АЛМА-ӨРҮКТҮН МОЛ ТҮШҮМ БЕРГЕН СОРТТОРУ

Жемиш дарактарынын эң көп түшүм берүүчү сортторун тигип, мол пайда көрүүгө болот. Жер шартына жана климатына жараша кайсы аймакта кайсы жемиштин сорту жакшы өсөт? Бул суроого Бишкектеги Энвер Гареев атындагы ботаникалык бактын мөмө-жемиш лабораториясынын илимий кызматкери, агроном Нурлан Албанов жооп берет. "Биздин ботаникалык бак мөмө-жемиш дарактарынын сортторун чыгарып, өстүрүп жана аларды элге сатып, жайылтып да келет" дейт ал.

ГИЛАС

Гиластын кокон гилас, кызыл мөмөлүү, тянь-шань, сөөлдүү, магалеб гиласы жана башка сорттору бар. Кыргызстандагы негизги мекени – Кадамжай району. Анткени ал жакта Советтер Союзу учурунда түзүлгөн питомниктер калган. Эрте быша турганына май айында быша турган сорту, орто быша турганына дрогандын сары жана кызыл гиласы, кеч быша тургандарына ленинград кара сорту кирет.

Ленинград кара сорту Нарындан башка 6 облуста тең өсөт. Ысык-Көл облусунда Балыкчыдан тартып Ананьево айылына чейин өсүүгө жөндөмдүү. Андан ары суук болгондуктан өспөйт.

Чүй облусунда гиластын бардык сортун тигүүгө болот. Талас облусунун Кара-Буура жана Манас райондору жылуу болгондуктан өсүп кете алат. Суук болгондуктан Нарын облусунда, Токтогул жана Тогуз-Торо райондорунда өспөйт. Түштүк аймактардын климаты каалаган сортун тигүүгө жол берет.

Гиластын мөмөсүнүн чоң сортторуна кокон, дрогандын сары жана кызыл гиласы кирет. Майда бышуучу жана ленинград кара сортунун көлөмү орточо. Магалеб жана тянь-шань гиласынын мөмөлөрү кичине болот. Сөөлдүү гилас жапайы сортко киргендиктен мөмөлөрү эң эле майда. Булар Чаткал, Талас, Фергана, Алай тоо кыркаларында кездешет.

Айта кетчү нерсе, гиластын көчөтүн алып жатканда анын алчага же чиеге кыйыштырылганын тактап суроо кажет. Анткени алчага кыйыштырылган көчөт отургузгандан кийин 3-4 жылда эле мөмө берип баштайт. 1 түбү 100 килограммдын тегерегинде түшүм берет.

Чиеге кыйышытырылганы 9 жыл дегенде мөмөлөйт, бирок 1 түбү 130-150 килограммга чейин түшүм берет. Мунун тамыры абдан терең кеткендиктен кургакчылыкка көбүрөөк чыдамдуу.

КАРА ӨРҮК (КАЙНАЛЫ)

Кара өрүктөр негизинен 2ге бөлүнөт: кургатуу жана ашкана багытында.

Кургатып сатуу багытындагы сортторуна венгерка домашняя (Аксы жана Ала-Бука райондорунда кеңири таралган), тулпар, уркуя, стенлей, таттуу жана елена кирет.

Ашкана сорттору кыям, компот жасоого ыңгайлуу. Аларга юбилейный, солдатов, чуйская красавица, находка, памяти гареева (эң чоң мөмөлүү сорт) кирет.

Талас жана Чүй облусунда кыргыз, превосходный, стенлей, Чүйдө анастасия, елена, кыргыз, уркуя, жибек сорттору жакшы өсөт. Таластыктарга кургатып сатуу үчүн стенлей сорту сунушталат. Мөмөсү нагыз чоң сортторун питомниктерден алып кетип тигүүлөрү керек. Нарын облусу үчүн суукка чыдамдуу чуйская красавица сорту сунушталат. Мунун көчөттөрү ботаникалык бактын Нарындагы филиалында элге сатыла баштады.

ӨРҮК

Өрүктүн кургата турган сорттору кеч бышат жана аларга супхани (суукан, бышканда дарактын башында өзү кургайт), кандек, мирсанджели, исфарак сорту кирет. Булар Баткен облусунда кеңири жайылган. Ош, Жалал-Абад облустарында да жакшы түшүм берет. Ашкана сорттору болуп краснощёкий, советский, спитак кремовый (ак өрүк), эффект, королевский эсептелет.

Чүйдө үшүк алып кетип, өрүктүн түшүмү жылда эле жакшы болбой калат. Таласта бардык түрүн өстүрө берүүгө болот. Ысык-Көлдө өрүктөр кечирээк гүлдөп, мөмө байлагандыктан үшүккө көп учурабайт. Андыктан башка аймактарда өрүк түгөнүп калганда бышып, суроо-талапка ээ. Көлдө мыкты түшүм алуу үчүн королевский, краснощёкий, спитак кремовый, эффект, супхани сортторун көбөйтүү керек. Мөмөлөрү эң чоңдоруна королевский, краснощёкий, спитак кремовыйды кошууга болот.

АЛМУРУТ

Алмуруттун бардык сорттору Нарындан башка облустарда өсө берет. Сатыкта жакшы өтө турган сортторуна киев, деканка, краснокутская, талгарская красавица, вильямс, лесная красавица, виктория кирет.

АЛМА

Алманын сорттору жазгы, күзгү, кышкы болуп 3 түргө бөлүнөт. Жазгы сортторунан грушовка (таш алма), күлгүн ашкана сорту, слава победителям, ред мельба, айчүрөк, белый наливди (ак алма) тиксе болот. Булар Чүй облусунда жакшы өсөт, эрте бышкандыктан сатып киреше табууга болот. Бирок көпкө сакталбайт.

Күзгү сортторунан рашида, гареевдин күзгү алмасы, аламүдүн сортторун тигүү сунушталат.

Кышкы сортторунан делишес, старкримсон, превосходный, голден делишес (сары алма), бишкек, александр апорту, крым кышкы алмасы, пальмира, фаворит, мутсу, гренни смит, жонатан, симиренкону тиксе утулбайт.

Базарларда эң көп өтүмдүү сорту болуп старкримсон (өңү кара кочкул кызыл), превосходный, голден делишес, ред делишес (кызыл алма), мотсу (көк алма), симиренко, гренни смит саналат.

Түштүктө бардык сортторун тигүүгө болот. Таласта старкримсон, превосходный, голден делишес көп түшүм берет. Ысык-Көлдө александр апорту, алматы алмасы, шампан чачырандысы, курск алтын алмасы (мөмөсү чоң кызыл, узакка сакталат) жакшы өсөт жана базарларда абдан баалуу болот. Нарын облусуна гареевдин күзгү алмасы, салтанат (жайкы алма), голден делишести (кышкы алма) өстүрүүгө болот. Бул иш тажрыйбада сыналып көрүлгөн.

КӨЧӨТТӨРДҮ КАЙДАН АЛУУГА БОЛОТ?

Жемиш бактарынын жогоруда айтылган сортторунун көчөттөрүн Кадамжайдан, Бишкектеги Гареев атындагы ботаникалык бактан, Мадина базарынын жанындагы жана Байтик айылындагы жеке питомниктерден, Ысык-Атадагы питомниктен сатып алышса болот. Баалары 150-250 сомдун тегереги.

Алыс жактан алынып келинип сатылган көчөттөрдүн тамыры ташып жүрүүдө зыянга учурашы же үшүп калышы мүмкүн. Андайлар куурап калат. Андыктан питомникке барып жаңы каздырып алып кетсе, анын көктөп кетишине кепилдик бар.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Zaina
2019-03-13 05:34:18
Гренни Смитз алмасын ар бир штугун жарым доллардан алып жейм. Бир жумага алтоо жетет.
0
oshondoiraak
2019-03-15 00:09:02
Мен күндө жемиш жейм витаминдерим көөп билдиш
0
№ 853, 7-13-март, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан