ЧЫГЫШТА ЭМНЕ ҮЧҮН ТАМАКТЫ ТАЯКЧА МЕНЕН ЖЕШЕТ?

Илгертен Кытай менен Японияда тамакты таякчалар менен жешет. Биринчиден, бул ыңгайлуу, жолдо жүргөндө кашык издеп отурбай, бутакты сындырып таякча жасай коёсуң. Экинчиден, таякча менен көбүрөөк тамак суза албайсың. Андыктан ооздо тамак аз өлчөмдө жакшы чайналып, ашказанга күч келтирбейт. Үчүнчүдөн, кытай врачтарынын айтканына ишенсек, таякча менен тамак жегенде колдогу 40тай нерв чекиттери да массаж алып, организмге пайда алып келет.

Таякчаларды сөөктөн, металлдан да жасашат.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
Girl1996
2019-03-04 19:41:47
Суннот тамакты колдо жегендик
+4
aminali
2019-03-04 23:53:12
Кытайдын уч жаштагы баласы таяк менен тыпылдап жегенин коруп, озумду не удобно сездим абдан( чынында мындай таяк кармап корбогом, билгизбегенге аракет кылайын десем да окшошподу)!
+10
Nur777
2019-03-06 02:13:05
aminali,кечиресиз,плюс басам деп минус басып алдым...мен да кордум видеону,оозум ачылды))
-1
Asyl10
2019-03-07 12:00:48
aminali, Кытай менен Японияда бала 2 жашка чыкканда таякча менен оз алдынча тамак жей албаса баланын акыл-эсинин онугуусу артта калып жатат деп эсептешип, врачтарга коргозуп дарылатышат. 3 жашында бала чон адамдардай эле таякчаларды кармаганда жудобой,чон адамдардай оз алдынча тамак жеши керек деп эсептешет
+1
Kroxa
2019-03-05 00:17:46
Менин Кытайга барган Тууганыма бир Кытай мактаныптыр биз палочка менен жейбиз тамакты 2 манжа иштейт Оо.. Мээге кандай таасирин кетирет 2 манжа баарыбыз акылдуубуз деп ...Анда Тууганым айтыптыр бизде Бешбармак иштейт беш бармак менен жейбиз Мээ Кытайда эле бекен Кыргызда да Мээ коп деп...
+10
Agayu
2019-03-05 12:02:01
Кол менен жеш бул сүннөт.
-1
Asyl10
2019-03-07 11:58:06
Agayu, Койчу ай, кол менен жеген суннот деп. Кашык жок кылымда кол менен жешкен адамдар.Тамактануунун да озунун маданияты болот.Элестет кафе,ресторандарда элдин баары колдору менен шапшып тамак жеп отурушканын. Жаш балдар кашыгы жок кол менен жешсе да бир жон, чон адамдар кашыксыз тамак жегени жийиркеничтуу да.
+4
bond02
2019-03-05 15:52:14
Таякча менен жеп го корбогом бирок биз кыргыздар алымсынбайбыз го аны менен жегенге.
+7
Nestana95
2019-03-06 19:54:51
bond02,ооба,,,таякты алып ыргытса керек,алып келчи ай чон кашыкты,сурагансыбай деп))))
0
vikidiki
2019-03-05 21:28:32
Мен лагманды таяк менен жейм. Конгон кишиге билинбейт.
+2
nuraiym_kenzhebaeva
2019-03-06 11:10:14
мен атайын чачка жасалган таякча менен чачымды түйүп алсам деле сеники два в одном го дей беришет)))
-2
al79mi
2019-03-06 14:06:09
Кытай кашык менен жегенди уйронсо дуйнонун баарын жеп салат катыгун, таяк менен жегенде эле ушунча жейт....
+10
mateus
2019-03-08 03:13:40
Таяк менен жегендин эч кандай жакшы жери жок, ал жокчулуктан чыккан корунуш.
-3
mratbashy
2019-03-10 19:27:23
Так менен деген жакшы бирок менин колуман келбейт
0
№ 852, 28-февраль - 6-март, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан