Ушул жылдын 23-февралынан 24үнө караган түнү Бишкектин борбордук аянтында жаш балдардын арасында массалык мушташ болуп, анда бычактан эки жигит жаракат алган. Алардын бири ооруканада өмүрү менен кош айтышты. Мушташ кыздардын айынан келип чыкканбы? Окуя кандай болгонун иликтеп көрдүк.
“ШЕКТҮҮ БАЛА 2 АЙГА КАМАККА АЛЫНДЫ”
Окуя тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат катчысы Нурлан Кайназаров айтып берди:
– 2019-жылдын 24-февралында түнкү саат 2:00 чамасында 1-май РИИБине “Ала-Тоо” аянтында мушташ болгону тууралуу маалымат түшкөн. Ыкчам-тергөө тобу “Ала-Тоо” аянтына барып, эч кимди тапкан эмес. Андан кийин ооруканага жаракаттары менен Ш.Т. жана Ж.Р аттуу жарандар түшкөнү маалым болгон. Жаракат алган жарандардын бири операция учурунда каза болду. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө жабырлануучу тарап 23-февраль күнү туулган күн өткөрүп жатышып, 2 кызды чакырганы маалым болгон. Ал жерден кыздар менен балдардын ортосунда конфликт жаралып, кыздар териштирүү үчүн башка балдарды чакырышкан. Эки тараптын айтышы мушташка чейин жетип, жыйынтыгында 2 бала бычактан жаракат алып, бирөө каза болду. Факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (ден соолукка оор зыян келтирүү) менен катталды. Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери жүргүзгөн иш-чаралардын натыйжасында 23 жаштагы Т.А. шектүү катары кармалып, 2 айга камакка алынды. Азыр кылмышка башка балдардын катыштыгы бар же жок экендиги такталууда. Камакка алынган бала буга чейин сот жообуна тартылганбы же жокпу, ал тергөөнүн сыры.
“ОКУЯДАН БИР ЖУМА МУРУН ДА ЭКИ ТАРАП МУШТАШКАН”
Кыргызстан эл аралык университетинин 1-курсунун студенти Адилет Тиленов бул мушташка катышкан. Ал "мушташка кыздар себеп болгон" дейт:
– Окуядан бир жумадай мурун “Ала-Тоо” аянтында биздин балдар менен тиги тараптын балдары мушташа кетишкен экен. Анткени ал тараптагы бир бала биздин бир баланы түртүп кетиптир. Эки тарап ызылдаша кетип, ал тарап бычак алып чыкканда биздикилер качып кетишиптир. Ал учурда тиги тараптан 5-6 бала, биз тараптан 4 бала бар болчу экен. Ал эми 23-февраль күнү биздин эгиз досторубуз Улан жана Нурландын туулган күнү болду. Майрамга туш келгендиктен, бул күнү отуруш уюштурууну алдын ала эле пландап жүргөнбүз. Балдар чогулуп, Чүй-Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинен батир ижарага алып, ошол жакта отурганбыз. 4 бала менин классташтарым болот, 3 бала бир классташыбыздын тааныштары. Арабыздагы Алмаз деген бала отурушка келе жатып 2 кызды чакырыптыр. Кыздар түнкү саат 22-23 чамасында үйгө келишти. Бир маалда ал кыздар “Балдар келди. Биздин силер менен отурганыбызды айтып койчу” деп Алмазды тышка алып чыгып кетишти. Анын артынан эки бала эшикке чыкты. Бир аз өткөн соң Алмаз “бизди сабап кетти” деп чуркап келди. Түшүнгөнүбүзгө караганда, “Эмнеге кыздарды чакырасыңар?” деп сабашкан окшойт. Биз ал балдардан өч алалы деп артынан борбордук аянтка чейин бардык. Башында сүйлөшүү жолу менен бүтүрөлү деп жатканбыз. Алардан биздин балдарды эмнеге сабашканын, кыздар аларга ким болорун билели дедик. Барсак, 10 чакты балдар жана бизге келген 2 кыз турушуптур. Кайдан-жайдан балдар чогулуп, 30 чакты болуп калышты. Биз тараптан 10дон ашык гана бала бар болчу.
Бир сакалчан бала менин жаныма келип бычак такап, “Балдарыңды алып кет. Болбосо жаман болуп каласыңар” деди. Ал баланын оозунан арак жыттанып турду. Ал тараптын балдары жакшы эле мас болчу. Биз аздан сыра ичип отурганбыз. Мен ичкен эмесмин. Тиги балага жооп айта электе эле алардын бир баласы биздин баланы чаап калды. Ары-бери карагыча бычак сайылыптыр. Ким сайганын, кандай сайганын эч кимибиз көрбөй калдык. Ошентип “бычак” деп ызы-чуу боло түшүп, биз ылдый качтык. Эски аянтка жеткенде классташым Жансерик жыгылып калды. Аны жанымдагы Адилет деген бала таксиге салып ооруканага алып кетти. Жансерикти таксиге салып кетирип жатканда да тиги тараптын балдары артыбыздан чуркап келип унаага таш ыргытышты. Талант деген жаракат алган баланы Жибек Жолуна чейин алып барып, балдарды чакырдым. Алар ооруканага алып кетишти. Талант азыр ооруканада, 3 жеринен бычактан жаракат алган. Бычак жеген балдар өздөрү да качан бычак сайылганын билбей калышыптыр. Минтип 1-класстан бери чогуу окуган классташыбыз Жансериктен айрылып калдык. Бир жума мурунку мушташта Жансерик жок болчу. Тиги тараптагы балдарды жана эки кызды мен тааныбайм. Биринчи жолу көрдүм. “ҮЙ-БҮЛӨСҮН ЖАНСЕРИК БАКЧУ”
Бул мушташтан каза болгон 18 жаштагы Жансерик Рыспаев бир үйдүн улуу баласы болгон. Атасы жоктугуна байланыштуу апасынын таянычы, үй-бүлөнү багуучу ушул бала болгондугун айтып сыздашат туугандары. Тун уулунан айрылган эне Айзада Касымбаева азыр уулу тууралуу айтып бере турган абалы жок экенин айтты. Эжеси Аида Касымбаева биз менен сүйлөшүп жатканда кошумчасын айтып турду. Маркумдун таежеси Аида Касымбаева буларды айтып берди:
– Жансерик шамдагай, элпек, ак көңүл бала эле. Атасы 3 жыл мурда ооруп каза болгон. Жээним былтыр 9-классты аяктап, Бишкектеги кайсы бир кесиптик окуу жайга тапшырган. Бирок апасына жардам берүү үчүн окуудан чыгып, иштеп жаткан. Апасы менен бир туугандарын "чогуу жашайбыз" деп Күрмөнтүдөн Бишкекке көчүрүп келген. Өзү иштеп үй-бүлөнү багып жаткан. Үйдөгү маселелерди ошол чеччү. Балким, биз укпаган жагдайлар бардыр. Бирок жээнимдин буга чейин балдар менен мушташканын уккан эмеспиз. Мектепте жакшы окуп, активист болчу. Буга чейин түндө кетип калып же кеч келген учурлары болбоптур. Муну апасы айтты. Эң кеч саат он жарымдарда келчү экен. Ал күнү карындашына футболдук турнирге барып, түштөн кийин келерин айткан экен. Кечки саат беш жарымдарда чалып, бир сааттан кийин үйдө болорун айтыптыр. Андан кийин телефонго жооп берген эмес. Кийин телефону өчүп калган. Окуя тууралуу 24-февраль күнү уктук. Биз укканда жээним каза болуп калган экен.
Окуя боюнча балдардан укканыбыз боюнча айтсак, ал түнү балдар ижарага алган үйдө отурушуп, эки кыз чакырышат. Ал кыздар “башка туулган күнгө барабыз” деп кетип калышат. Кайра башка эки кызды чакырышыптыр. Ал эки кыз үйгө кирип, шыр эле дааратканага кирип, телефондон “баягы балдар бул жакта отурушат, келбейсиңерби” деп жатканын бир баласы угуп калыптыр. Балдар сурашса, кыздардын бири “жигитимди чакырып жатам” дептир. 15-20 мүнөттөн кийин баягы кыз “Жигитим келип калды. Силер менен отурганымды айтсам түшүнбөй жатат. Тушүндүрүп койчу” деп Алмаз деген баланы ээрчитип сыртка чыгат. Анын артынан 2 бала чыгат. Анан тиги тараптагы 7-8 бала үйдөн чыккан 3 баланы сабап, кыздарды алып кетип калышыптыр. Ошентип мушташ болуп, жээним жаракат алып калат. Балдар башында Жансерикти Чыгыш-5теги №8 үй-бүлөлүк медициналык борборуна алып барышыптыр. Ошол жерден 2:40тарда “Тез жардам” чакырышып Республикалык ооруканага алып кетишкен экен. Бирок врачтар өмүрүн сактап калууга жетишпей калышыптыр. Ысык-Көл облусунун Түп районунун Күрмөнтү айылына жээнимдин сөөгүн алып барып, жерге берип келдик.
РИИБге арыз жазсак, ал жактагы кызматкерлер “Арыздын кереги жок. Факт боюнча иш ачылды” деп коюшкан. Бирок Бишкек шаардык прокуратурасына кайрылсак, РИИБ бизден арызды алышы керек экендигин айтышты. Кайра барып арыз жаздык. Биз азыр кармалган баланын моюнуна баарын илип коюшабы деп кооптонуп жатабыз. Ал бала азыр күнөөсүн моюнуна алып жатканын айтышты. Мушташ буга чейин эле болуп жатса, сабаган балдардын да, кыздардын да жоопко тартылышын талап кылабыз. Чырдын баарына ошол кыздар себеп болуп жатышпайбы. Бул кыздар бир жума мурун болгон мушташты да көрүшкөн экен. Алар азыр күбө катары өтүп жатышат. Кыздар тергөөчүгө “Бизди балдар чыгарбай коюшкан. Ошондуктан башка балдарды ортого салып үйдөн чыгып кеткенбиз. Экинчи тараптагы балдар биздин артыбыздан териштирүүгө келишти” дешиптир. Кыздардын берген көрсөтмөлөрүнүн негизинде азыр камакта жаткан шектүүнү кармашкан экен. Дагы бир баланы шектеп, бирок аны таппай жатышат. Кыздар эч жерде иштебейт, окубайт деп угуп жатабыз. Күнөөлүү тараптан биз материалдык да, моралдык да зыянды өндүрүүнү жана сот жообуна тартылуусун талап кылабыз. Иш акыйкат каралышы керек. Иштин аягына чейин чыкмайынча биздин жаныбыз жай албайт.
Перизат Музуратбекова
koom@super.kg