Ошондой болду. Тез убакыттын ичинде Рустам менен Айдананын жылдызы жанып, элге алынып кетишти. Ыр жаштардын оозунан түшпөй, “махабат ырына” айланды. Күтүүсүз даңк, күүлдөгөн мактоо сөздөр эми экөөнү чулгады да калды. Кезектеги концертке алардын катышарын уккандар бири-биринен сурап жатышты.
– Бүгүн Рустам Исаев ырдайт бекен?
– Эй, жазылып турбайбы. Ырдайт да...
– Гүл алып, атайын келсек, чыгарбай койбогула анан.
Биринин сөзүн бири укпай, турган эл күтүп жатышты. Сахна артында турган Рустам тынчсыздана нары-бери басып, саатын карап жатты. Ар дайым кечикпей келчү Айдана бул жолу зарыктырып жок. Чөнтөк телефону да өчүрүлгөн. ”Кайда жүрөт, кырсыкка кабылбады бекен?” деген ойдон жүрөгү үшүп жатты. Аңгыча арытан келген Алым шашыла сүйлөдү:
– Азыр силердин кезегиңер? Айдана кана?
– Билбейм, кечигип жатат.
– Тфү, анан ушинтип жанды кашайтышат.
Өзү араң турса, кыйпычыктап күңкүлдөй берген Алым Рустамдын кыжырын келтире баштады. Канчалык күтүшкөнү менен, Айдана келген жок.
– Алым, элди ушунча күттүрбөй, жок дегенде Рустамды чыгара бер,-деди алпаруучу.
Эл кимди зарыга күтүп жатканын ал дагы байкаган эле. Аргасыз жалгыз чыккан Рустамды көрөрү менен эл күүлдөп барып, музыка жаңырганда дымып калышты. Рустамдын коңур, мээримдүү үнү созулду. Жигит чыныгы ашыктык, анын азабы жана арманы тууралуу ырдап жатты. Каректерге жаш чайып, музыкага термелген элдин сүймөнчүгү болуу оңой эмес экенин ошол күнү туйду Рустам. Концерт бүтүп, үйүнө жөнөдү. ”Жок, баары бир бүгүн көрбөсөм чыдай албайм” деп чечти оюнда. Ошол замат таксиге отуруп, Айдананын үйүн көздөй жөнөп кетти.
Коңгуроого кол жибере электе эле эшик ачылып, Айдана көрүндү. Дайымкы жайдары жүзү муңайым тартып, көздөрү ыйлагандан шишип да калгандай.
– Сага эмне болду?
– Кызык, сенин кадамыңдан тааный баштапмын.
– Айка...
– Жүрү үйгө кир.
Айдананын үйүнүн босогосун биринчи жолу атташы эле. Жупуну жасалгаланган эки бөлмөлүү үй. Дубалда илинип турган кичинекей кыздын сүрөтүн көпкө карап турган Рустам жылмайып алды.
– Бул сенсиң, ээ?..
– Ооба.
– Тентек болсоң керек кичинеңде?
– Апамдын айтуусунда акылдуу кыз болгон экем. Эч качан апамды кыйнап, бир жакка барам деп чатак чыгарчу эмесмин. “Сен жакшы кызсың да. Мен жумушка барышым керек” десе эле ыйлабай калып калчумун.
– Мага да ушундай сонун кыз төрөп бересиң, ээ?
Мындайды күтпөгөн Айдана Рустамды таң кала тиктеп алды да, көкүрөгүнө башын жөлөй ыйлап жиберди. Муңканып, апасына даттанган баладай өпкө-өпкөсүнө батпай ыйлады. Бугу чыгып калсын деген Рустам тек бооруна кысып тура берди. Акыры көз жашын сүрткөн Айдана жаш баладай улутуна үшкүрүп токтоду.
– Жеңилдеп калдыңбы?- деди Рустам аны эркелете тиктеп.
– Билесиңби, сенчелик жакын, кадырлуу адамым болбоптур. Апамдан башка адамга ушунчалык үйүр алып, жакын болом деп ойлогон эмесмин. Рустам, мен сага үй-бүлөм тууралуу баарын айткан эмес элем. Атабыз каза болуп калганда апам байкуш жаш кези экен. Бишкекке келип, иштеп турмушка чыгып, инимди төрөдү. Өгөй атам... Ал адамды деле жамандагым келбейт. Бирок апамды кыйнап койду. Апам байкуш бизди багам деп кыйналып жүрүп, айыкпас дартка чалдыкты. Бүгүн апам...
– Айка, кайра ыйлап кирдиңби?
– Апамдын абалы оор деп жатышат.
Рустам бооруна кысып, чачынан сылады. Өзүндө ушунчалык мээрим бар экенине өзү таң калып турду.
ххх
Ооруканада жаткан аял акырын көзүн ачты. Таң агарып келе жатыптыр. Көкүрөгү демигип, аба жетпей кеткендей сезилди. Аягында кызы бир жигит менен отурганын көзү чалды.
– Кызым, сен...
Айдана учуп туруп апасына келди.
– Апа, абалың кандай?
– Жакшы, балам. Бул бала ким?
– Рустам тууралуу айтпадым беле...
Эне Рустамды мээримдүү тиктеп турду да, колун акырын сунду.
– Бешенең ачык бала экенсиң. Өх, убактымдын тардыгын карачы. Кантсе да акыркы сөзүмдү айтып калайын, балам.
– Апа, коркутпачы,- өксүгөн Айдананын колун кармап турган эне билинер-билинбес кысып жиберди.
– Жашык болбо, балам. Алдыңда дагы далай жол турат. Өкүнгөнүм, өзүңдү жалгыз таштап баратам. Тигиге ишенич жок. Өз канынан чыккан баласын эптеп багып кетерине да көзүм жетпейт. Менин көзүм өткөндөн кийин, балам, иниңе көз бол. Рустам, кагылайын, жакын келчи.
Эңиле жакын келген Рустамдын колун кармап туруп, эне көзүнө тик карады.
– Сен жөнүндө көп уккам, балам. Жай таанышууга убакытым болбоду. Эми кантсе да сага Айдананы тапшырдым. Көз жашын төктүрбө.
Нуржамал Жийдебаева
(Уландысы кийинки саныбызда)