Чөлдө араба, көлдө калсаң кеме экен,
Үшүсөң от, ысыганда жел экен.
Үстүңдө Асман, астыңдагы Жер экен,
Абдан алсыз, абдан назик неме экен.
Аял бирок айланганда Энеге,
Кудуреттүү Кудайдан да кийинки
Кудуреттүү жалгыз гана Эне экен!
Шайлообек Дүйшеевдин ыр саптары каарманым менен апасынын ортосундагы өзгөчө сезимди бап сүрөттөп тургандыктан, ашык сөзү жок ушу ыр саптарын берүүнү чечтим. Апасынын мээримин, сүйүүсүн Актан Арым Кубат айтып бергендей жеткире алсам ал менин жеңишим деп ойлойм.
«АПАМ ЫРЧЫ ЭКЕН»
– Апамдын ысымы Ракыя. Мен аны баккан апам деп айтканга тилим барбайт. Мени төрөгөн кишини эч качан «апа» деп айткан эмесмин. Демек, жалгыз Ракыя апам тууралуу айтып берем. Апам Көлдүн кызы, угушума караганда, Улуттук филармонияда ырчы болуп иштеп, атам менен таанышып, Чүйгө келин болгон экен. Мен ырдаганын уккан эмесмин, кошокту жакшы кошконун билем. Апам бир уул төрөптүр, кийин балалуу болбой, ошондуктан атамдын карындашы мени төрөп, аларга багып алганга берген экен. Сегиз айлык кезимде алган экен, менимче, апам эмизген окшойт. Анткени элес-булас апамдын эмчегин эмип жаткан кез эсимде.
Өтө тентек бала элем, урушуп какыс-кукус кылганы эсимде жок. Бир жолу келинчегим кызаңдап келди. Теңтуштарыбыздын бири «Актан дандыбайга жээн болот» деген экен. Дандыбай менин уруум. Апам болсо жини келип «анын атасы дандыбай болсо, баламдын энеси дандыбай, жатындан болобу, сийдигинен болобу, бир Кудай билет» деп сүйлөнүп жатканын угуп калдым. «Каны тартат» деп коюшат го, бирок каным тартпады. Кээ бири «душман кылып тарбиялап салса керек» деп ойлошу мүмкүн, андай болгон жок. Биздин үй-бүлөдө мени багып алгандары тууралуу эч качан сөз болгон эмес.
14 жашымда туулгандыгы тууралуу күбөлүгүм керек болуп калды. Сурасам, апам сандыктан алып берди, окуп алып нес болуп калдым. Ал жерде ата-энем башка деп жазылып турат. Бирок сурай алган жокмун. Кантип сурайм, эмне деп сурайм, ооз кантип барат? Күбөлүктү алып эле сельсоветке бардым, «булар менин эне-атам эмес, мен фамилиямды котортом» дедим. Ал киши «Азыр болбойт, 18 жашка чыкканда котортсоң болот» деди. Кийин режиссёр катары таанылып баштаганда өзүм тууралуу ачык эле интервьюларды бере баштадым. Апам окудубу же окуган жокпу, ал дагы табышмак. Кийин «Бешкемпирди» тартып апама көрсөттүм. Толкунданып жатып апамдын реакциясын да байкабай калыптырмын.
Киндик кан тамган тараптын тай жагы болуп калам да. Мени төрөгөн кишини «апче» дейм. Анан жездем (ред.: Актан Арым Кубаттын өз атасы) бир жолу «Апчеңди бир жолу «апа» деп койбойсуңбу?» деди. «Макул» дей албадым, «жок» деп да баш чайкаган жокмун. Укмаксанга салып койдум. Азыр айтканга жеңил, ал кезде мен бала элем. Ошол нерсени көтөрүп жүрүү оор эле. Булкулдап ыйлаган күндөрүм болгон.
Мына ушул кезге чейин, сага интервью берип жатып да аларды ата-апа деп атай албайм. Атам менен апамдын алдында күнөөлүү болуп калчудай туюла берет. Таарынычым деле жок, бирок мурун таарынчумун, «эмнеге мен?» деген эле суроо тура берчү. Азыр бакма бала мен болуп калганыма, мени беришкендерине сүйүнөм. Эгерде ошол нерсени башымдан өткөрбөсөм, дүйнөнү мынчалык көз карашта көрө албайт белем, режиссёр боло албайт белем деп ойлоп кетем.
«АТАМ АПАМДЫН БАШЫНАН ЫЛДЫЙ КЕСМЕ ТӨГҮП...»
– Апамды айылда баары жакшы көрчү, акылдуу, мээримдүү, шайыр адам эле. Ушу кезге чейин келинчегим «апам айткан» деп көп нерселерин айтып калат. Келин болуп келгенде жаш кыз болчу. Апам «баланча апам айткандай, түкүнчө апам айткандай» деп эле тиричиликти үйрөтөт экен. Келинчегим «апа, сиздин өз билгениңиз барбы же бирөөнүн эле айтканын айта бересизби?» дептир. Апам болсо «сага сөзүм катуу тийип калбасын деп «тиги айтты, бул айтты» деп айтам. «Минтип койбойсуңбу» десем жүрөгүңө катуу алып аласыңбы деп абайлаганым, балам» деген экен. Акылмандыгын көр, кайнене менен келиндин ортосундагы мамиле да бир топ татаал болот эмеспи. Келинчегим ушуга чейин өз апасынан мурун апамдын айткандарын эстейт.
Мен эс тартканы апамдын атама бир дагы өйдө карап сүйлөгөнүн уккан жокмун. Атам менен апамдын мүнөзү карама-каршы болчу. Атам көп сүйлөбөгөн, күлбөгөн, бир мүнөз адам. Башкарма болуп иштечү, теңтуштарым коркуп турушчу. Апам болсо күлүп эле жүрчү, аны бүтүндөй айыл жакшы көрчү. Бир жолу чай ичип отурганбыз, эмне болуп кеткенин түшүнбөй калдым. Атам чарт-чурт дей түшүп эле, ичип отурган кесмесин апамдын башынан ылдый куюп жиберсе болобу?! «Атаңдын оозун урайын!» деп кагынып туруп кетип калды. Апам каткырып эле калды. Эми элестет, азыркы учурда бир аял ушу жорукка каткырып кала бермек беле? Кыямат-кайым, чаң-тополоң болуп эле жатып калбайбы. Анткен менен үйдү, тиричилик, карым-катнашты бүт эле апам башкарчу.
«ЭКИ АПАМДЫН ТАРБИЯСЫ»
– Чоң апа деп жүргөн адамдын аты Ача апа. Антип айтып калганым, ал киши менин апамдын бир тууган эжеси болгон экен. Тагдыры оор болуп, баласы, күйөөсү жок болгондуктан сиңдисинин колуна келиптир. Биздин туугандар «кудача апа» дешсе, мен тилим келбей «Ача апа» деп алыптырмын. Апамдын акылмандыгы, кайсы бир маселелерди чечкенине Ача апам да, азыр ойлосом, салым кошкон окшойт. Ача апам сууда боломбу, бакка чыгамбы, ошол жерде жүрчү. Аркамдан калчу эмес.
Кичине кезимде тоголок момпосуйлар болчу. Өтө эрке, тентек өстүм. 6 жашта болсом керек, момпосуй менен ойноп отуруп, бирин мурдума тыгып көрдүм. Экинчи мурдума да тыктым. Үйдө Ача апам экөөбүз эле. «Эми өлөт болушум керек» деп чыгара албай коркуп ыйлап кирдим. Ача апам ары кылып, бери кылып көрдү, чыкпайт. «Сен өлгүчө мен өлөйүн» деп ал дагы мага кошулуп ыйлап кирди. Экөөбүз кучакташып ыйлап отурсак нымдашып калдыбы, момпосуй «тып» деп жерге түшүп жатпайбы. Экөөбүз тең каткырып жибердик (күлүп).
«Бешкемпир» тасмасындагы чоң эненин ролуна апамды тарткым келди. Эмнеге экенин билбейм. Тасманы апама түшүндүрүп жатканда, балким, бири-бирибизге улуу чындыкты айтып калабызбы деген ой болгон. Фотопроба кылып, эми тартабыз деп жатканда ооруп калды. Айтпай калганыма сүйүнөм азыр. Мен апамдын баласы, апам менин энем катары калганыбыз, менимче, туура болду. Сезимден, жүрөктөн улуу чындык барбы? Ал киши мени балам деп кетти, мен бул дүйнөдөн энем деп өтөм.
Апам 85 жашында каза болду. Апамды жерге берерде жамгыр эки күн бою жаап турду. Далысы жерге тийгенде күн чайыттай ачылып кетти. Мен эмес, дүйнөдөн керемет адам өткөнүнө табият да ыйлап турду окшойт. Мен ошол керемет адамдын уулу болгонума сыймыктанам.
Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg