КАСАПЧЫЛЫК МЕНЕН ҮЙ-БҮЛӨСҮН БАККАН ЖИГИТ

Кыргыздарда мал союп, устукандап, конокторго тартуу чынында чоң өнөр. Жумушсуздук күч алган заманда элге мал союп берүүнү кесипке, акча табуучу жумушка айлантып алгандар чыкты. Мына ушундай кесип, касапчылык менен үй-бүлөсүн баккан жигиттердин бири Камчыбек Мамбетаалы уулу. Ал бизге касапчылыктын сырлары тууралуу айтып берди.

Биз эртең менен касапчы Камчыбек Мамбетаалы уулу иштеген Бишкектеги мал базарга барганыбызда, ал жаңы гана бир малды союп, этин малдын ээсине тапшырып бүтүп калыптыр. Эртеден бери 1 уй, 1 кой сойгонун айтты. Биздин маек башталгыча дагы бир кардар сатып алган жылкысын жетелеп келип “союп бергиле” деп калды. “Күтө туруңуздар, буларды узатып жиберейин” деген Камчыбек шериги менен ишке киришти. Экөө 1 саатта жылкыны союп, жиликтеп, ичеги-карынын жууп беришти. Андан соң маекке кириштик.

“ИЧКИЛИК ИЧИП АЛЫП СОЙСО, АЛ МАЛДЫН ЭТИ АРАМ БОЛОТ”

– Камчыбек, айтсаң, касапчы болуп иштегениңе канча жыл болду? Алгачкы ирет өз алдыңча канча жашыңда мал сойдуң?

– Мен өзүм Нарындын Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылынан болом. Кичинемден атама мал союшуп жүрүп касапчылыкты үйрөнүп алгам. Өз алдымча 9-класста кой сойдум. Үйдө 3 эркек бир тууганбыз, баарыбыз тең мал сойгонго шыктуубуз. Айылдан Бишкекке келип, касапчы болуп иштегениме 8 жыл болду. Малды сыртынан карап туруп канчалык арык же семиз экендигин аныктай алам. Мал тандаганды билбегендер бизге тандатып, сойдуруп кетишет. Алсак, казысы 2-3 эли чыккан жылкы берекелүү болуп, көп адамга жетет.

– Мал соёрдо кандай бата кылуу керек?

– Мисалы, “ушул союла турган малдын эти бала-бакырага, келген конокторго буюрсун, баары аман-эсен болушсун, дасторкон толо нан, эл-жерде тынчтык болсун” деп бата кылуу керек. Эгер мал түлөө өткөргөнү үчүн сатылып алынган болсо, анда Кудайдан түлөөнүн кабыл болушун сурануу кажет.

– Малды кандай сойсо адал да, кандай сойсо арам болуп эсептелет?

– Малды даараты жок же ичкилик ичип алып сойсо күнөө болот. Ал малдын эти арам болуп калат. Кээ бирлер жылкы, уйду соёрдо башка балта менен чаап же шилиге бычак сайып анан жыгып союшат. Бул арам. Мал бири-биринин союлуп жатканын көрбөшү жана укпашы зарыл. Соёрдо да ары-бери сүйрөп кыйнап же башка-көзгө койгулап коркутканга болбойт. Бычакты союлчу малдын көзүнчө кайрабайт, бычакты да көрсөтпөйт. Коркуп калган мал өлүмдү сезип калса, стресс болуп, денесиндеги ички бездер зыян заттарды бөлүп чыгарып, ал этине тарап кетет. Мындай этти көп жесе оору алып келерин окумуштуулар айтып чыкканын окугам.

Малды курч бычак менен мууздайт. Мокок бычак менен мууздаганда малдын жаны кеч чыгып кыйналат. Мууздаганда бычактын мизи моюн омурткага жетип токтошу кажет. Сызылып чыккан кан токтогондо “жаны чыкты” деп эсептелинет, анан моюн омуртка ажыратылып, жүлүндөлөт.

Малды шарт мууздап туруп, канын агызбай эле жүлүндөп жиберсе, каны сыртка жакшы акпай ичине тарап кетип, эти кызыл болуп калат. Малга да убал. Жүлүндөгөндөн кийин мууздалган жердин каны суу менен жуулуп салынат. Анан буттарын чечип, терини сыйруу башталат.

“МАЛДЫ МУУЗДААР АЛДЫНДА КӨЗҮН ЖААП ТУРАБЫЗ”

– Малды мууздаарда көзүн жаап же таңып коюу талап кылынабы?

– Малды жыкканда бир көзү ансыз деле алды жагында калат. Койдун кулагы узун болгондуктан үстүңкү көзүн кулагы менен жаап туруп мууздайбыз. Уй, жылкыны соёрдо башын кармашып турган адам бир колу менен көзүн жаап турат.

– Ичегиси оңой жуулушу, териси оңой сыйрылышы үчүн кандай ыкмалар бар?

– Малга 12 саат, 1 суткага чейин жем-чөп бербей, суу берип гана кармагандар бар. Териси оңой сыйрылат деп койду соёрдон мурда шыйрактарынан жел үйлөткөндөр кездешет. Бирок малды минтип кыйнаганга шариат жол бербейт.

– Койду, уйду, жылкыны өзүң канча саатта союп, жиликтеп жетишесиң жана алардан канча устукан чыгарасың?

– Жылкыны экөөлөп 1 саатта сойгонубузду көрдүңөр. Уйга да ушунча убакыт кетет. Койду өзүм 20 мүнөттө бүтүрөм. 1 чоң жылкы менен уйдан 250, 1 койдон 49 устукан чыгарса болот. Мисалы, койдун башы, жиликтери, кабырга, омурткалары да тартыла берет.

Мурун жиликтерди устукандаш үчүн балтаны колдонсок, азыр атайын аппаратты пайдаланабыз.

– Акыңарга канча сом аласыңар?

– Жылкы, уй союп, ичеги-кардын тазалап бергенге 2000 сом, койду союп, ичегисин жууп, башын куйкалап бергенге 300 сом. Кээде сойгондон тышкары кафе же ресторанга алып барып бышырып, устукандап бергиле деп да калышат. Бул кызматыбыз үчүн 5000 сом алабыз.

– Дайыма мал союп, кан көрүп жүргөн адамдардын психикасына доо кетет, ачуусун кармана албай калат дешет...

– Башкаларды билбейм, менде андай өзгөрүүлөр болгон деле жок. Мүнөзү жеңилдер гана, мүмкүн, ошондой абалга жетпесе, бул тууралуу билбейт экенмин. Алгач күндө бир нече мал союп иштегенге көнбөй жүрдүм, кийин кадимки иш болуп калды. Бул жумушта дагы канча жыл иштээримди азырынча айта албайм.

– Касапчы болуп иштегенден бери баш-аягы канча мал сойдуң?

– Аптасына болжол менен 25 мал сойгондо деле 1 жылда 1300 мал болот экен. Калганын эсептеп ала бериңиз эми. Касапчылар каргышка калат дешет, менимче, бул туура эмес, анткени шариатта мал союуга уруксат берилген. Ак эмгек менен нан таап жегенден артык эч нерсе жок.

– Эчкинин этин койдун эти деп алдап сатып жибергендер болот. Экөөнүн этинин айырмасын айтсаң.

– Койдун эти эчкиникине караганда агыш болот. Эчкинин эти койдукуна салыштырмалуу бир аз жумшак, анан былжырлуу болуп, чүкөсү сүйрүрөөк келет.

– Канча жаштагы мал эти жагымдуу?

– Жаш малдын (2-4 жаштагылар) эти жагымдуу. Картаң жылкынын этинин майы шорпого чыгып кетип, берекеси жок. Ургаачы жылкынын эти көбүрөөк болот.

– Эт бышырарда казанга суу куюлгандан кийин алгач кайсы жилик салынат?

– Алгач кар жилик, анан калган жиликтер салынат. Эң артында төш, баш, карчыга салынышы керек. Кээ бир жерлерде кар жиликтен мурун башты салышат.

– Кайын журтка, туугандарга барганда да көндүм иш болуп мал сойгонго аралашып кетсең керек?

– Ооба да, бир жагын туура эмес же арам кылып союп жибербесе экен деп ойлоп аралашып кетем. Той болобу, аш болобу, эл адал, жакшы эт жесин, үй ээсинин мээнети акталсын деп турам.

– Касапчылык кесиптин арты менен эмнеге жетиштиң?

– Үй-жайлуу болдум, бала-бакыраны багып келе жатам.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
molorbaev
2019-03-25 00:02:30
Азамат. Ак эмгек менен нан таап жегенден артык нерсе жок дегени жакты. Баардык адамдар ошентсе кана.
0
№ 853, 7-13-март, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан