КУРТ-КУМУРСКАЛАР 100 ЖЫЛДА ЖОК БОЛОБУ?

Сидней университетинин жана Кытайдын айыл чарба илимдер академиясынын адистери планетанын ар бир бурчунда жашаган курт-кумурскаларга жүргүзүлгөн 73 изилдөөнү анализдеп чыгышты. Жыйынтыгында алар сүт эмүүчүлөр, канаттуулар жана сууда-кургакта жашоочуларга салыштырмалуу 8 эсе бат жок болуп баратканын аныктап чыгышты.

Курт-кумурскалардын 40тай түрүнүн саны азайып, ал эми үчтөн бири жок болуп кетүү алдында турат. Эгер алардын саны ушунтип кыскарып кете берсе, анда 50 жылдан кийин алардын жарымы калып, 100 жылдан кийин жок болот. Буга айыл чарбасынын өсүп жана химиялык жер семирткичтердин колдонулуп жаткандыгы себеп болгон.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
ainura220888
2019-03-04 23:50:00
Азыр китайский аары чыгып калган туштук жергесинде чакса аллергия болуп олуп калайын дейсин. Мурдагыдай конуз сыяктуу нерселер жок азыр. Бал аарыны суунун боюнан коп корот элек азыр атайын жерлерден корбосон мындай жок. Кыскасы мурдагы жашоо китептин башка бетинде калгандай.
+1
№ 852, 28-февраль - 6-март, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан