ТОСКООЛДУК КОДЕКСИ. ДЕПУТАТТАРДЫН САНААСЫ ЭМНЕГЕ МӨҢГҮЛӨРДӨ?

“Кумтөрдүн” айланасындагы чыңалуунун градусу өскөн сайын эксперттик коомчулук тынчсызданууда. Парламенттик оппозициялык фракциялардын бири мурун алтын өндүрүүчү компанияларга Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнүн аймагында иштөөгө уруксат берген Суу кодексинин нормаларын карап чыгууну сунуштады.

Документке киргизилген түзөтүүлөр, эске салсак, Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынып, экс-президент Алмазбек Атамбаев тарабынан 2017-жылдын аягында кол коюлган. Маселе Суу кодексинин 62-беренесинде түбөлүк тоң аймакта өндүрүштүк аракетке тыюу салынганында жаткан. Бюджет түптөөчү стратегиялык ишкана токтоосуз иштешин камсыздоого Кыргызстан бийлиги канадалык компанияга артыкчылык катары “Кумтөргө” Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнүн аймагында алтын өндүрүүгө уруксат берген. Эми болсо чет өлкөлүк инвесторго өчү бардай “Мөңгүлөрдү жоготууга тыюу” мыйзам долбоорунун демилгечилери баарын ыдыратканы турат.

Эмне үчүн азыр “Кумтөр” картасын кайрадан “ойногулары” келип жаткандыктарын жана сунушталган түзөтүүлөрдү талкуулоо үчүн эксперттер тегерек столго жыйналышты?

КҮТҮҮ ЭМНЕ ҮЧҮН КОРКУНУЧТУУ?

“Ата Мекендеги” кесиптештери үчүн парламенттин депутаты, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү комитетинин жетекчисинин орун басары
Рада Түмөнбаева жооп бергени келди. Парламенттик фракциянын депутаттарынын демилгесин Рада Мураталиевна толугу менен колдойт.

– Экономикалык жактан пайда алып келе тургандыгына карабастан мен бул мөңгүлөрдүн колдонулушуна каршымын. Биз кенди иштетүүнүн экологиялык таза ыкмаларын колдонууга чейин кайсы бир убакытка дейре күтө турсак болмок. Биздин негизги байлык – суу ресурстары. Мөңгүлөр болсо бизге иче турган таза суу берет,- деп түшүндүрдү депутат.

Позиция, албетте, түшүнүктүү. Болгону урматтуу депутат аны кандайча элестетери белгисиз.

“Кумтөр” сындуу чоң ишкананы кыска аралыкка токтотуп туруп, кайра ишке киргизүү оңой эмес. Талаштуу мөңгү адамдар жана техникалар иштеп жаткан борбордук карьердин капталынан жылмышып келе жатат. Алардын коопсуздугу үчүн компания муздарды (мөңгүнүн) Лысый мөңгүсүнүн аймагына көчүрөт. Эгер жумушту токтотсо муз массалары карьерди толтуруп, Кыргыз экономикасынын флагманын көмүп салат. Республиканын бюджетине түшчү салык жана башка төлөмдөрдү кошо “көмөт”. “Кумтөр Голд Компаниясынын” саламаттыкты, эмгекти жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча менеджери Эрик Кожомкулов алтын кенин реабилитациялоо үчүн жүздөгөн миллион доллар керек экендигин айтууда. Аргасыз токтотуудан кийин бийик тоодогу алтын кенин кайра жандандыруу рентабелдүү (пайдалуу) болбойт.

– Ишкананы жабууну талкуулагандан мурда “Кумтөр” тарабынан камсыздалган өнөр жай өндүрүшүнүн 20 пайыздай көлөмүн кантип толтурууну ойлонолу. Социалдык блокту кантип жабабыз жана туруктуу кирешеден айрыла турган 3,5 миң кызматкер жана алардын үй-бүлөсүнө эмне дейбиз?- дейт адис.

Бул суроолорго депутаттардын ынанымдуу жообу жок. Мүмкүн, мыйзам долбоорунун демилгечилери жооп бере алат? Сунушталган демилге боюнча ачык талкуу жүргүзүүнү алар керектүү деп табышпады. Эксперттин оюн угууну каалашпады. А эксперттердин айта турганы бар.

ПАРЛАМЕНТ “ТОЛКУЙТ”

Тегерек столго чакырылган мамлекеттик башкаруунун эксперти Шерадил Бактыгулов көбүртүп айтпаганда деле өлкөнүн тагдыры көз каранды болгон маселеге, депутаттардын мамилесине таң калды. Коомдук угууларда эмне дешет? Авторлор жадакалса экологиялык экспертиза жана аракетке анализ жүргүзүп койгон жок. Республикалык масштабда маанилүү чечим кабыл алынууда, ал эми “эң керектүүлөргө” кол шилтеп коюшту.

– Бирөөлөр эле тура калып, өзгөртүү киргизип жатышат. Бирок тажрыйба көрсөткөндөй, мындай өзгөрүүлөр толкун сымал кетет. 2020-жылы парламенттик шайлоо өтөт. Ички саясий күрөш эми эле башталды,- деп белгилейт Бактыгулов.

Кесиптешинин оюн Марс Сариев улантты. Саясат талдоочу катуу пикир айтат: "Тилекке каршы, биздин саясатчылар маселени өз максатына колдонушат. “Ата Мекендин” аракети түшүнүктүү. Парламенттик шайлоо жакындап келатат. Кандайдыр бир талылуу жерди табуу керек. Бул түзөтүү өтпөйт, анткени “Кумтөр” бюджетке киреше алып келүүчү ишкана. Ишкананы токтотуу соттошуулар менен коштолот. Биздин өкмөт ансыз деле “сазда”. Депутаттардын демилгеси азыркы бийликтегилерге катуу сокку болот.

Ушундай арсар жол менен деле бир нече адам максатына жетип, рейтинг жана электорат табат, Кыргызстандын рейтинги дүйнөдө дагы түшөт. Бүгүн министрлер кабинетин чакырып жаткан инвесторлор өлкөгө кызыкчылыгын биротоло жоготот".

Республика менен иш баштап алган компаниялар он кадам алдыга эсептеп алуу аракетинде. Эч кимиси “Кумтөрдүн” катаал тагдырын кайталагысы келбейт. Өткөн жылы Жер-Үй дарыясынын бассейниндеги 9 мөңгү изилденген. Советтик каталог менен азыркы муз катмарлардын абалын салыштырып адистер бүгүнкү күнү муз катмарларынын 40тан 60 пайызга чейинки аянты жок болгон деп жыйынтыкташты. 9 мөңгүнүн экөөсү жер жүзүнөн таптакыр жок болуп кеткен. “Жер-Үй” алтын кенин иштетүү башталгыча эле жок болгон. Кайгылуу тенденцияны климатологдор да тастыкташууда. Жогорку Кеңеште 1 мөңгү боюнча согуш жүрүп жаткан кезде Кыргызстанда жана дүйнөнүн башка жактарында глобалдык жылуулануунун айынан ичүүчү суунун табигый запастары азаюуда. Аларды кантип сактап калууну адамзат азырынча билбейт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Chagylgan2
2019-03-13 18:13:13
Ошондо эмне, Кумтордун арыгын чаап баштадынарбы ыя?!! Канадалыктар 20-25 жылдан бери эле Кумторду тоноп келет, ошону олкого болгон салымы деп тушунуп жатасынарбы ыя?!!

Качанга чейин элди акмак ойлойсунар?!! Кумтордун айланасындагы монгулор талкаланып жок болуп, миллиардлаган тонна уулуу калдык топтооуп жатканын эмнеге айтпайсынар?!! Эртен Канадалыктар кетет алтын тугонсо, алтындын ордуна, монгулордун ордуна кооп уу калат.
+1
Chagylgan2
2019-03-13 18:16:44
Бир монгуну башка жакка жылдырабыз деп доорушот. Ошол жылдырганда ошол монгулор эрибей эмне болот?!!

Эмне, силердин оюнарда эл акмакпы?!!

Ушунча жыл канадалыктар менен бмйликтегилердин жен ичинен уурдаган алтындарын эсептебегенде да, Кумтор ишке киргенден тарта Кыргызстан Кумтордон канча пайда корду да, канадалыктар канча пайда корду, эсептеп бергилечи?!! Кыргызстан бир кесе алтын алса, канадалык инвестор атыккан уурулар бир чака алтын алышты салыштыра келсе...
+1
Chagylgan2
2019-03-13 18:19:55
Негизи монгулорду жок кылууга макул болуп добуш берген депутаттардын баары эл душманы...

Анан бул жерде Центерранын жугундусун жеп алып элге "акыл" уйроткон сасыткыларга да Кудай бардыр же алар олбос болуптурбу?!!

Элге кылган бул кыянаттыгынар жерде калбас, жазасын аласынар, бул дуйнодо болбосо акыретте! Ылайым тукумунар курут болсо экен, оз элине чыккынчылык кылган сасыткылар!!!
+1
№ 853, 7-13-март, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан