БЫРЫШТАРДАН АРЫЛГЫҢЫЗ КЕЛЕБИ?

Бул колдогу иш

Бырыш – күлкүнүн, стресстин, жинденүүнүн жана күндүн зыяндуу нурунун сизге калтырган “белеги”. Анын үстүнө убакыттын өтүшү менен адам картая баштайт. Демек, бетти бырыш аралайт. Мындан кутулуунун жана жаш көрүнүүнүн жолдору барбы? Буга жооп издеп, Бишкектеги “Фа эстетик” косметикалык салонунун жетекчиси Фатима Керимбаевага кайрылдык.

БЫРЫШ ЭМНЕДЕН ТҮШӨТ?
– Фатима айым, айтсаңыз, алгачкы бырыштар канча жашта түшө баштайт?
– Убакыт өзүнүн өтүшүн бетке, денеге бырыш түшүрүү менен белгилейт. Алгачкы бырыштар, албетте, бетке түшөт. Көбүнчө көздүн тегерегине, мурундун, ооздун айланасына.
25 жаштан тартып тери өзүнүн серпилгичтигин жогото баштайт. Анын үстүнө ысык-сууктун, шамалдын таасиринен, жакшы кам көрбөгөндөн да бетке бырыш түшө баштайт. Бетке кам көрүү ушундан тартып биринчи орунга чыгат.
Мындан тышкары стресстер, бети-башты тырыштырып сүйлөө, мурунду чүйрүү, тамеки тартуу, ичкилик, күндүн зыяндуу нурлары да бырыштын түшүшүн шарттайт. Жаштар деле бетин күтө билбесе, мисалы, атайын гелдер менен жууп-тазалап, маскаларды, кремдерди колдонбосо, анда беттин териси бузулуп, бырыш эрте түшөт.
– Бырыш түштү дейли. Эми андан кутулуунун кандай жолдору бар?
– Бир топ ыкмалары бар. Мисалы: массаж менен бырышты жазуу, мезотерапия, пластикалык операция, ботоксту жана бырыштарды толтуруучу гелдерди колдонуу жана башкалар. Буларга өз-өзүнчө токтололу.

МАССАЖ МЕНЕН БЫРЫШТЫ ЖАЗУУ
– Бырыш кол менен да, атайын аппараттын жардамы менен да жазылат. Бирок кол менен массаж жасоо артыкчылык кылат. Анткени аппарат менен бир аз эле туура эмес жасалып калса, анда бет булчуңдары бузулат. Демек, беттин табигый келбети өзгөрүп калат. Анан дагы аппарат менен массаж кылуу богок, аллергиясы барларга болбойт.
Келген кардардын бетин алгач атайын гель менен тазалагандан соң беттин кургак же майлуу экендигин аныктап алабыз. Анан бетке керектүү маска коюлат. Масканын бетти тартуучу, агартуучу, азыктандыруучу сыяктуу түрлөрү бар. Эми массаж жасалат. Мунун баарына 1,5 саат убакыт кетет. Кээде кол массаждын таасири күчтүүрөөк болсун деп аппарат да колдонобуз. Баасы масканын түрүнө жараша, тагыраак айтканда, 500 сомдон ашык.

МЕЗОТЕРАПИЯ
– Бул ыкма жашартуучу, коррекциялоочу ңдоочу), бырышты жазуучу болуп саналат. Шприц, дары жана массаж керектелет. Кээ бирөөлөр атайын дарыны шприцке сордуруп алып, анан беттин терисине сайса, айрымдар атайын тапанчаны колдонушат. Тапанчаны колдонгондо дары үнөмдүү боло бербеген жагы бар.
Алгач беттин түзүлүшүнө жараша «коктейль» колдонулат. «Коктейль» – дары заттардын топтому. Аны сайгандан кийин массаж жасалат. Жалпы баасы 3,5 миң сомдон өйдө.
Мезотерапия менен бүт денени коррекциялоого (жамбашты, санды, булчуңду чымыр жана сулуу көрсөтүү) жана целлюлиттен арылууга болот. Бирок мунун баасы 4 миң сомдон өйдө.
Бул ыкма алгач 1 курс жасалат. Анан анын таасирин сактап туруу үчүн убак-убагы менен келсе болот.
Мезотерапияда денедеги шлак чыгат, кан жана зат алмашуу жакшырат. Андыктан беттин өңү жакшырып, тери жылмакай болуп, нурданат. Адам жаш көрүнүп калат.

БЫРЫШТЫН ОРДУН ТОЛТУРУУЧУ ГЕЛДЕР
– Мындай гелдер бырыштын алдына шприц аркылуу сайылат. Натыйжада, бырыштын орду толот да, бырыш билинбей калат. Бирок бул ыкма адамды жашартпайт, бырыштын ордун гана толтурат. Баасы 300 доллардан жогору.

ПЛАСТИКАЛЫК ОПЕРАЦИЯ

  • Көздүн тегерегиндеги бырыштарды кетирүү үчүн көздүн сурмасындагы жана көздүн алдындагы ашыкча тери (чоюлуп, шалбырап калган) кесилип салынат. Бырыштар жоголгондон тышкары көз чоң көрүнүп калат.
  • Бетти жалпы тартууда деле беттеги жана моюндагы ашыкча терилер кесилип салынат да, бет тартылып, адам жаш көрүнөт.

Көздүн үстүнө операция 1,5-2 саатка созулуп, акысы 250 доллар. Ал эми көздүн алдына операция 3 саатка дейре созулат, баасы 300 долларды түзөт. Бетти жалпы тартуу 500 доллардын тегерегинде.
Айта кетчү нерсе, жаш өткөн сайын адамдын көзүнүн алдында грыжа пайда болот да, тери чоюлат. Операцияда ошол грыжа да алынып салынат. Операция жасалган соң үйгө кете берүүгө болот. Көздүн алдынын шишимик тартып турушу компьютердин маңдайында дамамат отуруудан да болот. Анткени компьютерден чыккан нур бетти кургатып, грыжанын жана бырыштын түшүшүн шарттайт. Андыктан компьютерге да убакыт-сааты менен отуруп, бетке нымдандыруучу
крем жабуу зарыл.

БОТОКС
– Ботокс – мимикалык бул­чуңдарга сайылуучу А ти­бин­деги ботулин затынын уусу. Ботокс булчуңдардын нервин өлтүрүп, кыймылдатпай коёт. Булчуң кыймылдабагандыктан, бет тери ордунда калып, күлгөндө да, ыйлаганда да бырыштар билинбейт. Бирок адам сүйлөгөндө өзүнө оозу кыймылдабагандай сезилет. Күчү 5 айга жетет. Бырыштуу жерлерге: чекеге, эки каштын ортосуна түшкөн тик бырышка, ооз-мурундун четине сайылат. Акысы 300 доллардын тегерегинде.
– Бул ыкмалардын бирин колдонгон айым кийин бетин кандайча күтсө болот?
– Күндө бетке кандай кам көрүлсө, ошондой эле кам көрүлөт. Эртең менен бетке нымдандыруучу бет майды сүйкөгөн кийин күндөн сактоочу бет майды (кааласа упа да) жаап, анан көчөгө чыгуу керек. Жай мезгилинде бет карайып кетпеши үчүн бир күндө күндөн сактоочу бет майды 2-3 маал колдонуу кажет. Анткени алардын күчү ашып кетсе 4-5 саатка жетет. Кечинде жатарда гель же скраб менен жууп, маска коюп, анан азыктандыруучу бет майды сыйпап жатуу шарт.

КОШУМЧА КЕҢЕШТЕР

  • 18-20 жаштан тартып аптасына 1-2 жолу пилинг-скрабды колдонсо, беттин түлөгөнү жана безеткилер, кирлер кетип, бет жакшырат.
  • Жууган соң бетти анча кургатпай туруп крем сүйкөсө, жакшы сиңет.
  • Көздүн алдында май бездери болбойт. Андыктан бат кургап, бырыш түшүү коркунучу бар. Андан сапаттуу крем гана сактай алат.
  • Тоналдык крем, упалардын күчү күндөн сактоочу кремге жетпейт. Бети кургактар крем, анын үстүнө күндөн сактоочу крем койгон соң упа колдонбой коюшса деле болот. Упа кургак беттерди ого бетер кургатып жиберет.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 402, 16-22-июль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан