Австралиялык окумуштуулар өлүп жок болгон эң чоң канаттуу моанын таштай катып калган сөөк ткандарын изилдеп көрүшкөн. Моалар Жаңы Зеландияны (Тынч океанындагы өлкө) 500 жыл мурун мекендешкен. Моанын сөөктөрүн изилдегендер жыл сайын сөөк ткандарындагы ДНК жоголуп турганын аныкташты. Тактап айтканда, ар бир 521 жылда ДНК молекулалары 2 эсе азаят экен.
Динозаврлар болсо болжол менен 65 миллион жыл мурун жок болгон. Андыктан алардын ар жерден табылган сөөктөрүндө ДНК молекулалары жок калган. Ошондуктан динозаврларды клондоого мүмкүн эмес.
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg