УЛУУ БАЙРАКТЫН УРАГЫС ЖОЛУ МЕНЕН...

“Борбор курулуш” компаниясынын командасы кыргыз элин «Ак калпак» майрамы менен куттуктайт жана кыргыз салттарынын айрымдарына токтолот.

“Борбор курулуш” компаниясынын жетекчиси Өмүрбек Назаров уюткулуу, түптүү кыргыз элинин каада-салты, нарк-нускасы, тээ байыртан келе жаткан ата-бабабыздын урагыс улуу жолу муундан-муунга сакталып калса деген аруу тилек, таза дилдеги патриот инсандардын катарында. Ал кыргыздын баалуулуктарын ар дайым баалап, аздектеп, даңазалоо ар бир атуулдун милдети деп билет.

Аталган компания негизделген алгачкы күндөн тарта бүгүнкү эмес, эртеңки күнгө, алдыдагы тарыхка карай сапар улап, изги ойлор менен из калтыра турган татыктуу иштерге басым жасоодо.

5-Март – элибиздин улуттук баш кийими болгон, Ала-Тообуздун асылдыгын, нарктуулугун көрсөткөн Ак калпак күнүнө карата «Борбор Курулуш» компаниясынын жамааты жалпы кыргыз элин чын дилден куттуктайт!

“Ар дайым жерибизде тынчтык, элибизде ынтымак, өлкөбүздө өнүгүү болсун! Ар бир үйгө кут-береке конуп, мекенибизде патриот уул-кыздар көбөйүп, кадыр-баркыбыз арта берсин. Ишиңиздерден баар таап, үй-бүлөңүздөр менен бар болуңуздар! Өлкөбүз үчүн өтөлгөлүү иштерди жасап, урпактар алдында сыйлуу, сыймыктуу жолду көрсөтөлү”,- дейт Өмүрбек Назаров.


ЖЫЛ ЭМНЕГЕ МАРТ АЙЫНАН БАШТАЛАТ?

Кыргыз эли байыртадан эле ар бир сөздүн маанисине өзгөчө көңүл бөлүп келген. Биз учурда колдонуп жаткан айлардын аталышынын мааниси туурасында окумуштуу-физик, коомдук ишмер, “Даанышман кеңеш” коомдук кеңешинин төрагасы Бердибек Жумабаев Күн-ай календары боюнча түшүндүрүп берет.

Март – Баш оона. Март айында, тагыраагы, 21-мартта күн-түн теңелет. Ошондон тартып күндүн жарыгы, энергиясы күчөй баштайт. Жашыл чөптөр чыгып, “жаз жарыш – күз күрөш” демекчи, эгин себүү иштери, жалпы эле күрдөөлдүү жашоо ыргагы башталат. Бул жалпы түрк дүйнөсү, өзгөчө Ала-Тоодо жашаган кыргыз эли үчүн өтө маанилүү болгон. Демек, мартты жыл санактын башы, баш оона деп аташкан. Жер оонаган сайын айлар алмашып, марттан күн узара баштайт.

Кийинки айлар: жалган куран, чын куран, бугу, теке – булар кайберендердин атынан коюлган айлар. Ата-бабаларыбыз илгери мергенчилик менен күн көрүп келген. Каман, чочко же башка жаныбарды жешкен эмес. Бийик тоолордо, аска-зоодо таштан-ташка секирип, таза, дары чөптөр менен азыктанган кайберендерге мергенчилик кылып, үй-бүлөсүн, жалпы журтун багышкан. Бара-бара көчмөн жашоо артта калып, баалуулуктарды аздектөө керек болду жана кайберендерди түбөлүк сактоо аракети көрүлө баштады. Мындан улам, төл убактыларында аларды атпоо керек деген белги катары айларды атап коюшкан.

Апрель – Жалган куран. Куран бул – кийиктин эркеги. Жалган куран айында кийиктин эркегинин мүйүзү чыга элек маал болуп, эркек же ургаачы экенин ажыратуу мүмкүн эмес. Ошондуктан бул ай жалган куран деп аталган.

Май – Чын куран. 30 күндөн кийин кийиктердин мүйүзү чыгып, эркегиники узун, ургаачысыныкы кыска болуп, бири-биринен айырмаланып калат. Ушул себептен чын куран деп аталган. Май айында курандардын төлдөө учуру болгондуктан аларды атууга тыюу салынат.

Июнь – Бугу. Бугулар июнда төлдөшөт. Андыктан июнь айында бугуларга аңчылык кылууга болбойт.

Июль – Кулжа. Кулжалар төлдөгөн маал болгондуктан, бул айды кулжа деп атап коюшкан.

Август – Теке. Август айында текелердин төлдөгөн мезгили.

Сентябрь – Аяк оона. Бул айда күн-түн теңелип, күн кыскарып, түн узара баштайт.

Октябрь – Тогуздун айы. Кыргыз элинде илгертеден эле мыйзамдуулук сакталып, жылына бир жолу мамлекеттик казынага салык төлөнүп турган. Салык ар бир түтүндөн жашоо-шартына жараша берилген. Маселен, байлар малдар семиз кезинде, бышыкчылыкта 3 төө, 3 жылкы, 3 уй катарында салыкты тогуздап төлөшкөн. Анын белгиси катары октябрь – тогуздун айы деп аталып калган.

Ноябрь – Жетинин айы. Бул айда орто байлар 2 төө, 2 жылкы, 2 уй, 1 кой кылып жетилеп салык төлөшкөн.

Декабрь – Бештин айы. Бул айда колунда бар адамдар 1 өгүз, 1 ат, 3 кой, башкача айтканда, бештен салык беришкен.

Январь – Үчтүн айы. Жашоо абалына карата адамдар үчтөп салык төгүшкөн.

Февраль – Бирдин айы. Ал кезде баары үчүн мыйзам бирдей болгон. Жакыр, колунда жокторго да салык жазылган. Алардын салыкка болгон төлөмдөрү кыштын акырына туура келген. Бир кап эгин болобу же койбу, айтор, колунда болгондорун казынага өткөрүшкөн. Айрым учурда кедей-кембагалдардын салыгын колунда бар берешен туугандары төлөп, жардам көрсөткөн.

НУКУРА КЫРГЫЗЧА АТТАР

Акыркы жылдары уул-кыздарыбызга аралашкан ысымдар коюлууда. Өзүбүздүн кыргыз жыттанган, өзгөчөлөнгөн аттарыбыз менен да сыймыктанууга тийишпиз. Кыргыздын нукура мааниси терең аттарын да балдарыбызга ыйгарууну унутпасак. Төмөндө нукура уул-кызга коюла турган кыргыз ысымдарынын тизмесине токтолдук.

КЫЗДАРДЫН АТТАРЫ:

Адинай, Ажар, Айбийке, Айгүл, Айданек, Айзат, Айзада, Айдай, Айкөл, Айчүрөк, Айназик, Аймончок, Айпери, Айсулуу, Айзирек, Айзуура, Акбермет, Акмаанай, Акак, Акмаржан, Актилек, Акылай, Асылбүбү, Атыркүл, Акшоола, Алтынай, Айгерим, Арууке, Бегайым, Бактыгүл, Батма, Бермет, Бүбүсара, Гүлжан, Гүлзада, Гүлнур, Гүлүмкан, Гүлбүбү, Жаңылай, Жылдыз, Жыргал, Жийдегүл, Даткайым, Канайым, Каныкей, Карлыгач, Кенже, Кундуз, Курманжан, Кыял, Кызжибек, Махабат, Мээрим, Назик, Наристе, Назгүл, Нургүл, Нурзат, Нурайым,Салтанат, Саадат, Седеп, Тунук, Толгонай, Үмүт, Шайыр, Ширин, Чолпон.

УУЛДАРДЫН АТТАРЫ:

Азамат, Азиз, Айбек, Акжол, Акниет, Адилет, Амантур, Абай, Абдылас, Аалы, Абдырасул, Айдар, Алыкул, Алмазбек, Ариет, Арстан, Асан, Байэл, Бектур, Бердике, Бердибек, Белек, Бекболсун, Бекболот, Болот, Гүлжигит, Данияр, Дастан, Дүйшөн, Жаныбек, Жанузак, Жеңиш, Жунуш, Жаныш, Жолдош, Жумабек, Жумгалбек, Искендер, Канат, Каныбек, Кайрат, Камчыбек, Керимкул, Кожожаш, Курманбек, Кумарбек, Кубаныч, Куштарбек, Кылыч, Кычан, Манас, Максат, Маралбек, Медет, Муратбек, Мусабай, Нуртегин, Нурбек, Нурдан, Нурлан, Нурболот, Орунбай, Орозбай, Омор, Орунбек, Өмүралы, Өскөн, Рахат, Сагын, Саламат, Сейит, Сейтек, Семетей, Сүйөркул, Сүйүн, Сыдыкбек, Сыймык, Таалайбек, Тагай, Талант, Турдакун, Туратбек, Темирбек, Тынчтык, Узак, Улан, Улукбек, Уран, Урмат, Чыңгыз, Чубак, Чолпонбай, Шекербек, Шүкүрбек, Шамшидин, Ырыскелди, Эртабылды, Эркин, Эрмек, Эламан, Эртал.

 

Гүлжамал Абылкасымова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 852, 28-февраль - 6-март, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан