"МУНАБИЯ" ТАСМАСЫ "НИКА" СЫЙЛЫГЫНА КӨРСӨТҮЛДҮ

Жазуучу Казат Акматовдун калеминен жаралган, режиссёр Таалайбек Кулмендеев экрандаштырган «Мунабия» тасмасы орусиялык абройлуу «Ника» киносыйлыгына талапкер болду. Аталган киносыйлыкты тапшыруу аземи 30-мартта өтөт. Бул тууралуу тасманын режиссёру Таалайбек Кулмендеев:
– Бир аз толкунданып жатам. Буга чейин да тасмам сыйлыктарга көрсөтүлүп, мыкты деген баа берилип келе жатат. Буга чейин “Ника” киносыйлыгына биздин өлкөдөн Актан Арым Кубаттын «Свет аке», «Кентавр», Темир Бирназаровдун «Кумар», Садык Шер-Нияздын «Курманжан датка», Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун «Атанын керээзи» тасмалары талапкер болушкан. Ал эми алгачкы жолу 2015-жылы Мирлан Абдыкалыков «Сүтак» тасмасы менен жеңишке жетишкен. Буюрса, биз дагы жеңишке жетишебиз деген тилек менен күтүп жатабыз,- деп билдирди.
Эске салсак, "Ника" киносыйлыгы 1988-жылдан бери тапшырылып келет.

 

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 853, 7-13-март, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан