, жакшы мынча пенция алвт эле аныда тологуло дебептир!
+5
Aibyikem
2019-03-06 22:57:03
Апасы авариядан эмес, оз ажалынан каза тапса деле чыгым кылмак го, же бир сом коротпой туруп коомп салмак бекен. Кичине ынсап дегенди жолго койсо болмок, олуктон акча ондурбой.
+4
№ 852, 28-февраль - 6-март, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан