Венецияда салттуу карнавал өтүп жатат, ал 5-мартка чейин уланат. “Ай күнөөлүү” аталышындагы карнавалдын ачылышына Венециянын тегерегинен эле жүздөгөн кайыкчылар катышты.
Уюштуруучулар: “Карнавалдын аталышы жөн жерден тандалган эмес. Биринчиден, 50 жыл мурун Айга адам учурулуп, анын буту Айдын топурагын баскан. Экинчиден, Шекспирдин “Отеллосунда” башкы каарман "адамдарды акылдан адаштырасың" деп Айды күнөөлөгөн” деп билдиришет.
Акыркы 10 жылда бул карнавалды көрүш үчүн дүйнөнүн булуң-бурчунан миңдеген туристтер барат.
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg